Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:44

Борбор Азия: Канаттуулардын бир канча түрү жоголуу алдында


Борбордук Азияда канаттуулардын жыйырмага жакын түрү жоголуу алдында
Борбордук Азияда канаттуулардын жыйырмага жакын түрү жоголуу алдында

Борбордук Азиядагы экономикалык абалдын оордугу аймактагы табигый мурасты да кыйын жагдайга калтырды. Каражаттын тартыштыгынан совет доору маалында колго алынып келген табиятты изилдөө жана көзөмөлдөө иштеринин бардыгы токтоп калган.

Жакында эле жаркка чыккан Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстандагы канаттуулар тууралуу маалымнаама, Борбор Азиядагы табиятты сактоо жаатындагы иштерге башат болчудай.

Борбордук Азияны жыл сайын он миллиондогон көчмөн куштар байырлап, дайыма жашаган канаттуулардын 530 түрү катталган. Алардын 20 түрүн окумуштуулар жоголуп бараткан канаттуулардын арасына киргизишти.

Жоголуп бараткан канаттуулардын арасына Борбор Азияда жашаган ак баш өрдөк да кирди. Алардын үчтөн бири жыл сайын күзүндө борбордук Казакстандагы көлдөрдүн бирине чогулушат. Мындай жоголуп бараткан канаттуулардын түрүн сактап калуу үчүн эл аралык жана жергиликтүү табият коргоочулар биригип, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстан аймагын камтыган «Канаттуулардын маанилүү аймактары» аттуу маалымнаама чыгарышты.

Британиялык канаттууларды коргоо коомунун өкүлү, аталган долбоордун координатору Майкл Бромбачер маалымнаама тууралуу буларды айтты:

«Борбордук Азияда негизинен советтерден калган кыйла дурус айлана-чөйрөнү коргоо боюнча тармак бар. Бирок ал тармактын көзөмөлүнө кирбей, ачык калган жерлер да көп. Биз эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен ушундай китеп чыгарып, бийликтерге алардын тармактарындагы ачык калган жерлерди коргөзгүбүз келди»,- деди Майкл Бромбачер.

Казакстан жана Өзбекстан үчүн канаттуулар маалымнаамасы былтыр эле чыккан эле. Бромбачердин айтымында, түркмөн бийлиги өз өлкөсү боюнча маалыматтарды топтоого жардам көрсөттү жана бул өлкөнү да камтыган китеп ушул жылдын май же июнь айларында чыкмакчы.

Бул маалымнаамаларда канаттуулар жашаган 219 маанилүү аймактар көрсөтүлгөн. Ал жерлердин жалпы аянты 20 миллион гектарды түзүп, болжолдуу түрдө Британиянын жер аймагына барабар.

Маалымнаамалар канаттуулар тууралуу толук маалыматты, аларга коркунуч туудурган жагдайларды жана аларды сактоо боюнча кеңештерди ичине камтыйт.

Долбоордун жетекчилеринин айтымында, табияты кыйла өзгөрүүлөргө туш болгон Казакстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан бул долбоорго атайылап биринчилерден киргизилди. Тоолуу келген Кыргызстан менен Тажикстан бул долбоорго кийинчерээк киргизилери айтылат.

Аталган долбоор Германия менен Британиялык уюмдардан келген 720 000 евро өлчөмүндөгү каражатка ишке ашырылып, долбоорго кирген өлкөлөрдүн тиешелүү мамлекеттик мекемелери колдоого алган.

Долбоордун Ташкендеги координатору Роман Кашкаровдун айтымында, өлкөнүн айлана-чөйрөнү коргоо комитети аталган китепти бийик баалады.

XS
SM
MD
LG