Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

Кайдыгерлик, кыйылды кырчын өмүр...


Сүрөттө маркум Турат Акыев.
Сүрөттө маркум Турат Акыев.

Кырк жашка чыкпайт эми,

Кыйкырган үнүн анын укпайт эми,

Болгону кыштыр-жайдыр уктайт эми...

39 деген эмне?

Болгону 10дон үчөө

Анан 9

39, 39...

Оо эми,

Ойронун отуз тогуз,

Сени эми аны,

93 кылалбайсың...

Көздөн жаш,

Көкүрөктөн арман чыгат,

Айткылачы,

Кол сунсаң арылаган,

Туура эмес дарылаган,

Врачтар кайдан чыгат?!

Шайлообек Дүйшеев агайдын бул ырын мурун жөн гана окурман катары окуп, таасирленип келсем, жакында дал ушундай кайдыгерликтин күбөсү болдум. Бул ырда кайдыгерликтен 39 жашында жалп өчкөн өмүр тууралуу кеп болсо, менин досум Турат 27 гана жашта эле. Жашоонун даамын жаңыдан татып, келечекке миң сандаган таттуу кыялдарды коюп келген досумдун өмүрү урушуп жаткандарды ажыраштыра калам деген ак ниеттигинен, бир зөөкүрдүн ойлонулбаган кадамынан, дарыгерлердин кайдыгерлигинен көз ирмемде жайран болду.

***

Жаңжалдашып жаткан эки адамды ажыраштыра коем деп сокку жеп, ооруканага түшүп калган Тураттын телефон чалган кишиси мен болуптурмун. Дароо эле жетип барсак, кире бериштеги палаталардын биринде жатыптыр. Түнкү саат эки. Сыртынан караганда абалы анча деле оор эместей, бирок бир көзү көгөрүп, өңү купкуу болуп бузула түшкөнүн байкадым. Көрөөрүм менен ооруканада кезметте турган дарыгерге кирип, Тураттын тубаса кан оорусу бар экенин айтсам, "эч нерсе болбойт, эртең менен томографияга тартабыз, силер кете бергиле" деди. Дарыгер айткан соң бир аз тынчтанганым менен жүрөгүм бир нерсени сезгендей жанында калууну чечтим. Дарыгерге гемоглобиндин деңгээли түшүп кетчү эле деп кайта-кайта эскертип жатып, акыры текшерүүгө макул кылдым. Анализ үчүн алынган канды Урология борборуна алып барып, жыйынтыгын чыгарып келгиче бир канча убакыт өтүп кетти.

Дарыгер томографияга эртең менен түшөсүңөр деп айтканынан кайтпай туруп алды. Эми адис айтып жаткан соң арга канча, күтүп отуруп таңды атырдык. Бирок эртеси томографияга түшкөндө Тураттын баш сөөгү сынып, андан мээсине кан куюла баштаганын билип жатпайбызбы. Ошентип, Турат сокку жегенден кеминде он үч сааттан кийин гана операция болду. Бирок операциядан кийин өзүнө келе албай, о дүйнө салды.

Досумдун өлүмүнө дароо текшерүүдөн өткөрбөй, таң атып, кезмеги бүтүшүн күткөн дарыгердин кайдыгерлиги бир себеп болсо, ага ишенип, анын айтканы менен болгон менин ишенчээктигим экинчи себеп болду окшойт. Эң негизгиси, киши өмүрүнүн баркын билбей, колуна тийгени менен адамды башка-көзгө койгулаган "эки буттуу айбандын" соккусу 27 жаштагы кырчын өмүрдү жайран кылды. Эми ал Шайлообек агай айтмакчы, 40ка чыкпайт, 72 жашты да көрбөйт...

Мага ишенип, ооруканага түшөөрү менен телефон чалган Тураттын ишенимин актабай калдымбы деп азыр өкүнүп отурам. Тубаса кан оорусу менен төрөлүп, ага баш бербей жеңип, эми гана татыктуу турмушка кадам таштамак болгондо "урунаарга тоо таппай, урушаарга жоо таппай" турган бир зөөкүрдүн соккусунан, кайдыгерликтен каза болгону жан кейитет.

“Ажалы жетти, маңдайына жазылган тагдыр ушундай да” деп өзүбүздү өзүбүз сооротушубуз мүмкүн. Бирок кара күчүнө менменсиген бирөө башкага кол көтөрөөрдө анын кесепетин ойлонсо, дарыгерлер ишине жоопкерчиликтүү мамиле, аракет кылса, “бир адамдын ичине баткан бир аалам” аман калат беле?...

***

Турат эч кимге зыяны жок, өз кыялдарын өзү ээрчип, ага кубанган, ошол эле учурда кыйынчылыкка баш бербеген, келечекке укмуштуудай максаттарды койгон жигит эле. Каза болордон бир апта мурун көлгө барганбыз. Ушунчалык шайыр жүрдү... Жолдо келатканда кимди жакшы көрөөрүн, ага кантип ыр жазганын да айтып берген. Аны мен жөн турбай, телефондогу диктофонго жаздырып алдым эле, кийин тамашалайм деп... Анын акыркы сөздөрүнүн бирин жаздырганымды Турат да, мен да аңдабаптырбыз.

Ошол Ысык-Көлгө барган учурда телефонун чукулап Фейсбукка бир нерселерди жазып жатканын көргөм. Кийин ал постту окуп, “Көлгө келип эргип жатасыңбы”- деп тамашалап койдум эле. Көрсө ичине топтолгон ойлорун акыркы жолу айтып жаткан окшобойбу...

Ал сөздөр мындай эле:

Жаштыгым Ак куу сымал канат кагат,

Талпынып алга учуп бара жатат.

Алсыз калем чиймелеп өткөн күндү,

Кээ убакта не бир түркүн ойго салат.

Урматтуу достор, бул жашоодо убакыт аздыгын жакшы билебиз. Келиңиздер, бул дем алыш күндөрдө бири-бирибиздин маанайыбызды көтөрүп, саясатты унута туруп, жакшы тилектерди айталы, жараткандан сураналы.

Ар дайым кыргыз элимдин келечеги кең болуп, ынтымакта, биримдикте, бакубат жашоодо жашайлы. Жаштарыбызга ыйман берип, бар күчүбүздү өлкөбүздүн өнүгүшүнө жумшайлы.... (Турат Акыев)

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG