Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:58

Жураева: "Бир дүйнөгө" жыйырма тасма тандалды


Асел Жураева.
Асел Жураева.

12-мартта Чехияда жыл сайын өтүүчү “Бир дүйнө” кинофестивалы жыйынтыкталды. Жеңүүчүлөр сыйланып, көрүүчүлөр дүйнөнүн ар тарабындагы адилетсиздик, адам укуктары, жумушсуздук, жашоо-турмушту жакшыртууга болгон умтулуунун учкундарын көрө алышты.

Кыргызстандагы аты окшош фестивалга тасмаларды тандаганы келген жаш режиссер Асел Жураева Прагадагы фестиваль, кыргыз даректүү тасмасындагы акыбал тууралуу ой бөлүштү.

Жураева: Быйыл Прагада өтүп жаткан фестивалды “Жумушсуздук” деп аташыптыр. 100дөн ашык тасмалар көрсөтүлдү. Башка фестивалдардан айырмаланып, адам укугуна, балдарга, саясий темаларга арналган тасмалар көп экен. Дагы бир өзгөчөлүгү – Батыштан келген режиссерлор өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, мастер-класс өтүштү. Режиссер менен кошо тасманын каармандары да келиптир. Аларга суроо беришип, абдан кызыктуу талкуулар болду.

“Азаттык”: Асел, канча күндөн бери даректүү тасмаларды көрүп, быйыл Кыргызстанда өтчү фестивалга тандап атасыз. Негизинен кандай тасмаларды тандадыңыз, алар көрүүчүлөр үчүн кызыктуу болсо керек?

Жураева: Мыкты тасмалар көп экен. Бирок алардын ичинен жыйырмасын гана тандап алдык. Быйыл Кыргызстанда өтө турган фестиваль “Өнүгүүгө укук” деп аталат. Өнүгүүнүн ар кандай түрү бар эмеспи. Мисалы, бирөө жакшы окуганга аракет кылат, кайсы бир жамаат өз чарбасын алдыга жылдыруунун жолун ойлоп табат дегендей...Кыскасы, өнүгүү укугун мыкты чагылдырган тасмалар ат салышат.

“Азаттык”: Азыркы сиз тандаган тасмалар ичинен купулуңузга толгон, аябай жаккандары болдубу?

Жураева: Аутизмге чалдыккан баланын тагдыры тууралуу канадалык режиссер тарткан тасма абдан катуу таасир этти. Кээде алты саны аман адамдар деле жашоосуна нааразы болушат. Тасмадагы каарман болсо тагдырдын оор сыноосуна туруштук берип, адамдар менен мамиле түзүп, алтургай өз жарын тапканга аракет кылат. Жакшы жашаганга, өнүгүүгө умтулат. Негизи биз тандаган тасманын баары мыкты деп айта алам. Тилекке каршы, фестивалда жыйырма тасманын баары көргөзүлбөйт. Кыргызстанга барганда да калыстардын сынынан өтөт. Жаңы тасмалар дагы кошулушу мүмкүн.

Асел менен болгон маектин толугун бул жерден угуңуз

"Чек ара" көйгөйү тууралуу тасма тарттым
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:05 0:00
Түз линк


“Азаттык”: Сиз кинорежиссер Темир Бирназаров менен иштешип жүрөсүз. Ал киши “Биз аябай кызыктуу, кубулма, кыймылдагы доордо жашап атабыз. Бирок анын далай бир көрүнүштөрү тартылбай калып жатат” деп айтып калат. Журналисттер күнүмдүк окуяны чагылдырат экенбиз, бирок ал бат унутулат. Ошол окуяларды түбөлүккө калтырчу силерсиңер да...

Жураева: Темир Бирназаров учурда бир нече жаш режиссерлорду окутуп жатат. Алардын арасынан мыкты режиссерлор чыгат деп ишенем. Алардын бири - Аманбек Майрамбек уулу Нарындагы алтын чайкагандар тууралуу кыска метраждуу тасма тартты. Аябай мыкты чыкты десем болот. Жакын арада Кыргызстанда көргөзөбүз. Тасмадагы баш каарман мугалим. Күндүз мектепте сабак берет, түнкүсүн муздак суу кечип, алтын чайкайт. Аны көргөндөн кийин элибиздин чыдамына, топук кыла билгенине, сабырдуулугуна баа бересиң. Мен өзүм жакында эле “Чек ара” аттуу даректүү тасманы тартып бүттүм. 17-мартта “Үмүт” деген форум өтөт. Ошондо көргөзүлмөй болду.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG