Мындан 12 жыл мурдагы ыңкылапты эскерүү иш-чаралары шаардагы борбордук аянтта эмес, эс алуу жайларында белгиленүүдө. Эртең менен борбордук аянтка барган кээ бир адамдарды милиция эс алуу жайдагы иш-чараларга жөнөтүп жатты.
Март революциясынын катышуучусу Арстан Жээнбеков эскерүүлөр жыл сайын революция орун алган аянтта өтөрүн, быйыл ал жакка уруксат берилбегенин айтып сындады.
Жалал-Абад шаарында, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунда 2005-жылдагы революцияны эскерүү иш-чараларында сый тамак көрсөтүү менен коштолду. Түштон кийин спорттук иш-чаралар башталат. (RsK)