Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:20

КАЗАТ АКМАТОВ: ОН АЛТЫДАГЫ МАМЛЕКЕТИБИЗ ӨСПҮРҮМ БАЛАДАЙ КЕЗИ


Кыргызстан эгемендик алганына 16 жыл толду. Бул жылдарда Кыргызстан эмнеге жетишти жана эмнеден өксүдү? Кыргызстандын ардагер жазуучусу Казат Акматов “Азаттыктын” таңкы уктурууларынын маектеши болду.

- Саясат таануу илиминин аныктоосунда эгемендүү мамлекет болуп эсептелиш үчүн ар бир мамлекет бир катар критерийлерди аткарышы керек. Алардын негизгилери булар- мамлекет тышкы жана ички коопсуздугун камсыз кылыш керек. Экинчиден, мамлекеттин көз карандысыздыгын камсыз кылала турган экономикасы болуш керек жана үчүнчүсү ошол коопсуздукту, экономиканы жана жалпы эле мамлекеттин жашоосун башкаруучу ыраттуу иштей ала турган саясий системасы болуш керек. Бул критерийлерди Кыргызстан аткара алдыбы. Сиздин оюнузча кандай болду?

- Бул суроону мен жазуучу катары метафора менен сүйлөйүн. Он алтыга чыккан мамлекетибиз өспүрүм баладай болуп турган кез азыр. 16 жылдын ичинде бул балабыз кандай тарыхты башынан кечирди, кандай өмүр сүрдү? Ушул жөнүндө мен жазуучу катары айтсам, 16 жылдын ичинде бул өспүрүмдүн өмүр турмушу бир топ татаал болду. Бул баланын төрөлүшү мамлекеттин төрөлүшү сыяктуу болот. Төрөлөт, торолот. Мен ошол кезде Жогорку Кеңештин депутаты катары бул мамлекеттин төрөлүшүнө, торолушуна, телчигишине катышкам, биринчи конституцияны жазышкам. Мына ошол балабыз 16га чыгып отурат. Баланын атасы болот экен, президентти шайлап берет экенбиз, президенттин жубайы энеси болуп калат экен мындайча алганда. Ошентип ата-энелүү бала курсагы ток болуп, кийими бүтүн болуп, тарбияны туура алып жакшы өссө жакшы болот экен. Эгер анте албай, атасы менен энеси баланы жакшы карабай, өздөрү үчүн, бийлиги, байлыгы үчүн кам көрүп тескери жакка кетсе бала кароосуз калат экен, ден соолугу начар, кийими жыртык, курсагы ач болот экен. Ошол сыяктуу абалда келдик биз. Эң негизги бул баланын чоң стресс алганы, биринчи ата-энеси таштап салып качып кеткени болуп калды. Бул бала жетим калып, экинчи ата-энелүү болуп, азыр экинчи ата-энесинин колунда турган кези. Мунун агалары болот экен, Жогорку Кеңештин депутаттары сыяктуу. Алар атасынан бийлик, байлык талашат экен. Баланы ойлогон, караган адамдар азыраак болуп калат экен. Ошентип отуруп бала 16га чыкты, бала торолуп келатат, бирок ден-соолугу жакшы эмес. Бул баланын ден-соолугун оңдош үчүн, тарбиясын берип, жетилтип жигит кылыш үчүн көп аракет керек.

- Көп аракет ишке ашаарына ишенбеген саясатчылар бар болуп атпайбы бизде. Мисалы саясатчылардын бир даары айтып атышат, Россия, же башка бир мамлекет менен конфедерация түзүү керек, биз өз алдыбызча жансактай албай калдык деп. Сиз буга кандай карайсыз?

- Андай туура эмес. Ал жанагы биздин Феликс Шаршенбаевичтин чыгарып аткан ою, бул ичкүйдүүлүк. Же бийликте мен болоюн, мен болбосом анда мамлекет жоюлуп кетсин дегени. Мындай жарабайт, жигит деген андай болбойт.

- Реалдуу караганда эгемен мамлекет катары Кыргызстан калыптана алдыбы. 16 жашаар бала жетим калса дагы жансактап кетиш керек да андан ары?

- Жансактап кете алат. Себеби 16дагы бала жетилет, жигит болот, колуна өнөр тийет, баралга жетет. Ошондон кийин жансактап кетет. Мамлекеттин азыркы рынок экономика системасында мамлекет аз эле шарт түзсө эл өзүнүн жанын өзү багып кетет.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG