Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Кыргызстан ЕАЭСке жыл соңуна чейин кирүүгө даярданууда


Кыргыз президенти менен Беларус президенти Александр Лукашенко менен кол алышууда.
Кыргыз президенти менен Беларус президенти Александр Лукашенко менен кол алышууда.

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев бул тууралуу жума күнү, Минcкиде өткөн саммитте билдирди.

Беларус борборундагы жогорку жыйында Армениянын Евразия экономикалык союзуна кошулуусун караган келишимге кол коюлду.

Ал эми Кыргызстан үчүн өлкөнүн Евразия экономикалык союзуна кирүүсү боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) тууралуу билдирүү кабыл алынды.

Ушул аптада кыргыз өкмөтү да бекиткен ал иш-чаралар планы ЕАЭСке мүчө өлкөлөр менен интеграцияланууга даярдык көрүүдөгү экинчи баскыч болот.

Мунун алдында Бажы биримдигине кирүү боюнча "жол картасы" май айында кабыл алынган.

Президент Алмазбек Атамбаев Минскидеги саммитте сүйлөгөн учурунда, Кыргызстан Евразия экономикалык союзуна жыл аягына чейин кошулууга даярданып жатканын белгилеп, буларга токтолду:

- Кыргызстандын интеграциялык жараяндарга активдүү катышуусунун ички жана тышкы сынчылары талкууну эмоционалдык алкакка бурууда. Атайынбы же жокпу экономикалык жүйөлөр экинчи планга түшүрүлүүдө жана сөз негизинен суверенитетти жоготуу жөнүндө жүрүп жатат. Анткен менен бул чындыкка дал келбейт. Бирок эгер өлкө маанилүү чөйрөлөрдө экономикалык саясатты улуттуктан өйдө турган орган – Евразия экономикалык комиссиясына берүү менен, ошол эле учурда бул чөйрөлөрдө чечим кабыл алууда тең добушка ээ болбосо алар (сынчылар) коомдо салмактуу колдоо табат. Андыктан, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык шериктештигинин негиздөөчүсү катары макамын эске алуу менен Евразия Экономикалык союзу жөнүндөгү келишимдин толук укуктуу катышуу жөнүндөгү негизги принциптерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык союзунун башкаруу органдарындагы өкүлчүлүгү келишимге кол койгон өлкөлөрдүкүндөй эле көлөмдө болот деп үмүттөнөм.

Атамбаевдин Минскидеги саммитке катышуусу - ал мамлекет башчылыкка келгенден бери Беларус борборуна алгачкы ирет барышы.

Минск мурдагы президент Курманбек Бакиевди экстрадициялоодон баш тартуусунан улам ал буга чейин Беларус борборундагы көп тараптуу жыйындарга катышкан эмес.

Атамбаевдин сапарына тушташ Минскидеги кыргыз элчилигинде Апрель окуяларына арналган сүрөт көргөзмө уюштурулду. Бул Кыргызстандын беларус бийликтерине өз позициясын көрсөтүүсү болду окшойт.

XS
SM
MD
LG