Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:04

«Свет аке» Женеваны кантип «жарык» кылды?..


Алматыдагы “Евразия” кинофестивалында кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Свет аке» тасмасы башкы сыйлыкка ээ болду. 2010-ж.

Алматыдагы “Евразия” кинофестивалында кыргызстандык режиссер Актан Арым Кубаттын «Свет аке» тасмасы башкы сыйлыкка ээ болду. 2010-ж.

Кыргыздын эркин журналисттеринин жана публицисттеринин бири, ушул тапта Батыш Европада жашаган Жеңишбек Кадырбек уулу "Азаттык" үчүн жазган кезектеги блогдо режиссер Актан Арым Кубаттын соңку көркөм тасмасы тууралуу ой толгоосу камтылган.



Байкабай калмак экенбиз, кошунабыз тыкылдатып: «Силердин Кыргызстандын киносу болуп атыптыр», - деп сүйүнчүлөдү. Көрсө «Свет аке» экен!

Ой жыргал,«Свет аке» Женевага келиптир! Катуу кубандык.

Yй-бүлөбүз менен көптөн бери бу фильмди көралбай жүрдүк эле. Эртеси учуп жеттик.

Барсак «балдарга бу киного киргенге болбойт» дешти кассадагылар.

“Кантип?” дегиче көрө элек кыргыз фильми көз алдыма элестей түштү. “Аа, биздикилер да катыра тарткан экен да”, - дедим ичимен.

Негизи өзүбүздө жүргөндө «Америка менен Батыштын ыпластыгын» каалашыбызча айтып ашатат эмеспизби.

Бирок көзүң менен көрүп анан күбө болот экенсиң да.

Ошол ыпыластык менен зомбулукка биз өзүбүз көбурөөк маашырланат экенбиз буларга караганда. Жалгыз эле кинодо эмес, турмушта дагы.

Ал эми бул жак андай ооруну эбак эле басып өтүп коюшуптур. Көп кыйын болбой биз ушул жагын эске ала жүргонүбүз оң.

Сөзүмөн алыстабайын. Бул кеп балдарды киргизбей койду дегенден чыгып кетпедиби.

Ошентип кайра кеттик. Эртеси өзүм жалгыз келдим.

Баса, «Свет аке» Женевада алты күн катары менен коюлуп келатыптыр. Жетинчи, эн акыркы күнүнө келип кирдим.

Ээн залдын дал ортосуна барып отурдум. Менден бөлөк бир да көрүүчү жок.

Бирөө жарым келеби дегем, эч ким келбеди. Аңгыча биздин фильм башталды.

Жарыктар жаңы өчкөндө ойлоп койдум, таңгөрү өмүрүмдө биринчи жолу ушинтип кино залда жалгыз отурам деп.

Бизде болсо «эй солдойбой тур чык» деп кубалап чыкмак. Ошол.

Ошентип Актан байке Арым Кубат тарткан 80 мүнөттүк фильм да сонуна чыкты.

“Аягы!” деп фильмди таркандардын тизмеси коюлуп бүткүчө отура бердим.

Кыргыз режиссеру Актан Арым Кубат өзү тарткан «Свет аке» тасмасында башкы ролду ойноду.

Эмнеге дебейсиңби? Анткени сагыныпмын да!

Кыргызстанды өлөөрчө сагынган экенбиз да.

Айылды, тоолорду, элдерди...

Анан калса субтитри французча, англисче жазылганы болбосо фильм кыргызча көрсөтүлдү. Обондору жакшы.

Өзгөчө Актан Арым Кубат ролдо өзү ойноп кыргыз киносунда экинчи революция жасаптыр. Өзү мурда бул аткаруучулук талантын таптап, даярдап жүрдү бекен билбейм, бирок мага өтө күтүүсүз бийиктик болду.


Демек бул фильми менен ал өзүнө өнөрдөгу кош жолду - экинчи Азапты, экинчи бактыны баштаптыр.

Экинчиси - Таалайкан Абазова. Бир сөз менен айтканда бизде Таттыбүбүлөр тирүү экен.

Мен эң биринчи ушуну сездим.

Анан эмне болду?

Бир сыйра романтикалык сезим шапатасы артка сүрүлгөн соң, кайрадан кинонун экинчи тарабы мыжый баштады.

Биз качан кыз ала качтырбай, төө чечтирбей, кызылдай мас кылбай, мушташтырбай, алыштырбай, башка улут менен жашообузду таптакыр кайчылаштырбай ж.б., ж.б.у.с. кылбай деле кино тартаар экенбиз!?

Же кыргыздын башкача жашоо философиясы жокпу? Калбай калганбы?

Ооба, турмуш - бул салт, ооба, ал - арак менен шарап, ооба, бир-биринин көзүн көгөртмөй.

Бирок качанга чейин кино тартаарда башка элдер үчүн кыргыздын талуу салтын, модага айланган турмуштук жоромолдорун казып издей беребиз?

"Аларды түгөтүп бүткөн соң кантээр экенбиз?" дейм.

Ушул жерден бир чындык калкып туру.

Биз эч качан буга чейин кыргыз кызын кантип «Москвичке» тыгып туруп ала качып барып күчтөп көшөгөгө байлаганды экрандан көргөн эмеспиз, биз эч качан буга чейин кыргыз кызынын жылаңач денесин же төшөк ойнун кылып атканын экрандан көрө элек элек, кантип арак ичип, кантип мушташканыбыз айтылчу эмес.

Ушуга окшогон көрүнүштөрүбүзгө өзүбүздүн каныбыз дурбөп атат.

«Ту-уй ата, карачы» деп жыргап атабыз.

Демек, кыргыз киносу буга окшогон чындыктарды кыргыздарга эми гана көргөзүп баштады.

Кино тартуунун азабы менен акыбети

x

Демек, мунун баары «балалык оору», жаңы башталыш.

Качандыр бир булардын баары кинодогу жөнөкөй эле бир майда деталь катары өтүп кетиши керек.

Алар кинонун туу чокусу катары элдин эсинде калбашы керек эле.


Же режиссерлор аларды кинону кино кылып турган бойок катары албашы керек эле.

Кинодогу биз издеген идеялар, бийиктиктер өтө тереңде катылган учурлар да келээр.

Балким, ал үчүн ушул жолдорду арбытып алышыбыз керек окшойт.

Дагы бир жагы, бизде кандай жаңы фильм тартылса алар адегенделе өзүбүздүн элге көрсөтүлбөйт.

Түз эле ошол жардамы тийген өлкөлөргө сүйүнчүлөнүп жөнөтүлөт.

Анан ал жактагы “кожолор” ал продукциясын андан ары түртүп, реализациялайт, түрдүү фестивалдарга алып чыгат.

Ошентип, ал жактан өздөрүнүн да эмгеги акталган соң, орундарга, ар түркүн байгелерине илинген соң анан биздин «Ала-Тоонун», «Манастын» залдарына жетет.

Албетте, ал атак – тасма тарткан кыргыздын режиссерлорунуку, ал атак - кыргыздыкы.

Бирок ал үчүн кыргыз эли да сырдана, аялуу салтын, намысын жумшаганын, сарптаганын, ашкереленгенин унутпашыбыз керек.

Ооба, «сен кыргызды сойку кылып, алкаш кылып , маскара кылып салыпсың» деп күнөөлөш - ал бери болгондо өнөрдү түшүнбөстүк.

Өнөр, адабият деген дайыма ушундай каймана чагылдырылып келген.

А бирок азыркы учурда болуп аткандай ким бирөөнүн тарткан киносу, «Каннынанбы» башкасынанбы, сыйлык алыш үчүн бүтүндөй элдин салты, ар-намысы соода катары чотко чагылып, кызыл кулактыкка таланбаш керек эле.

Дайыма аялуу салтыбыз, каадабыз, намысыбыз кино өтүмдүү болуш үчүн аны бетине кармоо дайымкы, кайталанган соодалоо процессине айланып кетти.

Мен фильмди кинотеатрда сокойуп жалгыз отуруп көргөнүмө жиним келди.

Анткени жергиликтүү элдер болгондо баарынын жолун тороп пикирин сурайт элем.

Анан түз эле кошунама келдим.

Кудай жалгап достору «Свет акени» көрүшүптүр.

“Силер үчүн кандай болду, бу фильм?” - дедим.

«Quelle horreur!» дешти ошол замат. (“Кандай маскарачылык” («Какой ужас!») дегендери).

Анан жоошутканга өтүштү, "түшүнөбүз, түшүнөбүз, ал жакта жашоо оор, ахвал кыйын" дешип. Алты жыл ичинде бир эмес, катар эки революция өткөнүн айтышып.

Анан бир кезде мыңкылдашып күлүп калышты.

Көрсө кинодогу алиги секирген эшектерди айтып атышыптыр.

«Мындайды эч качан кинодон көрбөпмүн”, - деди бири.

Атаңдын көрү, биз дагы эч качан улуттук кинобуздан эшектердин «эргишин» көрбөй эле коюшубуз керек эле... Иттики десе...



Жеңишбек Кадырбек уулу,
Батыш Европа.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG