Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Бельгия: жанкечтинин Түркиядагы изи


Брюсселдеги Завентем аэропортунда өзүн өзү жардырган жанкечти өткөн ноябрда Париждеги теракттарга да катышкан деп шектелген адам болуп чыкты. Мындай жыйынтыкка тергөөчүлөр генетикалык экспертизанын негизинде келишти.

Түркиянын президенти болсо өткөн жайда ошол шектүүлөрдүн бири Сирия менен чек арага жакын жердеги Газиантеп шаарында кармалып, Голландиянын өтүнүчү боюнча экстрадицияланган деп билдирди.

Бельгиялык жана франциялык расмий адамдардын маалыматтарына караганда, Нажим Лаашрауинин ДНКсы Завентем аба майданында жардыруудан кийин табылган дененин фрагменттери менен салыштырылган. Полиция аны өткөн жумадан бери издеп жаткан. 18-мартта Париж кол салууларын даярдагандардын бири деп шектелген Салах Абдеслам Брюсселдин Мөленбек районунда кармалганда, Лаашрауинин издери ошол батирде табылган.

24 жаштагы теги марроколук Лаашрауи болжол менен Париждеги жанкечтилер үчүн дүрмөттөлгөн чепкендерди жасаган. Анын ДНКсы ошол чепкендердин баарында бар болуп чыккан.

Дал ушундан улам тергөөчүлөр европалык эки борбордо тең террордук чабуулдарды бир эле топ уюштурган деп айтууга негиз бар дешет.

Бельгиянын федералдык прокурору Фредерик ван Леув аэропорттогу жанкечтилердин бири Ибрахим Эл Бакрауи компьютеринде акыркы катын калтырганын айтты.

Анын бир тууганы Халид Брюсселдин борборундагы "Малбек" станциясында өзүн жардырып жиберген:

- Метродогу жанкечтинин тек-жайы бармак издеринин негизинде аныкталды. Ал – Ибрахимдин бир тууганы, Бельгия жараны, 1989-жылы 12-январында Брюсселде туулган Халид Эл Бакрауи. Буга чейин маркум ага-ини террорчулукка байланышы жок бир катар кылмыштарга аралашкан.

Коопсуздук күчтөрү ушу тапта аэропорттун видео камералары тартып алган дагы бир шектүү кишини издеп жатат. Видеодон алынган сүрөттөрдө анын Эл Бакрауилердин жанында жүк салган арабаны түртүп баратканын көрсө болот. Тергөөчүлөр тек-жайы аныктала элек ал адам жардыргыч зат салынган сумканы аэропорттун терминалына калтыргандан кийин качып кеткен дешет. Буга чейин ал адам Лаашрауи деп болжолдонуп келген.

Ван Леувдун айтымында, баштык сапёрлор келгенден кийин жарылып, андан эч ким жабыркаган эмес.

Прокурордун дагы бир маалыматы боюнча үч шектүүнү Завентемге жеткирип келген такси айдоочу алар шаардын Шаарбек районундагы бир батирден чыгып отурушканын айтып берген. Полиция ал жерде бомба жасоочу жабдууларды, 15 килограмм жардыруучу зат жана мык, башка темир-тезекке толтурулган кап тапкан.

Жергиликтүү La Derniere Heure гезити ага-ини Эл Бакрауи Бельгиядагы атомдук станцияларды да бутага алууну көздөп жүрүшкөн, бирок Абдесламдын камалышы пландарын өзгөртүүгө мажбурлаган деп жазат. Арийне расмий булактар бул маалыматты тастыктай элек.

Ал ортодо Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган шаршемби күнү Брюссель теракттарына аралашкандардын бирөө өткөн жайда Сирия менен чек ара аймагындагы Газиантеп шаарында колго түшүрүлүп, Голландиянын өтүнүчү боюнча экстрадицияланганын билдирди:

- Өлкөбүздөн чыгаруу чечими тууралуу 2015-жылдын 14-июлунда дипломатиялык нота аркылуу Бельгиянын элчилигин кабардар кылганбыз. Ошол адам чет өлкөлүк террорчу деген биздин эскертүүлөрүбүзгө карабай, Бельгия анын террорчулар менен байланышын аныктай алган эмес. Ал тууралуу Голландияга да эскертилген.

Президент ал адамдын атын атабаганы менен түркиялык жогорку расмий адамдардын бири сөз Ибрахим Эл Бакрауи тууралуу жүргөнүн айтты.

Бельгиянын юстиция министри Коэн Гинс бул кабарга реакциясын билдирип, ал шектүү адамдын Бельгияга эмес Голландияга экстрадицияланганын айтты. Расмий Амстердам Эрдогандын билдирүүсүн комментарийлей элек.

Акыркы маалыматтар боюнча шейшемби күнү Бельгия баш калаасындагы аэропортто жана "Малбек" метро станциясында болгон жардыруулардан 31 киши набыт кетти, 300гө жакыны жараат алды.

Завентем аба майданы 25-мартка чейин жабык болмокчу. Метродогу кыймыл болсо акырындап калыбына келүүдө.

XS
SM
MD
LG