Линктер

Демейде Людвиг ван Бетховен дегенде анын атактуу “Ай сонатасын” же “Элизага арноо” деген фортепиано үчүн жазылган керемет кооз музыкасын эстейбиз. Бул фортепиано үчүн жазылган чакан пьеса азыр ар бир чөнтөк телефондо шыңгырак катары жүрөт. Албетте, классикалык музыкага кызыккандар Бетховендин “Факелдер симфониясы” деген ат менен белгилүү 5-симфониясын, айрыкча азыркы Европа бирлигинин орток гимни болуп эсептелген “Шаттыкка ода” (нем. An die Freude) деген ырын жакшы билишет. Бул чыгармалар чынында да улуу немис композиторунун эң эле атактуу чыгармалары, дүйнөлүк маданияттын көз кайкыткан сеңирлери. Бул чыгармаларда Бетховенге мүнөздүү ички драматизм, буркан-шаркан түшкөн албуут сезимдер, баарыдан да ошол кездеги негизги руханий агымдын -- романтизмдин элеси жатат. Деле Бетховен -- англиялык драматург Шекспир сыяктуу улуу трагик, адамзаттын атам замандан бүтпөй келаткан көйгөйлөрүнө бирде кейисе, бирде капаланган, кээде назик, өтө романтикалык кыялдарга белчесинен баткан терең философ-композитор болгон эмеспи.

Ошол бай музыкалык мурастардын ичинде Людвиг ван Бетховендин бир чыгармасы өзүнүн терең оптимизми, жаркын маанайы, жашоого болгон кумары жана кубаныч-сүйүнүчү менен таң калтырат. Ал чыгарманын аты “Симфония пасторале” же болбосо 6-пасторалдык симфония. Мен аны кыргызчага жөнөкөй тил менен эле “Таңкы симфония” деп котордум, анткени “пастораль” деген сөз айыл турмушу, бейпил табият деген түшүнүк менен тыгыз байланыштуу. Анын үсүтүнө бул чыгарма жаңыдан супа салган таң, күндүн нуру менен тең ойгонгон жан-жаныбар, жер-суу, элет жериндеги бейпил тиричиликти сүрөттөө менен башталат.

Пастораль симфониясында Бетховен табияттын сулуулугун, айыл жеринин абасы менен суусун, андагы жашаган эл-журттун кенен пейилин, жөнөкөй турмушун, жаратылыш менен эриш-аркак жашаганын музыканын тили менен чагылдырууну көздөгөн. Өзү негизинен Австриянын борбору Венада жашап, жашоо образы, көнгөн адаттары боюнча нака шаардык болсо да Бетховен кичине эле мүмкүнчүлүк болсо шаардын чет-жакасындагы айыл-апаларга чыгып кетчү экен. Венанын атактуу токойлорун (Штраустун “Вена токоюнун жомоктору” аттуу атактуу вальсы эсиңизде чыгар), жашылала шалбааларын, тоо-токоюн, шибер чөптөрүн чарчагыча аралап, ошондон чыгармачылыгы үчүн аябагандай энергия алчу экен. Анын атактуу “Ай сонатасы”, бир катар фортепиано үчүн жазылган сонаталары, скрипка үчүн жазылган айрым концерттери буга эң сонун далил. Ошондой болсо да сиздерге сөз кылып жаткан Бетховендин 6-симфониясы, бизче айтканда “Таңкы симфония” гений композитордун табияттын сулуулугуна, жер-суунун коздугуна, жаратылыштын бир башка ички гармониясына арналган ири пландагы, минордук эмес, мажордук ачкыч менен жазылган жападан-жалгыз көлөмдүү чыгармасы болуп саналат.

Бул чыгармасын Бетховен 1808-жылы, башкача айтканда, мындан 200 жылдай илгери жазган экен. Композитор ошондо эле бул симфониясына “Элет турмушунан элестер” деген ат коюптур. Беш бөлүктөн турган бул симфония демейде буркан-шаркан түшкөн драмалуу сезимдерге же күйүт менен арманга ширелген Бетховендин музыкалык берметтерине эч бир окшобойт. Турушу менен кубаныч жана сүйүнүч. Ички гармония. Толуп- ташкан жашоо кумары. Өзүнчө бир көтөрүңкү парнасизм. Пегастын канаты менен кошо калкып, турмуштагы биринен экинчиси оор проблемаларды унутуу. Ошондуктан Симфония пасторале улуу композитордун бирден-бир оптимисттик маанайдагы, идиллиялык мүнөздөгү романтикалык чыгармасы деп саналат.

Албетте, ар бир чыгармага окурмандын же угармандын жеке көз карашы жана кабылдоосу болот эмеспи. Мен, маселен, бул чыгарманы угуп отуруп аргасыздан биздин кыргыз акындарынын табият жөнүндөгү саптарын эстедим.

Манаттай асман кызарып,

Магдырап барат айланам.

Чачырайт көбүк бетиме,

Чамынып аккан дайрадан.

Муңайым тартып угулат,

Булбулдун үнү сайраган.

Жалбыздын жыты буруксуп,

Жаныңа жыпар чачкандай.

Торгойлор тынбай таңшышат,

Токтогул күүсүн тарткандай.

Кызыгат гүлгө көпөлөк,

Кыз менен жигит жаткандай.

Үргүлөп тоолор баратат,

Уйкуга батып алсырап,

Карагай башын көрүүдөн

Карарган күүгүм жашырат,

Токтой тур, курбум, токтой тур

Чолпон да чыгар чачырап, --деген классикалык саптар Бетховендин ушул музыкасына абдан эле шайкеш келип турган жокпу?

Же болбосо Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу” аттуу чыгармасындагы мындай сүрөттөөнү эстейличи: “Үлпүлдөгөн түнкү шоокумда аба салкын тартып, жер ошондо бир көшүлүп жатты. Желп-желп эткен мелүүн керимсел жүргөндө шимүүрдүн асел жыты шыраалжын менен эрмендин кермек жытына аралашып, аңызга жайылып, чөптөр шуудурап, айдын жарыгы алтын көлдөй кубулуп, чайкалып турду, чиркин”. Бетхвендин сиз угуп жаткан чыгармасы мына ушул сыяктуу бейпил, төрт тарабы төп табият көрүнүштөрүн чагылдырат. Баса, кыргыз музыкасында ушул сыяктуу темага арналган бир татынакай чыгарма бар. Ал -- Аскар Тулеевдин “Тоодо” аттуу кереметтүү импровизациясы. Аттиң, бул музыкалык шедевр эч бир жерде ойнолбой, радиодон берилбей, унутулуп бараткансыйт.

Бирок “Симфония пасторале”, башкача айтканда, Людвиг ван Бетховендин жайлоо симфониясы табияттын кереметтүү кооздугун, айрыкча айыл жериндеги адамдардын кыял-жоругу, жайылып жаткан төрт түлүк малын, аны кайтарган койчу менен уйчуну, алардын ырын ар кандай музыкалык аспаптардын жардамы менен туюндурган дүйнөдөгү эң улуу чыгарма десек туура болот го. Баарынан кызыгы, сиздер угуп жаткан музыка -- ошол 6-симониянын акыркы бөлүгү. Анын аты “Койчунун ыры” деп аталат.

Бетховендин 6-симфониясы 5 бөлүктөн туруп, 1-бөлүгү “Айылга келгендеги элестер”, 2-бөлүгү “Булак боюнда”, 3-бөлүгү --”Айылдыктардын тамашасы”, ал эми 4-бөлүгү “Чагылган чарт эткенде” деп аталат. Акыркы бөлүгү “Финал” деп аталып, негизинен “Койчунун ыры” деген ат менен белгилүү. Бул бөлүк симфониянын логикалык жыйынтыгы болуп саналат.

Урматтуу угарман, “Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны” дегендей, бүгүнкү техникасы, айрыкча маалымат техникасы укмуштуудай өнүп-өскөн заманда чабытты кенен таштайлы. Төл маданиятыбыздын атактуу чыгармалары менен катар бүт дүйнө суктанган, ар бир маданияттуу адам билиши керек болгон ушул сыяктуу музыкалык табериктер менен жакындан тааныш бололу.

XS
SM
MD
LG