Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:44

Журналистика - коомдук системадагы үч азуулуу бийликке тете күчү үчүн, кадыры үчүн «Төртүнчү бийлик» даражасына ээ. Айтып койушубуз керек, Кыргызстанда биз азыр али "Төртүнчү бийлик" боло элекпиз.


Көз каранды эмес ММК деп аталгандарынын себеби - алардан эч нерсе көз каранды эмес” («Независимые СМИ потому и называются независимыми, что от них ничего не зависит»). Нурсултан Назарбаев, Казакстан президенти.

Казак президенти бул сөзүн мындан дээрлик он жыл мурдале айткан.

Ал күнү бүгүн деле ошол жадынан жаза элек. Ал: «Эгерде ММКлардагы жагдай ушул боюнча улана берчу болсо мен парламент аркылуу “катаал («дракондук”) чараларды» колдономун. Анан элге өзүм айтып чыгам эмнеге ага барганымы» деген.

Анан эмне болду? Ошону менен казак менчик басылмалары ажосунан коркуп калдыбы. Жок.

Айбаттуу сын айткан басылмалар коңшу өлкөдө күнү бүгүн да толуп атат.

Бирок жыйынтыгында эмне үчүн ак куштай эркинбиз деген биз менен казакстан басылмаларынын деңгээлин салыштыра албай айбыгып келебиз.

Анткени ал өлкөдө каражат танкыстыгын таанып койбогон, көз тайгылткан сапаттагы, маалымат чанкоосун кандырган мамлекеттик да, менчик да басылмалар өтө көп. Мамлекеттик дегени менчигин, менчик дегени өкмөттүгүн басып өтөт.

Анткени президенти баш болгон бийлик прессага өтө маани берет. Ага сөз менен эмес конкреттүү иш менен чабуулга өтөт. Казак президенти ошол он жыл мурда эле «кана, менчик эле гезит керекпи, мынакей» деп тыйынга зар кылбаган сапаттуу басылмаларды өз канатына калкалаган.

Ал өзүн сындап чыккан басылмаларга теригип эле отуруп калбастан ошентип аларды баардык жагынан көлөкөсүнө калтырган менчик аталган басылмалардын армиясын түзгөн.

Алар ошентип оппозициябыз дегендердин вазипасын жана таасирин басып турат. Андай басылмалар бийликти ачык мактабаса да анын кадырына доо кетирбейт, ого бетер улутту көтөрөт жана казак мамлекетин даңазалайт.

Мынакей Назарбаевдин жеңиши ушунда.

Ооба, мунун баары казак тилин расмий мыйзамы жок эле Назарбаев оозеки буйругу менен өнүктүрткөнүндөй ыкма экенин түшүнсөк болот.

А бизде кандай? Президент башында турган бийлик менен таасирдүү менчик гезиттер ортосу тарс эле ит-мышык ахвалына түшөт. Ошону менен түбөлүк касташмай башталат. Бийиликтен буга карата андан бөлөкчө ыкманы көрбөйсүн. Алар менен күрөшүүнүн жападан жалгыз жолу - бул куугунтук деп түшүнүшөт.

Бийлик оппозициялык гезиттердин эсебин кантип табабыз аракетинен мурда өлкө ММКсы кантти деп баш оорутушу керек эле.

Кечирип койушсун, азыр кыргызстандагы өкмөттүк деген көзгө басаар үч гезиттин биринде кабарчыларга дурусураак компьютер жетишпей, а тургай жаңылыктарды чыгарыш үчүн жалгыз бир компьютердеги интернетти кезектешип күтүп отурушат экен.

Мынакей биздеги реалдуу көрүнүш. Анан кайактагы өсүш.

Ооба, өткөндө президент Отунбаева бүт гезитчи аттуунун баарын жыйнаган экен, урушпайлы, сөгушпөйлү деген экен.

Бирок андан аркысычы? Андан ары эмне болот, кандай болот сөз жок, дегеле өлкөнүн бул тармагы ошо менен үзүлүп, токтоп жатпайбы. Дайыма чайлашуудан ары өтө албайбыз.

Бүгүнкү президент болобуз дегендердин биринен да ММК жагдайына үзүлүп түшүп түптөгөн, маани берген ниетин таппайсын. Акча чачып эптеп шайлоодон өтсө болду.

Ошону менен гезиттер телпейип кайра четке тебилебиз.

Эми журналисттер өзүбүзгө келсек. Бул жолу дайыма айтылып келген сабатсыздыгыбызды, акчадан бечаралыгыбызды, күн карамалыгыбызды кайталагым келбейт. Күнөөлөгүм да жок.

Анткени дал ушул коомду чогуу чаран, жакшыбыз, жаманыбыз болуп, жытыбыз синишип өткөрүп жатабыз.

Кыргызстандагы бүгүнкү 1300 чамалуу каттоодон өткөн басылмалардын 90 пайызы банкрот абалында эптеп, сандан санга сүйрөлүп чыгууда. Гезиттер сапатты издебей акча издөө менен күн өткөрүп жаткандай элес берет.

Айтып койушубуз керек биз азыр али "Төртүнчү бийлик" боло элекпиз.

Төртүнчү бийлик таризин жамына элекпиз. Анткени азыр гезиттердин бийликтеги же саясаттагы айрым жеке адамдарды гана чычалата алган таасири калды.

Бийликке, анын түрдүү рычагдарына таасир эте албайбыз. Бир нерсе сын айтылса «былжырашыптыр» дейт. Же «айта бербейби» мамилесинин чанында калуудабыз.

Ооба, биз башыбыздан кечирген эки ыңкылапта тен гезиттердин ролу алдыңкы сапта турду. Бирок биз анда массага, сүрмө топко таасирибиз, кызматыбыз чоң болду.

Көтөргөн девиз-ураандар, жалындуу жазылган сөздөр элге канат болду. Бирок андай кырдаал ошол тарых менен кошо бир жолу күйүп-өчкөн сымал катып артта калышы керек.

Бүгүнкүдөй экономикалык абал журналисттер журтун да сын электен өткөрүүдө.

Журналисттер башкалар алдында «сатса» да «сатып» алса да боло турган жеңил жана керектүү товарга айландык. Журналисттер өз эркин жана позициясын сактоого, тутунууга алсыз.

Анткени аны карманганга, сактаганга ага бутак, рычаг жок. Экономикалык жактан таяныч жок.

Дагы бир себеби «алардыкы дайым туура дайым чын» ишенимине арзыган, кыргыз элитасынын кыртышына тете, мүлдө кыргыз чекесине черттирбей, кастарлаган Элдик гезит чыга элек, чыкпай жатат. Түптөлсө да орто жолдон белге тээп жойушууда.

Андай гезиттер эски заманда «Кыргызстан маданияты», «Ленинчил жаш» болуп, ал эми жаңы заманда «Асаба», «Агым» тейинде кыргызга келген эле...

Бирок күнү бүгүн биз эңсегендей андай бийиктикти эч бирибиз көтөрүп чыга элекпиз. Анын башкы себеби - бул чаржайыттык.

Же колунда бийлиги барлар данектүү журналисттерден, жазуучулардан же илимпоздордон уютку топтоп, бир басылмага баштарын бириктире албады же башка бир топ күчтүүлөрдү жыйнай албады.

Ар кими өз тобунда, өз коктусунда гана эр болушуп жүрү. Муну утурлай, бүгүнкү жазмакерлер журтун “жылдыз” оорусу каптады. Журналистиканы чү дегенде эле редакторлуктан баштагылары келет же түз эле бир гезиттин ээси болууну эңсешет.

Бул, менимче, куру кыйкырык, ач сүрөөн коомубуздун, ошондой замандын кесепети болсо керек.

Биз бүгүн тообастыга калып жаткан сындын дагы бири бул экономика, юридика ж.б. атайын темаларда жазылган терең анализдердин жоктугу.

Ыр жандуу кыргыздан таланттуу журналисттер көп чыгууда, бирок ар тармакка адистешкен, так илимдин жазмакерлери тилекке каршы суурулуп чыкпай жатыры.

Кыргыз журналистикасы акыркы 5-8 жыл аралыгында мурда болуп көрбөгөндөй атаандаштык жарышын түздү. Демек мунун биз үчүн утушу көп.

Бирок жалпы горизонттон алганда бийиктик көрүнбөй, баягыбыз баягы эле бойдон калууда.

Тармакташкан журналистика демекчи, бүткүл адамзаттын кымбат кумары болгон спорт дүйнөсүн эмгиче гезиттин эң көчүгүндө спорт жанылыктары аталган тарпы чыккан бурчка тыкканыбыз тыккан.

Башкасын койдук, биз спорттун багын ачып жазалбайбыз. Эмгиче спорт боюнча алакандай кыргызча жумалык ачып койгонго жарай элекпиз.

Башкалар чети оюлбас спорт дүйнөсүн көз сүйүнткөн коломдүү гезит кылып, мин түркүн журнал кылып калайыкка тартуулап келатканын айтып, айтпаганда не.

Дагы бир алешемдигибиз, журналисттер саясий баяндама баштаса эле экөөнүн бири «эл айтууда, эл талап кылууда же эл аны каалабайт муну каалайт» деп калайык калктын атынан бүтүм чыгарганга кызылдай адистешип алдык.

Антип жазууга канчалык акылуу экенибизди да сезбейбиз.

Маселен, Батышта мындай кырдаалдын жөнү такыр бөлөкчө чечилген.

Атайын мамлекеттик ж.б. социологиялык изилдөөлөр, а тургай ошол калк көбүнчө кайсы тамактарды жакшы көрөөрүнөн баштап саясий-социалдык темалардын туу чокусуна чейинки көз караштарын, каалоо тилектерин үтүр чекитине чейин иликтеп мезгил мезгили менен жарыялап турат.

Ошон үчүн журналист бир жерге барып алып төө деп турган жерге бээ деп айталбайт. Мүмкүн да эмес.

Айтор, биз жогоруда айтылгандай кемчиликтерибиз менен «Кыргызстан ММКсында цензура жок» деген мактанычыбызды актай албай, аны көз көрүнө чүмбөттөп келебиз.

Журналистика - коомдук системадагы үч азуулуу бийликке тете күчү үчүн, кадыры үчүн «Төртүнчү бийлик» даражасына ээ.

Бүгүнкү күндө кыргыз журналистикасы бул даражасын көтөрө албай, биз ага кол учунан жана кыянаттык менен мамиле кылып жатабыз деп айтар элем.

Эмесе, бул аягы бүтпөс өксүктөр келечектин иши дейли, а бирок өзгөчө бизге - журналисттер журту үчүн эртеңкиге Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо өнөктүгү туру.

Шайлоодогу бирден бир чоң жана таасирдүү курал - бул биз арбай соккон гезиттер.

Демек, бул күчтүү курал менен Кыргызстан аталган кемебизди чайпабай алып өтөлү.


Жеңишбек Кадырбек уулу,
Батыш Европа.
(Окурманыбыздын пикирин сөзсүз эле "Азаттык" үналгысынын пикири катары кароого болбойт).

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG