Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:03

Той жана анын эртеси


Той да болду, тойдун эртеси да болду демекчи, Индияда жомоктогу үйлөнүү тоюн эңсеп барганым бир тең, аны элдин баарына жарыялап салып (ушул блогдо, сизге дагы, окурман!), анан кандай түшүндүрсөм экен деп түйшөлгөнүм бир тең болду.

Буга эч ким деле күнөөлүү эмес, той ээлери да колунан келгенинче сыйлады, канча убара болду. Бирок ичимде чийки эт жегендей түпөйүл сезим калды. Балким убакыт өтсө, башкача баа берээрмин, бирок той күнү да, эртеси да, анан кийинки күнү да ойлонбой иш кылып, өзүмдү өзүм ыңгайсыз абалда калтыргандай сезип жүрдүм.

Бул тууралуу жазсамбы, жазбасамбы деп көпкө ойлондум. Анан "ырдайм деп келгенден кийин ырдаш керек" деген сыңары, жазам дегенден кийин жазыш керек, деп калемди колго алып отургандагы кербезим.

Бир сөз менен айтканда, Насердин тоюн мен индус кинолорундагыдай, Шахерезаданын бүтпөс жомокторундагыдай, жаш жубайлар гүлдесте менен кооздолгон пил минбесе да, шаңдуу, көңүл жайлантып, шаркыратмадай төгүлгөн музыка жаңырган кече болот деп элестеткем.

Тойго Пакистандан Надя менен Нисар, Кабулдан Лутфулла, Бангалордон Лаик келмек. Биз Насер менен алтообуз АКШда журналисттик саякатта чогуу болгон элек. Ошондо баарыбыз Насердин тоюна барабыз деп сүйлөшкөнбүз. Бирок Надя Карачиде парламенттик шайлоо башталды деп келбей койду, Лутфулло бир жума калганда айтсаңар, жетип барам деген боюнча жоголду, Нисар виза ала алган жок (Пакистандын жарандарына Индияга виза алыш дээрлик мүмкүн эмес). Хайдарабаддан поезд менен жарым күндө жетсе боло турган Бангалордон Лаик бизде да шайлоо кычап атат деп келген жок. Анысы ал болду.

Мен Надядан бул кандай той, кандай белек алыш керек, кандай кийиниш керек деп сурасам, «өзүң билесиң, Насердин үй-бүлөсү динге берилген адамдар, колуктусунун атасы андан өткөн молдо экен» деп туюк жооп берген. Индия деген космикалык доош менин дүйнөмдү толук бийлеп алып, Надянын айткандары не кулагыма, не көкүрөгүмө кирбей калса керек. Кирген болсо, мынча көңүл калды болбойт элем да, туурабы?

Айтор, Насер аэропортко такси жиберип, шаардын так ортосундагы заңгыраган мейманканага жайгаштырды. Той болоор күнү досу Саидди жиберип, шаар көргөздү. Түштөн кийин келип кетсин дептир, той боло турган ресторанда жүрүптүр, ал жерден түштөндүк. Ресторан деген менен, кадимки эле чоң короого үстөлдөрдү коюп коюшкан. Тойго кечинде саат тогузга келгиле деди, кайра тогуз жарымга дептир.

Саиддин машинасы менен бардык. Аялдар сол жакта, эркектер оң жакта тамак ичишти, ортосу көшөгө менен бөлүнгөн. Мага Насердин энеси саймаланган сары көйнөк берди, шымы, шарфы менен бир баштык болот экен. Мен да Кыргызстанда колго жасалган жибек жоолук, көйнөк, саймаланган түркмөн топу бердим.

Аялдар да, секелек кыздар да мени айланчыктап, кызыга карашат. «Кайдансың, атың ким, эмне иш кыласың?» - деген суроолорду беришет. Өз аттарын айтышат, баары индустардай кооз, жалтырак кийимдерди кийишкен. Чоңураак аялдар ары-бери басышат. Топ-топ болуп, аркы-теркини сүйлөшкөн болушат.

Насердин карындашымын деп бир кыз келди. Окууну бүтүп, аялдар темасын изилдеп жатыптыр. «Индияда мусулман аялдар үч түрдүү дискриминацияга туш келишет, аял катары үйүндө, диндеги чектөөлөрдөн өз чөйрөсүндө, анан азчылык катары дискриминация бар», - деди. Башка эч нерсе кошподу, менин деле пикириме кызыкпагандай сезилди. Андан ары сөз уланган жок.

Ошентип, саат 11 жарымга чейин отургандай кийин, Насер аялы менен келип, «Бизди сүрөткө тартам дебедиң беле, мына тарт, анан тарамай», - деди. Ошентип үйгө кеттик.

Азыр ойлогондо бир учур эсиме келет. Тойго жаңы келгенде Насердин иниси Норидин маңдайыбызга келип отуруп, «Бизде ушундай, аялдар бөлөк, эркектер бөлөк отурат» деди. Норидин жазы маңдай, чачы, кашы көмүрдөй кара, көздөрү бакырайган жигит. Бир көргөндө Боливуддун эле киносунан түшүп келгендей көзгө толумдуу.

Музыка болобу? - десем, «Жок, бизде музыка жок, биз фундаменталист мусулмандар болобуз, жүздөгөн жылдардан берки салтты кармайбыз», - деди салабаттуу добуш менен. Мен аны тигиле карап, албетте, салтты сакташ керек дедим. Ал менин чын дилден айтканымды, же какшыктап жатканымды түшүнгөн жок. Пландарың кандай? - десем, «Университетти бүттүм, эми Европага барып, окуумду улантайын деп жатам». - деди.

Музыка жана дин темасында көп нерсени айтса болот эле, көңүлүм чаппады. Жанында турган Саид аны бир карап, мени бир карап, билинээр-билинбестей мыйыгынан жылмайды. Тойдон кийин кетип баратканда Саид ачылып сүйлөдү. Көрсө ал журналистикага өткөнгө чейин бир канча жыл рок группасында ойногон экен. Балким ал Насердики сыяктуу чөйрөдө муну айтпас эле.

Айтор, бир жолу даам сызган жерге жүз жолу салам айт дегендей таарыныч жок, тескерисинче алыстан келди деп, урматтап узатышты. Бирок жомокту жоготкондой ичимди эңшерилткен сезим менен Хайдарабаддан кеттик.

16 саат дегенде Гоага жеттик. Ал жерде эки жумадай болдук. Узак жылдар Португалиянын колониясы болуп, христиандар көп болгондонбу, Европада жүргөндөй болосуң. Хайдарабаддагыдай бассаң-турсаң, сени узата тиктеп, сөзсүз келип бирдеме деп киймиңди кармалаган мамиле жок, чет элдик экениңди деле элес алышпагандай, тең ата мамиле.

Өң-түстөрү кадимки эле ынды кара индустар, бирок эл аралык туризмдин чордону болгондон дагы болсо керек, адамдар сени сынагандай, же баалагандай карашпайт. Батыш элдеринде уламышка айланган Гоанын сыры ушунда болсо керек деп калдым.

Эң башкысы дал ушул Гоадан мен эңсеп күткөн индус тоюн көрдүм. Болгондо да көчөдөн. Керней-сурнай тартып, добулбас каккан шайырлардын алдында беш-алты киши бийлеп жатты. Шайырлардын артында кыз-күйөө, тегерегинде урук-туугандары турушат. Бир нерсени күтүп жатышкандай. Кичине басып, анан токтоло калышат.

Мен айфонумду алып, тойду тарта баштадым. Бир миң түн жомогунан түшө калгандай шөкөттөлгөн кийимчен кыз-жигит да, башкалары да мени бир аз ууртунан жылмайгандай жайдары карашат. Мен аларга жакын келип, видеого тартып жаттым.

Сыр билгизбеген менен, ичимден кубанычтуу сезимдер буулугуп, сыртка атып чыкчудай кысылат. Мен аларга «Жоготкон жомогумду кайра таптым!» деп айткым келди, колдорунан кармап, кучактагым келди. Алардын жоодураган көздөрүнөн толукшуган мээрим сезимдер чөйрөгө эфирдей жайылып, мени да чулгап жаткандай туюлду.

Индияны акыл менен түшүнүп болбойт окшобойбу.

Индустардын тою, Гоа, Индия
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:02 0:00

XS
SM
MD
LG