Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:42

Көчмөндөр оюндарынан баш тартпайлы


Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы, 3-сентябрь, 2016.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы, 3-сентябрь, 2016.

Кыргыз өкмөтү жасаган өрнөктүү иштер деле бир топ. Ооба, кыргыз өкмөтү. Президент Алмазбек Атамбаев менен анын өкмөтүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүп, көп акча коротту деп сындай берүү өтө жеңил. Сын айтуу оңой, бирок мындай чоң ишти жасаш кыйын. Атамбаев жана анын өкмөтү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруп, ага акча коротуп туура иш жасады. Бул өлкөнүн таанылышына өбөлгө болду. Асман тиреген тоолор, бай, көөнө маданият. Көз жоосун алган кийим-кече. Өз өнөрүн көрсөткөн адамдар.

Көчмөндөр оюндары: сыймык жана салтанат

3-cентябрда Ысык-Көлдө II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылуу салтанаты болуп, ага катышып жаткан 40 мамлекеттин спортчулары параддан өтүштү.

Дүйнөдө миллиондогон адамдар ат үстүндө жалынга оронуп, шамалдай учуп бараткандардын сүрөттөрүн көрүштү. Жаа тарткандар. Тоодон түзгө шукшурула сайылган бүркүттөр менен шумкарлар.

Албетте, акча баарына керек. Ошол эле маалда оюндар менен көз талдырган кооздукту да уюштуруп өткөрүү зарыл. Эгер оюндарга сарпталган акча башка бир долбоорлорго кетсе, балким изсиз жоголуп же пайдасыз нерселерге коромок. Оюндарга кеткен акчанын эмнеге сарпталганын өз көзүбүз менен көрдүк.

Дүйнөдөгү миллиондогон адамдарга Борбор Азия - каардуу жана өзүмчүл диктаторлор бийлеген, табигый байлык үчүн кармашкан, чек ара, саясий туруксуздукту советтик доордон мураска алган чөлкөмдү элестет. Көчмөндөр оюндары ошол ойду өзгөрттү.

Ооба, Батышта отуруп алып көчмөндөрдүн оюндарын ушул да спортпу деп күлгөндөр болот. Ысык кофеден маашырлана ууртап коюп отургандар алардыкына окшобогон улуттук оюндар менен салтты мыскылдап күлгөндү токтотсун. Олимп оюндарындагы жел кайык же калак менен айдаган кайыктардын миллиондогон түрүн баарыбыз эле түшүнүп коюптурбузбу?

Миллиондогон адамдар күрөш менен ат жарышта жалпыга тааныш спорттук элементтерди көрө алышты. Дүйнөдө ар кыл фестивалдарда спорттун улуттук түрлөрү менен күрөштүн кайсы бир ыкмалары аралашып, оюндарды кызытат. Буга Шотланддардын тоо оюндары сыяктуу түркүн түрлүү фестивалдар мисал. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу Кыргызстан көчмөн маданиятты эл аралык иш-чарага айлантканы кубаттоого татыйт.

Кырчындагы оюн шаңы

4-сентябрдан 7-сентябрга чейин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда “Көчмөндөр ааламы” фольклордук фестивалы өттү.

Бул туризмге өбөлгө болот. Бул кыргыз улутуна өбөлгө болот. Бул жалпы Евразияда көчмөн маданияттын, анын ичинде кыргыз мурасынын таанылышы. Бул кыргызда аял-эркек теңдигинин салтанаты. Тоолуктардын эр оюну. Бул Борбор Азияда сырттан кирген эмес, кылымдар бою илимге таянган салттуу исламдын майрамы. Жаштар интернет аркылуу экстремисттердин айтканына сугарылбай, өзүнүн көчмөн маданиятын таануу менен өз башатын үйрөнө алышат.

Бул кыргыздардын аймакка таандык шыгы менен спорттогу жөндөмүн, чеберчилигин көрсөтүүдө өзүнө ишенгенин көрсөтөт. Бул балдардан тарта эптеп иш табуу, же Орусияга кетүү тууралуу ойду өзгөртө турган жаңылануу.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну канчалык кызыктуу экенин ага коңшулардын кызыгуусунан байкаса болот. Москвада өткөн Астана күндөрү казак маданиятын таанытуунун жакшы жолу болду. Чындыгында Казакстан үчүн бул жаатта чочулай турган нерсе деле жок. Ансыз деле Орусияда баркы жогору эмеспи. AsiaMix командасы Astana.kz тобунун өнөрүнө эч зыянын тийгизбейт. Экөө тең бирдей көңүл көтөрөт.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Кыргызстанга өз беделин көтөрүүгө белсенген өлкөлөрдүн көч башында турууга мүмкүнчүлүк берет. Узактан бери оор турмушту баштан кечирип жаткан Ооганстандын мелдешке келишинин өзү сонун болду. Албетте, бир нече көз ирмемге созулган мелдештер бул өлкөнүн терең жаратын айыктыра койбойт. Ошол эле маалда Кошмо Штаттардан келген саналуу көкбөрүчүлөрдүн бул өнөрдүн чыныгы чеберлери Ооганстандын, Казакстандын жана Кыргызстандын командалары менен беттешкени оюндун көркүн ачты.

Кыргызстан Рио олимпиадасына жетпесе да көчмөндөр оюндарын уюштурууда мыкты жөндөмдүүлүгүн көрсөттү. Рио оюндарына көп өлкөлөр катышып, мелдештин түрлөрү да арбын экенин билсек дагы анын ачылып-чачылган салтанаттары эсибизде калса калар, калбаса жок. Ал эми жалынга оронуп желдей учуп бараткан атчан жигиттерди көргөн киши унутпас.

Оюн менен тойдун эртеси болгондой эле кыргыз өкмөтү чымыркана иштей турган кез келди. Кыргызстандын министрлери оюндарды өткөргөнүнө мактана алат. Эми алар мыйзам менен тартипти орнотууга, экономиканы көтөрүүгө, көп туристтерди тосуп, кийинки оюндарды өткөрүүгө даярдык көрүүсү керек. Жакшы ойлонулган иш жүрсө кыргыздарга бир топ эмгек орундарын түзөт.

Андан кийин мыйзам жана тартип болсун.

Мёрдо Маклеад, журналист-блогер

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG