Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

БЕЛАРУС: ШАЙЛОО ДА БОЛДУ, АНЫН ЭРТЕСИ ДА БОЛДУ...


Эдил Сапарбек уулу, Прага Кечээ (28-сентябрда) Беларуста өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына караганда, оппозицияга парламентте бир да орун тийбей калды. Парламенттин төмөнкү үйү - Өкүлдөр палатасындагы 110 орун үчүн 260тан ашык киши, анын ичинде оппозициядан 70тен ашуун талапкер ат салышкан эле. Бирок оппозиция добуш берүү акыйкат болоорунан күмөнү бар экенин мурдатан эле байма-бай айтып келген. Президент Александр Лукашенка болсо шайлоо адилет өтөт деп убада берген. Бүгүн түштөн кийин (Бишкек убактысы боюнча кечки саат алтыдан кийин) ЕККУ Беларустагы парламенттик шайлоонун жүрүшү жана алгачкы жыйынтыгы тууралуу өз тыянагын чыгаруусу күтүлүүдө.

Беларус БШКсы жарыялаган алдын-ала маалыматка караганда, жекшембиде (28-сентябрда) өткөрүлгөн парламенттик шайлоого катышкандардын саны жалпы шайлоочулардын санынын 75 пайызынан жогору болду.

Бүгүн (дүйшөмбү күнү) эртең менен Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Лидзия Ермошина парламенттик шайлоодо бир да оппозиция өкүлү парламентке өткөн жок деп билдирди:

- Мен эч нерсе деп айта албайм. Мен шайлоонун жыйынтыгындагы сандар жөнүндө гана комментарий айта алам. Ал эми эмне үчүн оппозициячыл талапкерлер жеңе алган жок деген суроого келсек, сыягы, шайлоочулар аларды колдобосо керек. Эгерде шайлоодогу добуштардын саны бири-бирине жакын болсо, мен түшүнөөр элем, анда кимдир-бирөө муну талашуусу мүмкүн. Бирок оппозициячыл талапкерлер алган добуштардын санын жеңгендердикине салыштырып карап көрсөңүз, анда аларды бири-бирине салыштырыш да мүмкүн эмес.

Анын оюнча, шайлоодо жеңгендер менен оппозиция өкүлдөрүнүн ортосундагы ажырым асман менен жердей.
Шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо көнүмүш адат болгон пост-советтик Беларус үчүн бул шайлоонун жыйынтыктары таң калтырчудай деле иш эмес.

Бирок расмий Москва менен газ баасы тууралуу бир пикирге келише албай жаткан жана Батыш өлкөлөрүнөн обочодо калып келген Беларус президенти Александр Лукашенка Батыш менен жакындоого ниет кылып, бул жолку парламенттик шайлоо адилет өтөөрүнө убада кылган.

Ал эми Европа Биримдиги, эгерде Чыгыш Европадагы авторитардык режим сакталган бул өлкөдө таза шайлоо өткөрүлсө, анда өзүнүн Беларуска болгон экономикалык айрым чектөөлөрүн жеңилдетиши мүмкүндүгүнө ишаара кылган.

Ушундан улам президент А. Лукашенка бул жолку шайлоолордо чыныгы саясий атаандаштык орун алаары тууралуу сырткы дүйнөнү алдын-ала ишендирүүгө умтулган болчу.

Жекшембидеги шайлоого Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунан 500дөй байкоочу, бир катар КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары көз салды, бирок алар шайлоо күнүнө чейин алдын-ала берилген добуштарды көзөмөлдөй алган жок.

Беларус оппозициясы шайлоо өткөрүлгөн күнү эле ордо шаар Минскиде нааразылык чарасын өткөрүштү. 800дөй оппозиция өкүлдөрү Минск шаарында нааразылык жүрүш жасап, бул добуш берүүнү “маскара иш” катары айыпташты.

Ал эми белгилүү оппозициячыл лидерлердин бири Александр Казулин Батыш азыркы Беларус бийлиги менен баарлашуусун улантып, аны коомду чындап демократиялаштыруу үчүн чыныгы кадамдарды жасоого үндөшү керек деп билдирди. Казулиндин кызы Волга (Volha) да өз талапкердигин коюп, болгону 8,6 пайыз добуш ала алган.

XS
SM
MD
LG