Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:06

Казат Акматов - бул ысым Кыргыз демократиясында аттын кашкасындай таанымал. Тээ өткөн кылымдын 90-жылдарында эркиндиктин желаргысы жүрүп, алгачкы демократиялык уюм болуп эсептелген Кыргызстан Демократиялык Кыймылы (КДК) көптөгөн жаштардын тушоосун кескен уюм болгон. Ал уюмдун башында Казат Акматов, Топчубек Тургуналиев, Жыпар Жекшеевдер турган. КДКнын бул теңтөрагалары менен сыймыктанып, өлкөдө демократияны курууда жана жайылтууда тынбай аракетибизди көрдүк.

Казат Акматов ал кезде КДКнын теңтөрагасы эле болбостон, Кыргызстан Жазуучулар союзунун катчысы да эле. Анын кабинети азыркы өкмөт аянтында жайгашкан Жазуучулар союзунун имаратында болчу. Казат абанын кенен, жарык, чоң кабинети ошол кездеги жаштарга - бизге өзүнчө эле керемет көрүнчү. Ал жерде таң аткандан баштап элдин аягы тыйылбай, ал иш бөлмө баарыбыздын башыбызды бириктирген ыйык жай болор эле. Казат Акматов кабинетин КДКнын мүчөлөрүнө дээрлик бошотуп берип койгондой туюлчу. Ал жерде эртең мененден баштап түнкү саат он экиге чейин адам үзүлбөй, аягы бүтпөгөн талкуулар, талаш-тартыштар, түрдүү жыйындар болуп турар эле.

Менин укук коргоочулук ишмердүүлүгүм да ушул ыйык жайдан башат алды. Казат Акматовдун кабинетинде дайыма отурган Жыпар Жекшеев бир күнү мага кайрылып: - Бизге түшкөн арыздар барган сайын көбөйүп жатат. Ушул арыздар менен иштей турган, адамдардын укугун коргой турган бир комитет түзбөйсүңбү, анткени сен ошого жөндөмдүүсүң, - деп калды.

Ушундай баалуу кеңештин негизинде активисттер чогулуп, Адам укугун коргоо комитетин түзүп, КДКга кайрылган адамдардын укугун коргой баштадык. Бул комитеттин буттан турушуна жана менин укук коргоочулук ишимдин өркүндөшүнө Казат Акматов да чоң түрткү болду. 1991-жылы февраль айында ошол кездеги Ветеринария илимий изилдөө институтунун директору, айтылуу Арстанбек Дүйшеевге сүйлөшүп, мени ал институттан КДКнын адам укугу боюнча жооптуу катчылыгына котортту.

Ошентип мен КДКнын аппаратында иштеп, КДКнын теңтөрагаларынын атына келген арыздарды териштирип, күнү-түнү иштей баштадым. КДКга түшкөн арыздын негизинде 1990-жылдагы Ош окуясында жабыр тарткан кыргыз улутундагы жарандардын укугун коргоп, 15 күндөй Ош шаарында командировкага барып иштедим. Оштогу жыгачты кайра иштетип чыгаруучу заводдун директору өзбек улутундагы Гүлөмжан Тиллебаев деген жетекчи заводдон кыргыз улутундагы 14 жаранды жумуштан бошотуп салган экен. Мен Казат Акматовдун, Топчубек Тургуналиевдин моралдык көмөгү менен атайын комиссия түзүп, Ошто эки жума тынбай ишти териштирип, жумушчулардын туура эмес бошогондугун далилденип, директордун үстүнөн кылмыш иши козголуп, ал жумушун тапшырып берүүгө мажбур болду. Ал эми жумушунан бошотулган 14 адамды кайрадан кызматына коюп, адилеттик орнотуп кайттым.

Бул ийгилик менин укук коргоочулук ишимдин биринчи жемиштеринен эле. Ошондо эгер Казат Акматовдун депутаттык жана адамдык колдоосу болбосо мен мындай текшерүүнү иш жүзүнө ашыра албайт элем. Анын атын уккан заводдун директору менин текшерүүчүлүк ишиме жолтоо боло алган жок. Мына ошондо гана Казат Акматовдун кадыр-баркынын чоң экендигине көзүм жетти. Мындан тышкары Казат Акматов адам укугуна байланыштуу бардык чогулуштарга барып, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын түзүлүшүнө да чоң салымын кошкон. Кыргызстандагы демократиялык кыймылдын келип чыгуу тарыхы тууралуу « Миң бир күн» деген китебин жазып, КДКнын түптөлүшүнө активдүү салымын кошкон инсандардын ар бирине так баа берип, алардын эбегейсиз эмгегин ачык чагылдырган.

Кыргызстандагы демократиянын желегин көтөргөндөрдүн көч башында Казат Акматов турду. Ошол опол тоодой эмгегин баалап, быйыл 26-майда өткөн КДКнын 25 жылдык маараке жыйынында Казат Акматовго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүү чечими кабыл алынган. Бул чечимди Кыргызстан Жазуучулар Союзунун президиуму дагы бир добуштан колдоду. Бирок, тилекке каршы, ал Маданият жана маалымат министрлигинин коллегиясы тарабынан кечиктирилип, каралбай келгендиктен, бул улуу даражалуу наам Казат Акматовдун көзү тирүүсүндө берилбей калды. Өлөрүнө үч күн калганда гана Маданият жана маалымат министрлигинин коллегиясы тарабынан Казат Акматовго Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын берүү тууралуу чечим кабыл алынганы бир чети өкүнтө турган иш болду. Көзү тирүүсүндө берилбесе дагы көзү өткөндөн кийин бул жогорку наам берилип калса калыстык орногон болор эле.

Президент Алмазбек Атамбаев Казат Акматовдун демократиянын өнүгүшүнө, адам укугунун сакталышына, сөз эркиндигинин корголушуна кошкон опол тоодой эмгегин баалап, көзү өтсө дагы Кыргыз Республикасынын баатыры наамын ыйгарарына ишенебиз.

Кош, атадай болгон асыл агабыз! Сиздин калыстык, чындык, акыйкаттык үчүн болгон талыбас күрөшүңүз өз натыйжасын берип, жазган чыгармаларыңыз, демократияга кошкон жеке салымыңыз миңдеген адамдардын рухун, духун көтөрө берерине ишенем!

Сизди урматтоо менен Кыргыз демократиясын куруудагы өнөктөш иниңиз Турсунбек Акун.

P.S. Кыргыз эл жазуучусу Казат Акматовду акыркы сапарга узатуу тажыясы 16-сентябрда Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз драма театрында өттү. Ага премьер-министр Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү, президенттик аппараттын жетекчиси Темир Жумакадыров жана жазуучу, артист, режиссерлор катышты. Маркумдун сөөгү Бишкектин четиндеги Байтик айылындагы көрүстөнгө коюлду. 74 жаштагы жазуучу Казат Акматов 13-сентябрда дүйнө салган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG