Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:40

Хоккей менен Беларус бийлигин жазаласа болобу?


Александр Лукашенко
Александр Лукашенко

Евробиримдик Беларуска каршы санкцияларды күчөтүп жаткан кезде даңазалуу хоккеист адам укуктары одоно бузулуп жаткан режимди жазалоонун башка бир жолун сунуш кылды.

Петер Штястный Беларусту 2014-жылкы дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажыратуу Лукашенко өкмөтү үчүн чоң сокку болоор эле деген оюн ортого салат.

Адам укуктарын одоно бузуп жаткан Беларустун бийлигине каршы буга чейин бир катар санкциялар киргизилгени менен Европанын акыркы диктатору атыккан Александр Лукашенко өз дарегине айтылган сынды четке кагып келатат.

Бирок өлкө 2014-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажырап калышы мүмкүн деген кептер аны өзгөчө кыжырдантты өңдөнөт. Ал мындай саясий кадамдын спортко эч кандай тиешеси жок чечим кабыл алына турган болсо, Хоккей боюнча эл аралык федерациянын аброюна чоң доо кетет деп эскертти.

Себеби президент хоккейдин көп жылдардан берки ашынган ышкыбозу катары белгилүү.

“Азаттыктын” Брюсселдеги кабарчысы Рикард Йозвак менен маегинде Европа парламентинин депутаты, словакиялык мурдагы хоккеист Петер Штястный Беларус режимине кысым көрсөтүү иретинде дүйнө биринчилигин башка өлкөгө которуш керек деген көз карашын ортого салды:

- Лукашенко хоккейдин берилген ышкыбозу экенин, мелдештерди калтырбай көрөөрүн блием. Жумасына 2-3 жолу хоккей ойнойт. Кимдир бирөөнүн жакшы көргөн хоббисинен ажыратып койсоңор оң жылыштар болушу мүмкүн деп ойлойм. Беларус бийлигине саясий туткундарды дароо бошоткула деген шарт коюу зарыл.

Экс-хоккеист Хелсинкиде май айында өтө турган жылдык конгрессте 2014-жылкы дүйнө чемпионатын Беларустан бөлөк жерде өткөрүү демилгесин көтөрүү идеясынын сүрөөнчүлөрүнүн бири.

Петер Штястный
Петер Штястный
Петер Штястный 1980-жылы ал кездеги Чехословакиядан Канадага качып кетип, Улуттук Хоккей Лигасы – НХЛде ойногон Чыгыш блогунун алгачкы өкүлү болуп калган. Күйөрмандар “Улуу Петер” деп аташкан Штястный 15 ийгиликтүү сезон өткөрүп, анын ысымы Хоккейдин Даңк залында алтын тамга менен жазылып турат.

Ал хоккей Беларус президенти үчүн үгүт куралга айланып кетиши мүмкүн деп чочулайт:

- Мындай маанилүү мелдешти уюштуруу чоң аброй, артыкчылык алып келет. Чемпионатты өткөрүү укугу адатта кайсы бир жетишкендиктер үчүн алкыш катары ыйгарылат. Беларус жана Беларус режимине ыраазычылык билдирүүгө жүйө барбы? Ушул суроо азыр мени түйшөлтүп турган кез.

Хелсинкидеги конгресске улуттук хоккей федерацияларынын башчылары, бардыгы болуп 70тей делегат чогулат. Штястный жыйындын күн тартибине беларус маселесин киргиздирүүгө аракеттенүүдө. Андай болсо, делегаттардын көбү сунушту колдошот деп ишенет евродепутат.

Буга чейин АКШ Конгресси дүйнө чемпионатын башка өлкөдө өткөрүүгө үндөгөн резолюцияны кабыл алган. Ушундай эле тексттин үстүнөн азыр Европа парламенти иштеп жатат. Бирок Брюссел Беларусту турнирди өткөрүү укугунан ажыратуу чакырыктарын азырынча колдой элек. Өткөн жуманын этегинде шаркеттин тышкы иштер министрлери кабыл алган билдирүүдө: "Европа биримдиги Хоккей боюнча эл аралык федерацияны Беларуста адам укуктары бузулуп жатканына камтама экенин кабарлап турат” деп айтылат.

Биримдиктин расмий адамдары чемпионатты өткөрдүрбөй коюу жалпы беларус элине чоң сокку болоорун, спорт менен саясатты аралаштырбоо керектигин белгилешет.

Экс-хоккеист мындай жүйөнү түшүнөөрүн айтат. Бирок анын көз карашында спорттук мелдештерди бойкоттоо буга чейин өз жемишин берип келген жана Беларустагыдай чектен чыккан учурларда андай чараны колдонсо болот.

XS
SM
MD
LG