Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

Адам турмушу менен жаратылыш жашоосунун эриш-аркак биримдиги асыресе эртеги тарых-тагдыры көбүнчө көчмөнчүлүк менен ажырагыс байланышта болгон калайык калктардын социалдык жана рухий тажрыйбасынан эң таасын байкалат. Төшү түктүү жер үстү менен төбөсү ачык көк астында ар качан жаны жай албай, көчүп-конуп жайдак жашаган ал элдер, башка отуруктуу калктар сыяктанып, өздөрүн жан-жакадагы жапан жаратылыштан сандаган жасалма объектилер менен айландыра курчап обочологон эмес.

Көчмөн калк мейли кышта, мейли жайда, мейли күндө, мейли түндө такай табигаттын тамыр кагышын жан-тени менен өтмө катар сезген; өмүр-жашоосу өткөн жапан космос койнун түбөлүктүү конуш жайы, өз үй, өлөң төшөгү катары кабылдаган. Бул — анын дүйнө туюмунун түпкү негизин түзгөн. Ошон үчүн айланадагы айдың ааламдын, жан-жакадагы жапайы жартылыштын, чар тараптагы чалкар табигаттын кулпурган эчен кубулуштары менен куюлушкан асерлери анын аң-сезимине, салт-санаасына, жашоо-тиричилигине камыр-жумур жуурулушуп сиңип калган. Ошон үчүн жаратылыш жагдайы менен жашоо образдарындагы мына ушундай жалпы же орток учурлар көчмөн калктардын материалдык жана рухий маданияттарынын көп жагынан окшош болушун шарттаган.

Айланадагы ачык ааламдын ар кандай стихияларынын шаң-шарпасынан аларды кала берсе боз үй да калкалай албаган. Түндүктөн түшкөн нур болуп, үзүк-туурдукка урунган шамалдын же жаан-чачындын дабышы болуп, кутман жердин денеден өткөн деми же кан дүргүткөн тыноо кагышы болуп, айтор, ал стихиялар көчмөн адамга ар дайым туш-туштан туюлуп турган. Ошо боз үйдүн өзү да бүт турум-турпаты (конструкциясы, функционалдуулугу, декору ж. б.) менен айланадагы жандуу жана жансыз жаратылышка органикалык түрдө жалгашып, алардан түк айрып алгыс болгон.

Бир сөз менен айтканда, боз үйдү айдың ааламдын ажайып бир микромодели десе болот. Ошонусу менен ал тээ атам заманда эле стационардык архитектура жагынан өркүндөп өнүккөн канча бир калктарды тамшандырып суктандырган. Чындыгында да, миңдеген жылдар бою муундан-муунга уламдан улам өркүндөтүлүп отуруп, боз үйдүн архитектоникасы функционалдуулугу жагынан да жана көркөмдүгү жагынан да кайталангыс түр-түспөлгө жеткени шексиз. Ошондуктан отурукташкан калктар маданиятынын не бир эстет көйкашкалары көчмөндүн боз үйүнүн жанга жайлуулугуна жана асем көркүнө так катып көз артышканы кокусунан эместир. Анын айкын бир мисалы - көөнө замандагы көрүнүктүү Кытай акыны Бо Цзюй-И нин көчмөндөрдүн боз үйүнө арнап, чын жүрөгүнөн чыгарган төмөңкү эң сонун ыры далил:

Ак боз үй

Сан миң койдун жүнүнөн,

Сансыз түйдөк түрүшөт.

Сай талдардын түрүнөн

Кереге-уугун сүрүшөт.

Түндүктүн буурул таңында,

Көк мунарык шаңында,

Көркү сонун боз үйдү,

Көкжал көчмөн эрендер

Көк жайыкка тигишет.

Буюруп жазмыш бу күндү,

Түндүккө түштүк жүгүндү.

Көчмөндүн акбоз өргөөсү,

Жергеме жетип тигилди.

Куюн тийсе солк этпейт,

Жаан-чачын эч өтпөйт.

Дубалы жок, бурчу жок,

Ичи жылуу, көңүл ток.

Жоокерлер менен жол кезип,

Тоо-талааны арытты.

Акбоз үй конуп короомо,

Көргөндүн көзүн талытты.

Ай мунары астында,

Ажары көңүл толкутат.

Ажайып кийиз жабуусу

Кыш чилдесин коркутат.

Кереге-уугу келишкен,

Керемети тири укмуш.

Саймалуу үзүк-туурдук,

Сарамжалы бир укмуш.

Очогунда от бийлейт,

Ойноктоп от шок бийлейт.

Өз тамын чанып андайда,

Ушундай үйгө ким кирбейт.

Коломто чогу кызарган,

Кызгалдак гүлдөй албырат.

Туш кийиз, көрпө, шырдактар,

Көргөндүн көөнүн дал кылат.

Колуңдан келсе жыргап кал,

Төрүндө жатып магдырап.

Түнөргөн түндө түтүнү,

Түндүктөн көккө чубалат.

Мас болуп жыпар жытынан,

Көлкүлдөп көңүл кубанат.

Көктөмдө кирген шар суудай,

Көөдөндү жарып ыр агат.

Ушундай укмуш үйүнөн,

Бейишти берем десе да,

Кандай бир пенде чыгалат.

Канчалар жүрөт камыштан,

Алачык жасап алышкан,

Аязда тоңуп калтырап.

А боз үйдүн жөнү бир башка,

Адамды айраң калтырат.

Дүйнөдөн безген, жер кезген,

Кечил да ага таңгалат.

Карыздан башы чыкпаган,

Эртеден кечке уктаган,

Кесир да ага таңданат.

Кадырлап сыйлуу конокту,

Боз үйдөн күтүп сүйөмүн.

Балдарым үчүн боз үйдү,

Бапестеп сактап жүрөмүн.

Менсинген хандын сарайы,

Боз үйгө кайдан теңдешсин!

Ак урса дагы ага мен

Ак өргөөмдү бербесмин!

(ыр орус тилинен макала авторунун котормосунда берилди).

Бо Цзюй-Инин өмүр таржымалы

Бо Цзюй-И (772—846) жөнүндө, белгилүү адабий булактарда, ал Тан доорунда жашап өткөн айтылуу акын болгону маалымдалат. Тарыхта дал ушул Тан династиясы учурунда кыргыздар уйгур каганатын уратып, Борбор Азияда кыргыз каганаты гегемондук кыла баштаганы катталып калган. Аны Тан императорунун Кыргыз ажосуна жазган каттары жана эки өлкөнүн ошол убактагы дипломатиялык-элчилик алака байланыштары да далилдеп турат.

Кытай адабият тарыхчылары Бо Цзюй-Ини Тан доорунда азыркы Шинжаң (Чыгыш Түркстан) аймагында Карашаар менен Аксу аралыгында өкүм сүргөн Куча (Кучар) өлкөсүнүн тектүү бий тегин тукумунан чыккан деп болжолдошот. Жаштайынан өз заманынын Кун-фу-Цзы (Конфуций), Лао-Цзы (Дао), Будда окууларына сугарылып, өмүр жолунда бир катар мартабалуу мамлекеттик мансап кызматтарын да аркалаган дешет. «Тан тарыхында» («Тан шу») Бо Цзюй-Инин, жогору даражалуу төбөл экенине карабай, карапайым калкка кайрымдуу жана жан күйөөр муңдаш-сырдаш болгону эскерилет.

Ырларында көбүнчө жөнөкөй пенделердин көйгөйлөрүн чагылдырып, адилетсиз аткаминерлерди ашкерелегени белгиленет. Жазган ырын адегенде кембагал кемпир-кесекке окуп берип, эгер түшүнбөй калышса, качан алардын көңүлүнө ынаганга чейин кайра-кайра ийлеп, ийине жеткирүү ал үчүн айныгыс акындык адатка айланганы айтылат. Акын катары ал көзү барында эле бир гана Кытай эмес, Жапон өлкөсүндө да атагы таш жарып турган дейт. Бо Цзюй-Инин жазган чыгармаларынан дээрлик үч миңге жакын ыры сакталып калган.

Анын аты-жөнү учурунда ошондой эле Бо Лэтянь, Бо Сяншань ысымдары менен да дайын болгон экен. Буга караганда, Бо Цзюй-И анын акындык ылакап аты (адабий псевдоними) окшойт. Мага негедир бул ысым биздин боз үй деген атообуздун кытайча транскрипциясындай туюлат. Айтса-айтпаса, өзү Кытай өкүмдарынын (императорунун) аша мартабалуу мансап өкүлү болсо, анан ырасмий ысымынан айырмалаш үчүн ырларын Бо Цзюй-И (Боз Үй) деген ылакап ат менен жарыялашы толук ыктымал да!

Себеби, менин жеке оюмда, ал канчалык кытайлашып, бийлик сересинин бийик тепкичтеринде жүрбөсүн, баары бир, өзүнүн түпкү тегин, башат-тамырын, кандаш-жандаш көчмөн урук-журтун, туулуп өскөн боз үйүн эч качан унуталмак эмес. Аларга деген астейдил арзуу сезими аны өмүр бою коштоп жүргөнү шексиз. Ошон үчүн «Боз үй» аталышын ал бой тумар символ катары өзүнө адабий ылакап ысым кылып алышы жана көчмөндүн ак өргөөсүнө өйдөкүдөй керемет ыр саптарын арнашы өзүнөн өзү түшүнүктүү табигый жосун го деп жоромолдойм.

Өзүнүн Кытай поэзиясындагы ээлеген орду боюнча Бо Цзюй-И (Боз Үй) Тан заманынын (VШ к.) залкар акындары Ли Бо жана Ду Фу менен бир катарда турат. Анын ысымы Меркурий планетасындагы кратерге ыйгарылган.

Калык Ибраимов, СССР жазуучулар союзунун мүчөсү, философия илимдеринин кандидаты

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG