Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:16

Куштар узак жолдо 41 мүнөт чырым этип алышат. Өсүмдүктөр көпөлөктөрдөн коргонуу үчүн жалбырагынын формасын өзгөртүп турушат. Адамдар узун болуп баратышат. Швецияда 340 жыл сакталган сыр табылды.

Куш уйкулуу канаттуулар

Куштар узак сапарда баратканда күнүнө орточо 41 мүнөт чырым этип алышат же бир чырым эткенде 12 секундга жакын уктайт. Алар жерде күнүнө 12 сааттан узак укташат. Канаттуулардын фрегат (frigatebirds) түрү, өрдөктөр жана дельфиндер учуп баратканда мээсинин жарымын (жарым шары) гана иштетсе, кээде эки бөлүгүн тең пайдаланышат.

“Кээ бир адамдар учуп бараткан бардык канаттуулардын мээси толук иштейт, болбосо жерге кулап түшмөк деп ойлошчу. Бирок, куштар мээсинин эки жарым шары эс алып жатканда да кайкып учуп кете беришет. Куштар асмандагы абанын агымы өйдө көтөрүлүп баратканда, калкып учуп канатын какпайт”,-дейт Германиянын Свизен шаарындагы Макс Планк атындагы орнитология институтунун изилдөөчүсү, доктор Нильс Раттенбөрг (Niels Rattenborg at the Max Planck Institute for Ornithology in Seewiesen). Ал жана кесиптештери 14 үйүр фрегат куштарынын мээсинин активдүүлүгү менен кыймылына такай байкоо салгандан кийин ушундай тыянак чыгарышты.

Окумуштуу-орнитологдор Fregata minor түркүмүндөгү куштар эки айга чейин тынбай уча аларын байкашкан. Ал эми чулдуктун (латынча Scolopacidae) эркеги ургаачысы менен жупташуу сезону кезде узак сапар маалында да уктабай жүрө аларына ишаара кылып, чырым этпей селкилерди жандайт.

Куштар көчүп баратышат. Индия.

Куштар көчүп баратышат. Индия.

Куштар сапарда баратып, чырым этишкен учурда мээлеринин багытты карап бараткан көз менен туташкан жарым шары (бөлүгү) асманда уктап бараткан башка үйүр менен кагышып кетпес үчүн уктабай ойгоо болорун айтат доктор Раттенбөрг. Ошондой эле сонолор учуп баратып чырым алышканда топтун четиндегилери сырт жакты караган көзүн жумушпайт.

Австралиянын Ла Троба университетинин (La Trobe University) изилдөөчүсү Жон Лескоунун (John Lesku) айтымында, фрегат куштарынын суу жукпаган канаты жок болгондуктан мухитте сүзө алышпайт. Алар ошон үчүн конбой эле чырым этип алып, учуп кете бериши мүмкүн.

Кыргыздар канаттуулардын учуп баратып, чырым этип алганын эзелтен байкап билишкен. Ошого “куш уйку” деген сөз бар эмеспи.

(Булагы: https://www.newscientist.com, http://www.nature.com)

Шаты бойлуу адамдар көбөйүүдө

Биздин боюбуз жүз жыл мурда жашаган ата-бабаларыбыздын боюнан бир кыйла бийик экенин NCD Risk Factor Collaboration эл аралык уюшмасынын изилдөөсү көрсөттү. Бул айрыкча Ортолук жана Түштүк Африка, Чыгыш Азия үчүн мүнөздүү. Мисалы, Кытайдын өзүндө жашаган эркек адамдардын бою орточо 171.8 см (дүйнөдө 93-орунда), кытай аялдардын бою орточо 160 см (87-орун). 1896-жылы кытай эркектер 161 см (130-орун), аялдар 150.2 см (134-орун) болгон. Кытайлык эркек-аялдар жапондордон бир аз гана бийик болушканы менен коңшулаш Түштүк Кореянын эркектеринен 3.1 см пас экен, ал эми кытай жана корей аялдар бой жагынан дээрлик айырмаланышпайт бүгүн.

Дүйнөдөгү бою эң кыска адам Гандра Бахадур Данги эң бийик адам Султан Кузен менен рекорддордун Гинесс китебине катталган соң саламдашышууда. Лондон, 13-ноябрь 2014.

Дүйнөдөгү бою эң кыска адам Гандра Бахадур Данги эң бийик адам Султан Кузен менен рекорддордун Гинесс китебине катталган соң саламдашышууда. Лондон, 13-ноябрь 2014.

Дүйнөдө эң узун эркектер нидерланддардын бою орточо 182.5 см, аялдардан эң бийик латыштар - 170 см болсо, бою баарынан пас Чыгыш Тимордун эркектери -160 см, аялдардан болсо гватемалалыктар - 150 см. Өткөн жүз жылда баарынан көп ирандык эркектер (16.5 см) жана Түштүк Кореянын аялдары (20 см) өсүшүптүр. Бир кылым илгери АКШнын эркектери дүйнөдө үчүнчү бийик (171 см), аялдары төртүнчү бийик (159 см) эсептелсе, азыр америкалык эркектер (177 см) 37-чи, аялдар (163.5 см) 42 орунду ээлешкен.

Америкалыктар бой жагынан алдырганы менен салмак боюнча олуттуу кошкон. Ал эми Түштүк Азияда адамдардын боюнда өзгөрүү болгон эмес; Сахара чөлүнүн атрабындагы элдердин бою кичирейе баштаган. Нигерия Республикасы, Руанда жана Сьера-Леонада 1960-жылдардын орто чени жана андан кийин туулган адамдардын бою мурдагыдан кыскарган.

Илимпоздордун айтышынча, генетикалык факторго катар бала кездеги тамак-аштын бай рациону жана өспүрүм куракта ар кандай ооруларга чалдыкпаганы бойдун бийик болуусуна шарт түзөт.

Бул изилдөө учурунда 200 өлкө менен чөлкөмдө 1896 -1996-жылдар арасында туулган 18.6 миллион адамдын бою өлчөнгөн. (Булактары: dx.doi.org, usa.chinadaily.com, cnn.com)

Жалбырактар эмне үчүн ар кыл болушат?

Өсүмдүктөр көпөлөктөрдөн коргонуу үчүн жалбырагынын формасын өзгөртүшөрүн британиялык жана америкалык биологдордун изилдөөсү тастыктады.

Көрсө, формасы өзгөчө жалбырактарга көпөлөк сыяктуу курт-кумурскалар көп жолобойт жана тукум таштабайт экен. Алсак, тропикалык тилкеде өскөн Passiflora түркүмүндөгү гүлдөр бири бирине көп жагынан окшош болушканы менен, алардын жалбырактары жашына жана жарык же көлөкөдө өскөнүнө жараша ар түркүн болот. Себеби, көпөлөктөр жумурткасын таштабасын, жумурткадан курт өсүп чыкканда жалбыракты жейт деп, баригинин формасын өзгөртүп турушат экен. Кембридж университети (Британия) менен Смитсон институтунун тропикалык изилдөөлөр бөлүмү (Вашингтон, АКШ) чогуу өткөргөн эксперимент маалында Heliconius erato көпөлөктөрү эки топко бөлүп, эки башка жайда өстүрүлгөн.

Бир вольерде үч ачадай, экинчисинде эллипсоид сыяктуу жасалма жалбырактуу пассифлора болгон. Бир аз мезгилден соң көпөлөктөрдү башка вольерге өткөрүшкөн. Ал жерде мурда алар көргөндөн бөлөк формадагы да жалбырактар бар эле. Ошондо көпөлөктөр мурдатан тааныш же беш бурчтуу жылдызга окшош жалбырактарга тукумун таштап, биринчи ирет көргөндөрүнө жолошкон эмес.

“Heliconius erato көпөлөгүнүн ургаачысы жумурткасын таштоо үчүн пассиофлора гүлүн тандаганда, аны жалбырагына карап аныктай турганын биринчи жолу көрдүк”, - дейт Кембриж университетинин Зоология департаментинин докторанты Денис Деллaлио (Denise Dell’Aglio). Ушинтип, көпөлөктөр жана башка чөпкор курт-кумурскалар көзү каныгып, үйрөнүшмөйүн бейтааныш жалбырактарга жакын жолобойт. Бул өсүмдүктөрдүн курттарга жем болбой өсүүсү үчүн ыңгайлуу. (Караңыз: http://phys.org)

Швеция: 340 жыл сакталган сыр

Сыр, бриллиант шакек, 14 алтын тыйын, дагы башка буюмдарды Кальмар музейинин изилдөөчүсү Ларс Эйнарссон (Lars Einarsson) баштаган топ “Таажы” (Kronan) кемесинде археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышканда табышты. Калай кумуранын ичиндеги сыр, Эйнарссондун сөзүнчө, Рокфор сырына окшош экен жана кумура балырда жаткандыктан сыр жакшы сакталган.

1668-1672-жылдары курулган «Таажы» өз доорундагы эң чоң кемелердин бири болгон. Ал 1676-жылы 1-июнда шведдер жана союздаштар Дания менен Голландия ортосундагы согуш кезде аба ырайынын катаал шартында капылеттен оодарылып кеткен. Ошондо кемедеги 760 аскерди, анын ичинде шведдердин деңиз флотунун командачысы, адмирал Лоренц Крейцти ажал алып, 40 жан гана тирүү калган. Бул уруш тарыхта Түштүк Эйланд согушу деген ат менен белгилүү.

1980-жылы «Таажы» деңиз түбүнөн табылгандан бери археологдор кемеден 30 миңден көп ар кандай буюм-теримдерди, адамдардын сөөктөрүн алып чыгышкан. Табылгалардын арасында бир нече замбирек, кийим-кече, күмүш теңгелер салынган темир үкөк да бар эле.

XVII кылымда жасалган сыр салкын жерде сакталууда жана илимпоздордун анализин күтүүдө.

(Булагы: www.thelocal.se, www.archeology.org)

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG