Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:52

Березовскийдин табышмактуу өлүмү


Борис Березовский Лондондо, 31-октябрь, 2011.
Борис Березовский Лондондо, 31-октябрь, 2011.

Орусиялык качкын олигарх, Кремлдин сынчысы Борис Березовский ишемби күнү Британияда дүйнө салды.

68 жаштагы Березовскийдин жасаты Лондондон 40 чакырым алыстагы Аскот деген жайда өзү жашаган үйдүн ваннасынан табылган. Азырынча анын эмнеден көз жумганы аныктала элек. Березовский Советтер Союзу кыйрагандан кийинки мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү учурунда байыган орусиялык ишкерлердин олигархтар тобунун бараандуу өкүлү болчу. Ал Орусиядан 2000-жылы чыгып кетип, үч жылдан соң Британиядан саясый башпаанек алган.

Борис Березовскийдин адвокаты Александр Добровинский Фейсбукта бизнесмен өзүн өзү өлтүргөнүн жазды. Бирок Британ полициясы жекшемби күнү маркумдун үйүн химия-биологиялык жана радиоактивдүү заттар боюнча эксперттер изилдеген соң “кооптондурчу эч нерсе” табылбаганын билдирди.

Березовскийдин жакын досу жана Кремлдин сынчысы, КГБнын экс-агенти Александр Литвиненко 2006-жылы Лондондо радиактивдүү затка нурланып ажал тапкан. Литвиненконун аялы күйөөсүн Орусиянын коопсуздук кызматтары тындым кылганын айткан. Москва болсо, экс-агенттин өлүмүнө эч кандай тиешеси жок экенин билдирген.

Путиндик Орусия Орусиянын өзүнө түгүл, Орусиянын сыртындагы демократия үчүн да аябай коркунучтуу.

Б. Березовский
Борис Березовский 1990-жылдардын башында автомобиль сатып байыган. Андан кийин “Сибнефть” мунай компаниясын сатып алып, медиа империя түзгөн. Борис Ельциндин 1996-жылы кайра президенттикке шайлануусун өлкөдөгү таасирлүү олигархтын бири катары колдогон жана кийин Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалган. Мамдуманын депутаты да болгон.

Ошондой эле Владимир Путиндин 2000-жылы Ельциндин мураскери болуп калышына салым кошкону айтылып жүрөт. Бирок Путин олигархтарды “ийинине" киргизе баштаганда, Березовский Британияга качып кетип, 2003-жылы саясый башпаанек алган жана анын элдешкис сынчысына айланган. Ал 2007-жылы берген интервьюда Путинди: "Путиндик Орусия Орусиянын өзүнө түгүл, Орусиянын сыртындагы демократия үчүн да аябай коркунучтуу. Бул Орусия Батыш үчүн абдан коркунучтуу дегенди билдирет жана жакында Батыш Орусия союздаш дагы, партнер дагы эмес экенин аңдайт деп ойлойм. Бул Путиндик Орусия Батышка өзүн коргоочу аспаптарды ылдам тапканга көмөктөшөт деген сөз”,- деп сындаган.

Борис Березовский жана Роман Абрамович Орусия премьер-министри Владимир Путин Мамдума менен жолугушуп жаткан учурда.12-декабрь 1999
Борис Березовский жана Роман Абрамович Орусия премьер-министри Владимир Путин Мамдума менен жолугушуп жаткан учурда.12-декабрь 1999
Борис Березовский мамлекеттик мүлктү менчиктештирип алган, көз боёмочулук жолдор менен өлкөдөн акча чыгарып кеткен деген жана башка жүйөлөр менен айыпталып, сыртынан соттолгон.

Москвалык эксперт Игорь Бунин айткандай, “аны Орусияда бар балээнин күнөөкөрү” деп, “аябай эле демондоштуруп” жиберишкен.
Березовскийге орусиялыктардын мамилеси бир жаңсыл эмес. Москвада өткөрүлгөн сурамжылоодо Дмитрий деген адам: “Ал Лондондо жашаган соң жакшы нерсе жасабаса керек. Демек бул анын тагдыры экен”,- десе, Валерий деген башка бирөө: “Ал Орусия үчүн эч нерсе кылбады. Абрамович, Березовский дагы башка аларга окшогондор - мен аларды адам деп айта албайм - Орусия үчүн эч нерсе кылбады”,- дейт.

Березовский орусиялык миллиардер, Лондондун “Челси” футболдук клубунун ээси Роман Абрамовичти 5 миллиард долларга жыгам деп соттошуп, жеңилип калган. Ошондон кийин колу жукарып, соттук чыгымдар үчүн 50 млн. долларга жакын карыз болгону айтылат.

Forbes журналынын орус басылмасы менен кызматташкан журналист Илья Жегулевдин айтышынча, ал Березовский менен 22-мартта жолуккан. Ошондо качкын олигарх Орусияны сагынып, жүрөкзаада болуп, басып өткөн жолун талдап, көп жасаган иштерине өкүнүп жүргөнүн, 2005-жылдан бери абакта отурган Михаил Ходорковскийди сыйлаарын айткан экен.

Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков жекшемби күнү Березовский өлгөнү маалым болгондон кийин маркум Путинди мурда сындап жүргөнү үчүн кечирим сурап, купуя кат жазганын жана Орусияга кайтканга уруксат сураганын билдирди. Ошол эле учурда Березовскийдин 2000-жылдардагы же Путин бийликке келгенден кийинки учурдагы ролун төмөндөткөнгө аракет кылды:

-Арийне, ал 1990-жылдары чоң роль ойногон. Позитивдүүбү же негативдүүбү билбейм. Бирок анын таасири аябай чоң болгон. Бирок анын 2000-жылдардагы ролун ашыра көбүртүп жиберишкен. Бул жылдары анын ролу минималдуу болгон. Анын таасири жок болчу.

Тележурналист Владимир Соловьев Gazeta.ru сайтына берген интервьюда айткандай, Берзовскийдин Путинге элдешели деп кат жазганы ырас болсо, Литвиненконун өлүмү үчүн ал Путинди күнөөлүү деп эсептебеген болуп чыгат. Ошентип бир кезде «Коммерсантъ», «Московский комсомолец», «Независимая газета» сыяктуу басылмалардын, ОРТ телеканалынын ээси болуп турган адам жат жерде жайран болду.

XS
SM
MD
LG