Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:54

Эркиндиктен башка эмнебиз бар?


Кыргызстанда оппозицияга кысымды токтотууга чакырган укук коргоочулар Ак үйдүн алдында, 13-ноябрь, 2007-жыл

Кыргызстанда оппозицияга кысымды токтотууга чакырган укук коргоочулар Ак үйдүн алдында, 13-ноябрь, 2007-жыл

Жогорку Кеңеш саясатка аралашкан бейөкмөт уюмдарды “чет элдик агент” деп таануу тууралуу мыйзам долбоорду талкуулап баштады. Эртең добушка коюлушу мүмкүн. Орусияда кабыл алынып иштеп жаткан бул мыйзамдын биздеги тагдыры кандай болору белгисиз. Москвада бийликтер бейөкмөт уюмду кандай учурда “саясатка кийлигишип жатат” деп айыпташ керектигин аныктай албай башы катканына эки жылдан ашты. Ырасмий буйрукту күтүп отурбай, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ондогон бейөкмөт уюмдарды четинен жаап салды, дагы да жаап атат.

“Кыргызстан экономикалык жактан башкалардан артта калды, бирок бизде эркиндик бар” деп төш кагып жүрөбүз. Журналисттер эмес, биринчи кезекте бийликтеги саясатчыларыбыз ошентип мактанып калышат. Ошол эркиндикти – сөз эркиндигин, ой жүгүртүү, пикир билдирүү эркиндигин дал ушул бейөкмөт уюмдар жайылтып, коргоп келатканы баарыбызга, айрыкча азыр парламентте, бийликтин башка бутактарында отурган саясатчыларга беш колдой белгилүү го.

2010-жылы апрелде Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев баш болгон ал кездеги оппозициячыл саясатчыларды үйлөрүнөн бирден кармап кетип атканда, Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдрасулова, Наталья Аблова жүгүрүп барып, ызы-чуу салып, алардын укуктарын коргоого жандалбас урганы унутулуп калдыбы? Ошондо аларды “чет элдик тыңчы” катары абакка салып, же өлкөдөн чыгарып салыш керек беле? Дегеле качан болбосун, кандай болбосун саясатчы, же коомдук ишмердин башына иш түшүп, кечээки эле достору тескери бурулуп кеткенде, дал ушул укук коргоочулар, бейөкмөт уюм лидерлери жетип барып алардан акыркы жардамын аябай, кол сунганы жалганбы? Бүгүн парламентте бейөкмөт уюмдарды ооздукташ керек деп муштумун түйүп аткан Феликс Кулов 10-15 жыл мурун кандай акыбалда болуп, ага кимдер колдоо көрсөткөнүн эстен чыгарып салдыбы? Же мындан ары андай карангүн башка түшпөйт деген кепилдик алдыбы?

Ушул күндөрү Кыргызстандагы эң алгачкы демократиялык кыймылдын 25 жылдыгы белгиленип жатат. Ушунча жылдан бери экономикабыз оңолуп, эл турмушу гүлдөп-жайнап, шаар-кыштактарыбыз дүркүрөп өсүп кеткен жок. Ага көптөгөн себептер бар. Коңшулаш өлкөлөрдөн көп жагынан артта калдык, бирок ушул саясий, жарандык эркиндик жагынан баарынан алдыдабыз чынында. Президент Атамбаев өзү да жакында эле 2010-жылкы окуялардын 5 жылдыгы белгиленгенде “баарынан башкысы – бизде абдан күчтүү жарандык коом түзүлдү” деп баса белгилеген эле. Эми ошол эркиндикти да жокко чыгарып, бейөкмөт уюмдардын артынан аңдып, четинен жаап баштайбызбы? 25 жылдык эркиндикке умтулуу, демократиялык коом, калыс мамлекет куруу аракетибизди жокко чыгарабызбы? Анда азыркы парламент кыргыз тарыхына кандай тамгалар менен жазылат? Эркиндиктин акыркы учкундарын өчүрүп, башкы жетишкендигибизди жок кылган парламент болуп калбайбы?

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG