Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:21

КЕРЕМЕТ ҮКӨК : АКТАН ТРАГЕДИЯЛУУ СҮЙҮҮ ОКУЯСЫ ЖӨНҮНДӨ ФИЛЬМ ТАРТУУГА КИРИШТИ


Дүйнөгө актерлук кесип менен да таанылса болот. Анүчүн мисалы Актан Арым Кубаттын фильмдерине тартылсаңыз, бул жаш режисердун фильмдери бүт дүйнөдө көрсөтүлүп келет. Ушул күндөрү мурдатан Актан Абдыкалыков деген ысмы менен таанылган режиссер "Сүйүүнүн өз асманы бар" деген жаңы тасмасы үчүн Бишкектеги жаш улан-кыздардын арасында тандоо жүргүзүп жатат.

Учурда «Кыргызфильм» киностудиясында он алтыдан жыйырма беш жашка чейинки улан-кыздар сынактан өтүшүүдө. Менин байкашыма караганда киного тартылууну каалап келгендердин көпчүлүгү мектеп окуучулары. Кундуз аттуу 9-класстын окуучусу менен баарлашканыбызда ал киного тартылууну кичине кезимден эле эңсеп келгенин белгилейт:

-Мен кичинемден эле киного тартылгым келген.6-классымда «Бабалардын сандыгы» аттуу тасмага сиңдим экөөбүз тартылганбыз. Сабак менен ишти бирдей алып жүрүү мага кыйынчылыкка турат, ошондой болсо дагы актрисанын окуусуна кызыгам.


Келечекте киноактриса же киноактер болом деген максат менен келгендердин башын коштурган бул сынакка эки жүздөн ашык улан-кыздар катышууда. «Беш кемпир», «Маймыл» «Селкинчек» аттуу фильмдердин автору Актан Абдыкалыковдун режиссерлугу алдында май айында тартылчу бул тасма он бөлүктөн турат. Жүрөк оорусунан каза тапкан Канаттын артынан күйүтүнө чыдабай өлүмгө башын байлаган Заринанын трагедиялуу сүйүүсүнөн алынган бул тасманын актуалдуулугу туурасында Актан Абдыкалыков буларды кеп салды:

-Бул тасма аркылуу жылуу сезимди, чоң сүйүүнү жана адамдардын бири-бирине жакшы мамиле жасоосун чагылдыралы деп жатабыз. Менимче актуалдуулугу мына ошондо.

-Актерлук билими, чеберчилиги жок каармандар менен кино тартканда фильмдин деңгээли кандай болот деп ойлойсуз?

-Негизи мен актер эмес жөнөкөй адамдар менен иштешем. Меним оюм боюнча эгерде жөндөму болсо, алар деле татынакай аткарышат болуш керек.

Актан Абдыкалыковдун айтымында тасма көрүүчүлөргө келерки жылдын жаз айларында сунушталмакчы.
XS
SM
MD
LG