Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:56

Менин колуктум - менин чебим


Жаштар министри уюштурган массалык үйлөнүү тою. 7-май, 2011
Жаштар министри уюштурган массалык үйлөнүү тою. 7-май, 2011

Данияр Айтман Фейсбуктагы өз баракчасына кыргыз коомундагы кыз ала качууга жана келиндерге мамиле тууралуу жазды.

Мен шаарда, кадимки эле советтик үй-бүлөдө өсүп-чоңойдум. Менин апам кечке өкмөттүн жумушунда иштеп келип, анан дагы үйдө түндүн жарымына чейин кызмат кылаар эле. Албетте, апамдын үйдө жасаган иши оор болгону менен, аны эч ким баалачу эмес. Тескерисинче, нааразычылык айтылып, ага апам чыдабай кээде көз жашын дагы төгүп жиберчү. Адатынча, кечкурун баарыбыз чогулуп алып телевизордун алдында отурчубуз, апамды күтүп. Кардыбыз ачканынан «апабыз кайда жоголду» деп, үшкүрүнүп да койчубуз. Апам байкуш, оор баштыктарды көтөрүп алып эшиктен кирип келгенде, жүгүн колунан алуунун ордуна, кайра «сен эмне кечиктиң, курсагыбыз ачып өзөрүп калдык» деп, нааразы болор элек.

Бир кезде өтө улгайып калган чоң ата-чоң энемди кароо максатында биз алардын эски жер тамына көчүп бардык. Ал үйдө ысык суу да, канализация да, газ да жок болгон. Кышында үйдү жылытуу үчүн ар жылы отун жана көмүр сатып алар элек. Иши кылып, бул үйдө апамдын үй кызматы мурункудан да кыйла оор боло баштады. Анын үстүнө үй-тиричилигинде иштетилген техникадан болгону бир эски муздаткыч жана үтүк бар эле. Бүт үй ишин – тамак бышыруу, кир жууш, үйдү жыйыштыруу – бардыгын апам кол менен жасачу.

Апам, илгертен келе жаткан кыргыздардын каада-салтын тутуу максатында, жеке гана биз эмес, көптөгөн тууган-туушкандарыбызга да кызмат кылчу. Бирок, апамдын бул ишин эч ким баалаган да жок, бул иши үчүн аны урматтаган да жок.

Жылдар өтүп, мен иштей баштадым. Акча таап, ата-энеме чоң, жашоого ыңгайлуу, жаңы батирди сатып алууга жардам бердим жана аны үй-тиричилигине керектүү болгон бардык техника менен жабдыдым. Бирок, апамдын башынан өткөргөн кыйынчылыктарын оңдоого болбойт, алар эч качан кечиримдүү эмес – өзүмө да, башкаларга да.

Жаш өспүрүм кезимде апамдын үй ичинде тарткан азабын көрүп, ичимден өзүмө ант бергенмин: «эч качан, эгерде үйлөнсөм, колуктумдун мындай адилетсиз жашоосуна жол бербейм» деп.

Жаш чагымда менин адатым бар эле – тааныш кыздарга дайыма бир суроону берер элем: «эгерде күйөөң урса, эмне кылаар элең» деп. Алар болсо төмөнкүдөй жооп берер эле: «шартка жараша», «биринчи жолубу же жокпу», «эгерде күйөөм жакшы болсо, түшүнүп, кечирээр элем» деп.

Бир күнү бул суроону билими өтө жогору, акылдуу-эстүү, келбети келишкен бир нече кыргыз кыздардын тобуна бердим. Акыркы кыздан башкаларынын жооптору мурункудагыдай эле болду. Ал эми акыркы кыздын сулуу бети жалбырт этип, көк көздөрү жалжылдап, бийик үнү дирилдеп: «мен ошол замат кетип калам» деп жооп берди. Анын ачык билдирген кыжыры менин жүрөгүмдү эритип жиберди.

Жакшы күйөө жана ата болуш өтө кыйын экен. Мен үй-бүлөмдү толук камсыз кылам, үй-кызмат милдеттерин колуктум менен бөлүшөм, колуктумду сыноого албайм, ага эч кандай талаптарды койбойм. Бирок, булардын бардыгы үй-бүлөнүн бактылуу болушуна жетишсиз экен. Көрсө, бактылуу үй-бүлө болуш үчүн эки адам бир-бирине көбүрөөк көңүл буруп, жакын мамиле кылып, акыл-ою, сырлары менен бөлүшүп турушу зарыл экен.

Мен үйдө сейрек болом. Болгон учурда да денем үйдө болсо, оюм башка жакта. Мен, албетте, мындай жагдай менен күрөшүп, өзүмдү өзгөртүүгө аракет кылып жатам. Бирок, бул багытта, алдыга болгон жылыштар мага абдан эле аз болгондой сезилет. Бактыга жараша, сүйүктүү колуктум азырынча менин бул кемчиликтериме анча көңүл бурбай, чыдап жатат, ал үчүн мен ага миң мертебе ыраазычылыгымды билдирем.

Көпшөк күйөө атка конуу кыргыз коомунда абдан эле оңой: ал үчүн аялыңдын кишилик кадырын кенедей эле урматтап койсоң жетиштүү болот.

Бирок биз башынан эле сүйлөшүп алганбыз: өзүбүздүн турмушубузду өзүбүздүн гана көз карашыбыз менен курабыз деп. Биздин негизги принцип: биздин үй, биздин үй-бүлө – биздин чеп, ага кирүүгө башкаларга, анын ичинде ата-энелерибизге да уруксат жок.

Биз ата-энелерибизден үйлөнүүгө уруксат сурабадык, жуучуларды жиберип, сөйкө салган эмеспиз. Мен башынан эле апама айтканмын: менин колуктум «келиндик милдетти» аткарбайт деп. Ошол сөзүмө бүгүнкү күндө бек турам.

Мен колуктума карата айтылган бирөөнүн сын-пикирин жактырбайм. Себеби, менин колуктум – менин жасаган негизги тандоом, менин эң чоң жеңишим, менин бакытым, менин ийгилигим. Колуктумду бирөө айыптап, аны капалантса – бул мен үчүн эң чоң ызалык.

Мен ар дайым колуктумдун сөзүн сүйлөйм, себеби менин көз алдымда өзүнүн ден соолугун мен үчүн кыйган апамдын элеси дайыма турат. Менин тилегим – балдарым бактылуу болуп чоңойсо экен.

Данияр Айтман

XS
SM
MD
LG