Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:28
«Байларга караганда жардылар кабагым-кашым дебей, жадырап-жайнап,
шайыр-шаттуу жашашат»
(Сенека)

Сөзүмдүн башын байыркы римдиктердин көрүнүктүү ойчулу, саясий ишмер, император Неронду тарбиялаган устат Луций Анней Сенеканын даанышман кебинен баштагым келип жатат. Анткенимдин жөнү бар, өзүңүздөр баамдап тургандай, сөзүбүз байлар туурасында болмокчу. Анда эмесе, cөзгө конок берели.

Байлык ашып-ташыганы менен анын да азап-тозогу бар. Уйкуну жеген убайымы бар. Таза жол менен келген байлык болсо жарасы жеңил го, ичип-жегени сиңимдүү, жандары тынчырак жашашат дегендей. Канткен менен уурулук жол аркылуу маарыгандардын «көчүктөрү» өтө эле кууш болуп калат.

Ооба, карапайым адам кабагым-кашым дебей, коркпой-үркпөй эле жашоосун кечире берет. Ал эмес "эй, эртеңки күнү эмне жейсиң?" десе, «Кудайдын айтканын көрөбүз да» деген жообун айтып, бурулуп алып басып кетет. Кыргыз калкынын 70-80 пайызы акыркы жыйырма жылда ушундай топуктуулук менен эле жашап келатат. Топук кылбагандар, тойбогондор кимдер? Баягы эле «байлар». Бирок «байлар» деп жалпылап айтканым одонороок болуп калат го дейм, андыктан «коррупционерлер» деп эле айтайынчы. Мына, накта «байлыгы» башынан ашып-ташыган «танкалардын» армиясы так ушулар.

Кантип, кандай жол менен булар мындай эсепсиз байлыка ээ болуп алышкан? Асмандан жаадыбы буларга байлык? Жок. Булар кадимки эле уурулар. А ууру кылган адамды, бирөөнүн чөнтөгүнө, элдин ырыскысына, калктын, мамлекеттин капчыгына кол салгандарды илгери Кытайда колунун манжаларын керте чаап, мойнуна каамыт кийгизип салышчы тура. Бул өлүмгө тете жаза болгон.

А бүгүнкү мезгилде деле Кытайда «коррупционерди» аяп, башынан сылап, эркелетип отурбайт. 2005-жылы Орто Азиядан барган журналистердин тобу Кытайдын кылкылдаган шаары Шанхайда болуп, ошол 18 миллион калкты тейлеген Шанхай шаарынын мэри менен жолуккан элек. Ошондогу биздин «коррупция» деген айыкпас илдетке байланышкан сурообузга расмий жооп берүүдөн баш тартып, а бирок кийинирээк атайын түштөнүү учурунда тымызын четин чыгарып айтып берген эле. Ошол мэрден мурункусу шаар курулуш иштеринен анча-мынча тыйын өөнөй койом деп болгон мүлкүнөн ажырап, 25 жылга түрмөгө кесилип кетиптир. Анын азырак жеп, аман калганын айтып, «бактылуу адам» экен деди эле мэр өзү.

Ал жакта кайсы бир өлчөмдөгү суммадан ашык жеп койсо сурак-мурагы жок эле атып саларын баса белгилеп беришкен. Мына, ушуга кандай карайсыздар? Менин жеке пикиримде туптуура кылышат. Карагыла, биздикиндей «жеп-жутаарлары» болсо аларды миңдеп атып турса да, күнөөсү тоодой «коррупционерлерди» айтам, андан кытайлыктардын кылы да кыйшайып койбойт, эзели элинин саны бөксөрүп да кетпейт, а бирок миллиардаган калктын жашоо турмушуна, экономикасына эсепсиз пайда болоору турган иш. Дал ошондой үзүрлүү реформанын аркасы менен акыркы 20-30 жылда улуу Кытай болуп көрбөгөндөй гүлдөп, өнүгүп, өсүп, бүтүн дүйнө жүзүн багып, дүңгүрөтүп жатат.

Эми өз өлкөбүзгө келели. Бакиев мезгилинде Бишкекти «бийлеп» турган Түлеевдин ойдаа бир жылдызы жанган эле. Биягына бапырата парк куруп, тиягынан фонтан аттырып, фонтанды да жөн аттырбай айланасына Манас бабабыздын кас душмандарынын айкелин каз катар тизип, аларды "Ала-Тоо" аянтында сейилдеп, сергип турсун дегендей аракет кылды эле, кашайып Бакиев «атасы» экөөнүн ал максаты иш жүзүнө ашпай калган. А бирок анткен менен анын ошол май-көл, сүт-көл учурдан ченебей пайдаланып, эсепсиз маарыганы эми булайып чыгып, кыңыр иши кырк жыл эмес, төрт жылга жетпей эле билинип калды. Азырынча билингени бир миллион төрт жүз миң доллар экен, элдин эсебинен «ап» деп койгон акчасы. Акчасы жөн эле акча болсо жыргабайт белек, «жапжашыл» акча тура, кытыраган. Анан ошол кытыраган акчалар аны депутат кылды.

«Эч кимдин колу тийгис болуп алдым, эми эртелеп кайра шаардын мэри же премьер боло калсам, андан аркысын көрө жатармын. Биринчи адам болушка бир кадам калат» деп, алакан ушалап турган. Анан эле ачык турган асманды кара булут каптап, Нариман акебиз «нарга» түшүп калбадыбы. Баракелде дебеске арга жок, «акактай таза адамдын аброюна шек келтирип, бул деген накта саясий куугунтук» дешип, кай бири жакаларын уучтап, 37-жылды оозанып да жиберишти. Түлеев өзү түз эле БУУнун эшигин тыкылдатып кирип барып, эл аралык сотторго жетип, «Атамбаевди баш кылып соттотом» деп айтып ийди. Жакындарынын бирөөсү «эшектер, эртең бийлик алмашса - баарыңар тең өлөсүңөр» дегендей ызырынды. Бакиев кайра келип калат дегендей үзүлбөгөн үмүттөрү бар го сыягы.

2007-жылдын март айларында МТРКнын журналисти Кайрат Биримкуловду өз үйүнүн жанынан өлөөрчө сабап кетишти. Жылдын башында «Кыргыз Темир жолу» ишканасындагы ашынган былык иштери боюнча журналисттик изилдөө жүргүзө коюп, анын жыйынтыгын басма сөздөргө жарыялайм деген аракетинен майнап чыкпай, аягы чет өлкөгө чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Январь айында мага келип, толгон чуулуу материалдарын жая салып көрсөтүп, аларды «Агымга» жарыялоону чечкенбиз. Анан эле кечке жуук кайра келип «Байке, кереги жок, чыгарбай эле койолучу, бул чыгып кетсе, соо калбайм, Түлеев түбүмө жеткени калды окшойт» деп, болгон кагаздарын кайра көтөрүп кеткен. Ошону менен жабылуу аяк жабылуу бойдон калып, Кайрат иним октябрда укук коргоочу Качкын Булатов менен атайын келип коштошуп кеткени эсимде. Анын ал учурдагы абалын анча деле аңдаган эмес экем. Кийинчерээк так ошол Кайраттыкындай тагдыр өз башыма түштү. “Башка түшсө, байтал жорго болот” деген чын экен да.

Эл журттун курсагы курулдап, ачкасынан кесээрип, эмне кылаар айласын таппай отурганда Түлеев түз эле жүз миллион доллар иштеп тапканын жарыялап жүргөн. Ошондо ондогон адамдардын оозу ачылып, ошол бойдон жабылбай да калган. Ошол ачылган ооздор эми олигарх Түлеев түрмөгө түшкөндө араң жабылбадыбы. Ошентип ушу тапта жалгыз эле Түлеев эмес, түмөн «жегичтердин» түн уйкусу бузулуп, ашыкча дөөлөттөрү баштарын жарып, айлаларын таппай «аллергия» болуп турган чактары.

Түлеев менен кошо отурган Ак үйдөгү парталаш «ак көйнөкчөндөрдүн» теңинен көбү май калпыган «мансаптуулар». Алардын жоон тобу тээ тиги токсонунчу жылдан баштап эле элди тоногондор, эң кызыгы бийликтин эки чылбыр, бир тизгини жалаң гана ошо тоногонго көнгөндөр, жалаң ошол тойбогондордун колунан чыкпай турат. Этектерине эрмешип, жакаларына жармашып атышып эки президенттин эсебин табышты. Ал экөөндө болсо ар-намыс, уят-сыйыт дегендин жыты да калбаптыр. Жылтырагыча тоюп, семирип алышты да «жылт» коюп кете беришти. Качып барып алышып, капкайдагы жомок менен элдин башын айлантып, акыл-насаат үйрөтүп турушат, анда-санда.

Экөөнүн тарбия-таалимине сугарылып бүткөн, жөө тумандай «жөкөрлөрү» саткын кожоюндарга каалагандай, катыра кызмат кылып беришти. Жаман эмес, ошонун үзүрүн эмдигиче көрүп жатышат. Колу буттарын кайрып, кармап келип, аларды элден кечирим суратып туруп, катыра жазасын берчүүлөрдүн ана башында так ушул эки «кит жегич» турат. Чартаңдаган «чабактары» мындан көп.

Кандай айырмасы бар, китпи, битби, чабакпы баарынын тең эл алдында жооп бере турган учуру келди, бири да калбай. Алардын баарын санасаң санактан адашасың. Эң кызыгы азыр санатпай-этпей эле, эл журт алардын ар бирин аттын кашкасындай тааныйт жана жатка билет.

Эми ошол Акаев менен Бакиев бийлигинин тушунда майын чыгарып «иштеп», мансапка оңбогондой маарыгандардын баарын «кустуруп», акыйкаттык менен дыкат текшерип, күнөөлөрүн аныктап, күнөөсү жок болсо актап, тактап, таразалоо зарылчылыгы турат.

Андан дагы булардын кимисине болбосун ооз ачып эле койсо болду, «опулдап», коргоп чыккандардын армиясын кадимкидей эле «компанияга» айлантып, таптакыр эле кесип кылып алышты десеңер. Бир чети аларды күнөөлөш да чекилик болуп калчуудай. Себеби аларды көкүтүп, калканыч кыла койгон ошол эле байлыгы башынан ашып-ташкан «байкуштар» болуп жатпайбы. Дароо «байкуш» боло калышат.

Канткен менен эл деле түшүндү көрүнөт. Тууганы ак болсо, таза болсо жакындарынын туруп бериши керек го. Аларды алиги «жегич» тууганы жеткизе камсыздап келген да убагында, аны актайм деп чыккан тууганы - акесинин тапканы кайдан, кандай жол менен келгенин билип коюптурбу? Азыр эми арам акчаларды алып жүрүшкөнүн аз да болсо аңдап жаткандыр.

Туура түшүнсөңүздөр экен, акыры эл катары, эгемен өлкө катары жакшы турмушта, эркин, бакубат жашагыбыз келсе мындай долулукту таштайлы, бул жарабайт. Эртеңкини, бала-чакаңардын, небере-чөбөрөнүн келечегин да ойлоп дегендей. Байлыкты ак иштеп, таман акы, маңдай тери менен тапкандар деле бар го, бирок андайлар өтө аз жана саналуу болуп жатпайбы. А “сизиң” менен “бизиңдин” ырыскыбыздан өөнөп, каалаганындай уурдап, миңдеп эмес, миллиондоп жеп атса деле алардын таламын талашып, коргой берген кайсы акылга сыйсын?

Коргой турган адамды, жөн эле жерден кордук көрүп атса акыйкаттык үчүн андайларды жактап чыгуунун жүйөсү бар десек жарашар. Колдоого муктаж болуп турган азыр президент Атамбаев. Колуңардан келсе анын ушул коррупцияга каршы жасаган чечкиндүү кадамдарын кош колуңар менен колдоп, жардам берсеңер жарашаар беле?

Кандай гана реформа, өзгөрүү, жаңы башталыш болбосун - элинин, журтунун колдоосу жок болсо кайдагы жылыш да, кайдагы өсүш? Өйдөлөгөн, өскөн өзүбүзгө керек го акыры. А силер коргоп, кокуйлап аткан коррупционерлердин басып койгон байлыктары керек болсо төрт-беш муунуна жетет. Андан силерге эмне пайда?

Асыран АЙДАРАЛИЕВ
Эркин журналист, публицист.
Финляндия. 10.07.2012.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG