Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Денис Сайнор (1916-2011) – ХХ кылымдагы чыгыш таануучулардын “акыркы могиканы”


Профессор Денис Сайнор ПИАКтын 44-отурумунда. Валберберг, Германия. 2001-жылдын 27-августу. TCh.

Профессор Денис Сайнор ПИАКтын 44-отурумунда. Валберберг, Германия. 2001-жылдын 27-августу. TCh.

Жакында дүйнөлүк чыгыш таануу илими зор жоготууга учурады. Америкалык белгилүү илимпоз, ПИАКтын негиздөөчүлөрүнүн бири, АКШдагы Индиана университетинин Борбордук Евразияны Иликтөө кафедрасынын ардагер профессору Денис Сайнор 12-январда 95 жашында дүйнөдөн өттү.

Кеңири билимдүү, полиглот, либерал чыгыш таануучу, залкар окумуштуу Денис Сайнор (мажарча тегаты – Шинор, Denis Sinor) дүйнөдөн кайтканын угуп, кабыргасы кайышкан чыгыш таануучулар арбын болду.

Профессор Сайнор Евразия тарыхына жана тил илимине байланыштуу 8 илимий монография, 160тан ашуун илимий макала жазып, көптөгөн эл аралык илимий монографияларга редактор болгон.

Маселен, “Британника” (Encyclopaedia Britannica) энциклопедиясын жана “Азия Тарыхы Журналын” (the Journal of Asian History) чыгарууга редактор жана автор катары салым кошкон.

Денис Сайнордун шакирти, учурда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Чарлз Карлсон биз менен маегинде маркум Сайнордун салымына мындайча баасын берди:

- Менимче, ал өтө залкар мурас калтырды. Профессор Сайнор, оболу, абдан көп шакирттерин телчиктирди. Алар дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүндө ири илимпоздор, профессорлор болуп калышты. Ал “Борбордук Азиянын Кэмбриж Тарыхы” сыяктуу эмгектерди жарыялады. Андан тышкары, ал “Евразия” деген илимий терминди киргизди. Ошентип, ал “Алтай тил дүйнөсүнүн калктары” деген терминди Азия менен чектеп салбай, кеңейтип, ага Кавказдагы алтай элдерин да кошту. Жапондордун тили да Алтай дүйнөсүнө кириши мүмкүндүгүн жазды. Ошентип, ал өзү киргизген “Евразия” илимий түшүнүгү аркылуу Европа менен Азияны бириктирди.


Профессор Сайнор 1916-жылы 17-апрелде Мажарстанда (Венгрияда) туулган, Будапешт университетинде, кийинчерээк Швейцария менен Францияда да окуган.

1939-1948-жылдары Францияда, Парижде окутуучу болуп иштеди.

Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Францияда германдык фашисттерге каршы күрөш жүргүзгөн элдик кыймылга да катышкан.

Ал 1948-1962-жылдары Улуу Британиядагы айтылуу Кэмбриж университетинде (University of Cambridge) да сабак берген.

1962-жылы АКШнын Блүмингтон шаарындагы Индиана университетинде (Indiana University) окутуучу-профессордук ишин баштап, мында Урал таануу жана Алтай таануу кафедрасын ачат.

Кафедра кийинчерээк Борбордук Евразияны иликтөө кафедрасы болуп аталып, аны ал 1981-жылга чейин башкарган.

Аксакал чыгыштаануучу ушул университеттен ардагер болду. Өмүрү өткүчө ардагер профессор катары бул окуу жай - Индиана университети менен кол үзбөй кызматташты.

Кыргызстанда да Сайнордун көптөгөн кесиптештери жана шакирттери бар. Сайнор уюштурган ПИАКтын шеринелерине Ала-Тоодон тилчи, тарыхчы, булак таануучу, этнограф, ономаст жана башка далай адистер катышып, чет өлкөлүк кесиптештери менен баарлашуу мүмкүнчүлүгүн алышкан.

Кыргыздын эл аралык чөйрөгө белгилүү тилчи окумуштуусу, академик Бүбүйна Орузбаева “Азаттыкка” ыраматылык Сайнор жана ал негиздеген ПИАК тууралуу мындай деп айтты:

- 1953-жылы “Туруктуу Эл аралык Алтаистика Жыйыны” (ПИАК) деген уюмду уюштурат. Анын өзгөчөлүгү эле - жылыга бир өлкөгө (чыгыш калктарынын) тили, тарыхы, маданияты, салт-санаалары жана башка жагдайлары жөнүндө кызыккан жана аларды иликтеген адис кишилерди конференцияга чакырып тургандыгы.

Улам жаңы адистерди чогулушка тартып турушту. Жылдык жыйындар, маселен, АКШ, Германия, Франция, Белгия, Скандинавия өлкөлөрү, Түркия, Жапония, Тайванга чейин болгон. Мен он чактысына катышып калдым. 1969-жылы ПИАК жыйыны Берлинде болуп, мен баяндама менен барып, көп кишилер менен тааныштым. Түркологиянын кеңири өлчөмдөгү маселелери боюнча да жыйын өткөрүштү.

Бул киши өзү болсо орхон-энесай жазууларын чечмелөө жана башка маселелерде баяндамалар жасап жүргөн.

Акыркы жолу 1999-жылы Прагада “Азаттыктын” сүрөөнчүлүгү менен ПИАК жыйыны болду, мен да ал жыйынга катышкам.

А киши Бишкекке да келген бир жолу. Он чакты жыл мурда "Мээрим" корунун эл аралык фестивалы өтүп, ага Сайнор да конок катары катышкан
, - дейт Бүбүйна эжекебиз.

1986-жылы “Туруктуу Эл аралык Алтаистика Жыйыны” (PIAC) деп аталган чыгыш таануучулар шеринесинин жылдык жыйыны ал кездеги советтик бийлик астында болгон Ташкен шаарында өттү.

Ошондо мен ПИАКтын Башкы катчысы катары СССРге келген Сайнор мырзаны алгачкы жолу көргөм.

Профессор Сайнор 1992-жылы дагы бир жылдык жыйынды Алматы шаарында уюштурганда, кийинчерээк Прага жана Валберберг шаарларындагы ПИАК жыйындарында да аны менен көрүшкөм.

2007-жылы жайында ПИАКтын жыйыны Казан шаарында өттү. Бирок Сайнор мырза саламаттыгынын начардашынан улам Казан жыйынына жана андан кийинки жыйындарга (маселен, Хух-Хото жыйынына) келе албай калды.

Кийинчерээк да анын илимий баяндамаларын угуп жүрдүм, 90дон ашкан аксакалдын эрудициясына жана акылы тунуктугуна абдан тен бердим.

Азыркы тапта ПИАКты анын шакирттеринин бири, германиялык чыгыш таануучу профессор Барбара Келлнер-Хайнкеле (Barbara Kellner-Heinkele) жетектеп келет.

Профессор Хайнкеле таркаткан аза бөлүшкөн катта профессор Денис Сайнор ПИАКтын Баш катчысы катары дээрлик жарым кылымдай кызмат кылганын, тээ кансыз согуш кырдаалында да анын мээнети менен Батышка жана коммунисттик Чыгышка жиктелген чыгыш таануучу окумуштуулар орток шеринеге чогулуу мүмкүнчүлүгүн алганын баса белгилеп эскерет. Батыштагы башка далай институттар үчүн бул мүмкүн эместей иш-чара болчу, дейт Хайнкеле айым.

Денис Синордун артында карындашы, кызы, үч небереси жана төрт чөбөрөсү калды.

Маркум профессор Денис Сайнордун сөөгүн коюу жөрөлгөсү Блүмингтондогу Ыйык Карл католик чиркөөсүндө 21-январда өтөөрү жарыяланды.

Топурагың торко, жаткан жериң жайлуу болсун, Сайнор мырза!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG