Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:30

АКШ кайра Беларуска санкция жарыялайт


Александр Лукашенко Беларуска "өзү сот, өзү хан". Азил сүрөт.
Александр Лукашенко Беларуска "өзү сот, өзү хан". Азил сүрөт.

АКШ өкмөтү Беларуска каршы санкция киргизгени жатат. Мамдепартаменттин билдиришинче, катаал чара Беларуста былтыр 19-декабрда болгон талаштуу президенттик шайлоого каршы чыккан оппозициянын митингин айоосуз басканга байланыштуу киргизилмекчи.

Санкция АКШлык компанияларга жана жеке ишкерлерге Беларустун мамлекеттик мунай компаниясы жана “Белнефтхим” корпорациясы менен иштешүүгө тыйуу салат. Бул жөнүндө Мамкатчынын орун басары Филипп Гордон 27-январда Сенаттын тышкы байланыштар комитетинде билдирди.

Аталган эки ишкана Беларус экономикасындагы эң маанилүү
оюнчулар
.
А. Лукашенко президент катары ант берүү аземинен кийин. 21-январь, 2011
Европа Биримдиги да адам укуктарын орой бузууларга жооп кылып, Беларуска каршы санкция жарыялаганы жатат.

Вашингтон алгач Беларуска каршы санкцияны Александр Лукашенко 2006-жылкы шайлоодо жеңип, үчүнчү мөөнөткө бийликте калгандан кийин колдонгон. Тактап айтканда, 2007-жылы “Лакокраска” жана “Полоцк Стекловолокно” компанияларынын АКШ банктарындагы депозиттери камакка алынып, кийинки жылы бошотулган.

2006-жылы да Лукашенконун өкмөтү оппозициянын тарапкерлерин куугунтуктап, көрүнүктүү өкүлдөрүн абакка салган. Батыштык байкоочулар шайлоого одоно мыйзам бузуулар менен өттү деп баа берген.

Филипп Гордондун сөзүнө караганда, Вашингтон удаа эле Беларустагы “демократиячыл саясатчыларды жана репрессиянын курмандыктарын” колдоого 3 миллион долларга жакын акчалай жардам бөлөт.

Полиция Лукашенконун кайра шайлануусуна каршы демонстрациянын катышуучуларын камакка алууда. Минск. 21-январь 2011
“Өткөн жылы Кошмо Штаттар жарандык коомду, маалымат жана саясый атаандаштыкты колдоого, Беларус жарандары менен тышкы дүйнөнүн карым-катнашына мүмкүнчүлүк түзгөнгө 11 миллион доллар жумшаган. Беларуста жакында болгон окуяларга жооп ирети мындай көмөктү быйыл 30 процентке көбөйтөбүз”,-деди Мамкатчынын орун басары.

2010-жылдын 19-декабрындагы шайлоо Лукашенкого жыйырма жыл бою бийликте болуусуна жол ачты. Ал 1994-жылдан бери Беларустун “ээрден түшпөс ханы”.

Былтыр декабрдагы шайлоо күнү Минскиде болгон оппозициячыл митингдин 600дөн ашуун катышуучусу, анын ичинде президенттикке талапкер 9 саясатчы камакка алынган.

Жаңы санкция Беларустун ырасмий адамдарынын АКШга каттоосун чектейт.

Президент Лукашенко жана уулу Николай. 21-январь, 2011
Сенаттагы талкууда демократия, адам укуктары жана эмгек маселеси боюнча жардамчысы Томас Мелия да сүйлөп, Беларус чиновниктери менен болгон кездешүүсүндө алган таасирлери жөнүндө мындай деди:

- Мен 25-январда - 48 сааттай мурда - Минскиден кайтып келдим. Мен Мамкатчы Клинтондун тапшырмасы боюнча эл аралык коомчулукта өсүп бараткан нааразылыктар тууралуу олуттуу эскерткен кат жеткирдим жана күтүлгөндөй ачык алдым. Мен Тышкы иштер министрлигинде жүзмө-жүз өткөргөн сүйлөшүүлөрдө, эл аралык коомчулук менен ымаласын оңдоо үмүтү текке кеткенин түшүнүп, жүзү кубарган чиновниктерди көрдүм.

Европа Биримдиги да 31-январдагы жыйында Минскиге каршы санкция колдонуу маселесин колго салат. АКШ Мамкатчысынын орун басары Филипп Гордондун сөзүнчө, АКШ жетекчилиги Беларуска каршы санкцияны Евробиримдик менен макулдашып колдонот.

Александр Лукашенко 27-январда Беларус парламентиндеги сөзүндө эч кандай санкциядан коркпосун билдирди. Европарламенттин мүчөлөрүнө кайрылып, аны уюмга мүчө 27 өлкөгө киргизбей коркута албасын айтып: “мага виза беришпей койгонуна он жыл болду. Мен ага карабай тирүү, аман-эсен жүрөм”,-деди президент Лукашенко.

XS
SM
MD
LG