Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:15

Кыргызстандын президенти Эгемендик күнүндө сүйлөгөн сөзүн мамлекеттин мурдагы башчыларын сындоого арнаганына күбө болдук. Алмазбек Атамбаев эмнени айтам десе ал анын өз иши деңизчи. Эп көрсө мейли жаңгак же коон тууралуу сүйлөсүн.

Бирок Эгемендик күнкү сөзү өлкөнү бириктирүүгө багытталышы керек эмеспи? Ынтымакка чакырып, элди илгери жетелеши керек эле го? Улуттун эртеңкисине үмүт берсе гана? Карылар менен коомдогу аялуу катмарды коргоого арналса эмне? Кеткен саясатчыларды сындоонун ордуна алдыда турган маселелер тууралуу сөз кылууга неге болбосун? Отунбаева айым кыйын кезеңде көрсөткөн чечкиндүүлүгү үчүн сыйга татыктуу эмеспи. Балким кыргыздын аялдарга кандай сый-урмат көрсөтөрүн эске алсаңыз сөзүңүз алгылыктуу болмок, президент мырза?

Андан дагы элдин эсинде турган кайгылуу окуяга кайрылсаңыз болот беле? Москвада өрттө жайран болгон 17 кыз-келинди эстегенде кыргыз коому Курманбек Бакиев же Аскар Акаев кандай ката кетиргенин уккусу келбесе деле керек.

Президент Атамбаев каргашалуу өрткө жооптуу эмес экенин билебиз. Москвада болгон кырсыкта кыргыз өкмөтүнүн колунан эч нерсе келбей турганын билебиз. Кыргыз бийлиги Орусияда жарандары иштеген жерлерге кароол койо албасын билебиз.

Кыргыздар Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин Орусия менен мамиле чыңалып, анда жүргөн жакындарынын жашоосу жакшырарына терең ишенип турушпады беле. Эгер Кыргызстандын президенти өрттүн чоо-жайы боюнча Москвага кайрыла албаса, Москвадагы кыргыз жарандарынын коопсуздугуна кепилдик талап кылбаса, анда Бажы биримдиги менен өтө жакын делген алаканын мааниси эмнеде?

Социалдык тармактарда бул кыз-келиндердин өлүмүнө эмнеге мынча көңүл бурушубуз керек деп текебер сөз айткандар да бар.

Өмүрү өчкөндөрдүн сүрөттөрүн, көздөрүн карасаңыз. Алар бирөөнүн эжеси, кызы, бөлөсү же энеси эмес беле. Эми ал үй-бүлөлөргө алыстан эч ким чалбайт. Алардын акыркы көз ирмемин элестете аласызбы? Жаны кыйналганын? Тарткан азабын?

Алты миллион калктуу өлкөдө 17 өлүм болду

1988-жылдын 6-июлунда түнкү 11ден кийинки Би-Би-Си “Ньюзнайт” программасынын жаңылыктарында Түндүк деңиздеги мунай бургулоочу жайда өрт чыкканын кабарлаган.

Андан бир канча сааттан, күндөн кийин кырсыктын чоо-жайы айтылган. Piper Alpha станциясындагы жарылуудан чыккан өрттөн 167 адам дайынсыз болгон. Ал маалда Улуу Британиянын калкы 60 миллиондун тегерегинде эле. Андагы Британия менен азыркы Кыргызстандын калкынын пропорциясын алганда бирдей жоготуу.

Британияда жогорку соттун жетекчилиги астында иликтөө жүргөн. Өкмөттүн бир бөлүмү жоюлган. Жаңы мыйзамдар кабыл алынган. Коопсуздукту камсыздоо боюнча узак изилдөөлөр жасалган. Балким текеберчилик кылып, биз эмнеге мынчалык убара тартышыбыз зарыл эле дегендер чыккандыр, бирок бийлик колунан келгендин барын жасаган. Маргарет Тетчер да, каныша Елизавета да бул каргашага түз же кыйыр түрдө жооптуу эмес эле. Мунай чыккан жерди америкалык компания иштетчү. Бирок ал британ бийликтерин жоопкерчиликтен бошоткон жок, падышалык үй-бүлөнүн көз жаздымында калган жок.

Албетте, Улуу Британияда баары тегиз шайма-шай эмес. Европа Биримдигинен чыгуу боюнча референдумдун жыйынтыгы миллиондогон адамдын турмушун өзгөртүп, жакырчылыкка түртүп койду. Британ империясы сакталышы керек деген айрым акылсыздардын айынан өндүрүш кыйрап, жаркын жашоо тууралуу кыялдар өчүүдө. Piper Alpha каргашасынан кийинки өзгөрүүлөргө карабастан канчалаган поезддер кырсыктады.

Кыргыз кыз-келиндеринин кейиштүү өлүмү президент Атамбаевдин же президент Путиндин катасы эмес. Москвадагы өрт өчүргүчтөрдүн аларды жалындан куткаруу аракеттерине рахмат айтышыбыз керек.

Бирок иш берүүчүлөрдүн коопсуздукка көңүлкоштугу, мигранттардын тез күйүп кетүүчү кагаз жана химиялык боёктор сыяктуу заттарга жык толгон имаратта камалып калышы – саясий лидерлер жасай турган иштен кабар берет. Сүйлөшүп, муну чечүү алардын колунан келет. Алар иликтөө жасап, текшерүүлөрдү жүргүзүп, коопсуздук эрежелерин сактоону талап кыла алат. Коопсуз иш орундары орусиялык да, борборазиялык жумушчулар үчүн да бирдей зарыл.

Каргаша Кыргызстандын сыртында болгондуктан мында кыргыз өкмөтүнүн колу кыска же анын милдети эмес деп ийин куушуруу жетишсиз.

Эгер Бажы биримдигинин кандайдыр пайдасы болсо, анда Орусиядагы кыргыз жумушчуларынын коопсуздук шарттары жакшырышы керек. Бир саам демибизди ичке алып, эгемендигине 25 жыл толгон өлкөнүн жарандары өз мекенин таштап, Орусияга өтө начар шартта иштөөгө бел байлап кетип жатса, анда өлкө эмнеге жетишти деген суроонун үстүндө акыл калчашыбыз керек.

Мёрдо Маклеад, журналист-блогер

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG