Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:07

Адам коому жаралгандан бери аталар - балдар маселеси ар кыл өңүттө коюлуп келген, коюла да бермекчи. Заман өзгөрөт, ага жараша коомдук мамиле-катнаштар да жаңыланышы абзел. Айбийке деген адабий ысымдагы бийкечтин улууларга пикири.

Ардактуу аталар, агалар! Бул катты жазуума жергебиздеги акыркы окуялар түрткү берди. Бул ойлор жеке меники болсо да, мен сыяктуу көптөгөн жаштардын ичинде турганына ишенем. Анткени биз өз ара сүйлөшкөндө, интернеттен жазышканда ушулар туурасында көп айтабыз.

Менин жашым 26га барып калды. Биртике эс тарта баштагандан бери эле жалаң чырдын үстүндө келе жатам. Атам ишсиз калганда мен жаңы мектепке бара баштагам. Нарындан Бишкекке көчүп келип, туугандарыбыздын көк жыттанган жалгыз бөлмөсүндө кыштап чыктык. Ал тегеректе мектеп жок болгондуктан, мени алыскы мектепке жеткирүү өзүнчө тозок эле.

Кийин ары-бери чампалап, времянка салып, ошондо жашадык, артынан бир инилүү, анан сиңдилүү болдум. Эптеп жол аты бар, улам көчүп келгендер там салып отуруп, кыштак пайда болду. Ошентип биз же шаардык эмес же айылдык эмес, бир кызыктай шартта чоңойдук.

Анан Баткенге сакалчандар кол салыптыр деп дуулдашканы азыр да элдир-селдир эсимде. Акаев Аксыда кишилерди аттырып салды деп чуу түшкөн кезде мен бир аз чоңоюп, аркы-теркини ажыратып калгам. Ушунун баары биздин көңүлүбүздү оорутчу.

2005-жылы революция болгондо бой жетип калгам, досторубуз болуп аянтка барып, бирок элдин кейпин көрүп, коркуп кайра качып келгенбиз.

Анан 2006-жыл, 2007-жыл шаарыбыз тынчыбай, күн сайын митинг болуп, ата-энебиз сабактан кийин эки жакка кайрылбай түз үйгө кел деп кулакты жеп турушту.

2010-жылдагы революцияда студент болчумун. Анда да кан төгүлүп, шаарыбыз таланып-тонолду. Окууга барганыбыз менен жалаң саясатты сүйлөшүп отурчубуз. Керек болсо агай-эжейлерибиз да сабагын токтотуп, саясатты сайрап отурушчу.

Андан кийин Жалал-Абадда жолду торошуптур, Сарууда бууптур, Алайда таш менен тосушуптур деген кептер кулагыбыздын кужурун алып, дагы кабатырлыкка кабылдык.

Анан үч жылдан бери тынчып калгандай болдук эле, эми минтип кайра баштадыңар. Аталар, агалар, опурталдуу оюнуңарды качан токтотосуңар? Бийлик талашыңарды качан коёсуңар? Балдарды, тынч жашоону качан ойлойсуңар?

6-7-класстан тарта мектептен кийин күркөдө соода кылдырттыңар. Анда да улуулар аял-эркек дебей ал жерде аракка тоюп, кызыңардай болгон мени көзүңөргө илбей сөгүштүңөр, уят сөздөрдү айттыңар, керек болсо мени сөккөн күнүңөр болду.

Күркөдө отурганда да жалаң саясатты, жердешчиликти, бийликти сүйлөп кыжындыңар. Мына силердин бизге – балдарыңарга берген таалимиңер!

Мээге сиңген ошол таалимге жараша биз да жер-жерге бөлүшүп баштадык, нарындык кыз баткендик жакшы көргөн жигити менен баш кошо албады, оштук мырза көлдүк бийкечтин колун сураганга батынбады.

Аталар, агалар, апалар, эжелер, эмне силер мынча өзүмчүлсүңөр, эмнеге өзүңөрдү гана ойлойсуңар? Эмнеге ата менен апа кырылышса, балдары запкы жеши керек? Эмне үчүн силердин түгөнбөгөн конокторуңарды тейлөө, алар ташып келген ылай-баткакты тазалоо менен өмүрүбүз өтүшү керек? Балдарыңарды малай кылып келатканыңарды ойлойсуңарбы!

Эмне үчүн керелден-кечке оозуңар тынбай эт жейсиңер, сөөк талашасыңар? Эмнеге кийит жетпей кырыласыңар? Эмнеге эс алганды билбейсиңер? Саясаттан башка да турмуш бар экенин бир жолу ойлондуңарбы?

Азыр менин өз үй-бүлөм бар, балам чоңоюп келатат. Жок дегенде бизди тынч койгулачы, турмушубузга киришпегилечи! Биз силердей жашагыбыз келбейт. Бизге сасып чириген саясатыңардын кереги жок.

Аталар, агалар, чын сырыңарды айткылачы: деги силерге ким жагат? Президентти сөгөсүңөр, премьерди ашатасыңар, депутаттарды көргө көмөсүңөр. Коңшуңар жакпайт, начальнигиңер жакпайт, башка жерден келгендер жакпайт, балдарыңар жакпайт, эчтемке жакпайт. Силерге эмне, ким жагат?!

Отурган жериңерде ушак, көржеме, уруш. Эмнеге ырдабайсыңар, бийлебейсиңер, жашоого ыраазы болбойсуңар? Эмнеге балдарыңардын мээсин да жек көрүүгө, көрө албастыкка, жамандыкка сугарып атасыңар?

Эми дагы эмнени баштап отурасыңар? Силердин көзүңөргө революция, байлык, бийлик гана көрүнөбү?

Жок дегенде бизди жайыбызга койгулачы. Оюнуңарга аралаштырбагылачы. Мен баламды – силердин небереңерди турмушка жөн эле адам кылып чоңойткум келет. Мен тополоң, митинг, согуш деген сөздү баламдын кулагына жолоткум келбейт. Ошол нерселер өзүңөргө эле буюрсун, ала кеткиле.

Мен тынч, бири-бирине жакшылык кылбаса да, жамандык кылбаган, бири-бирин ызаатташкан өлкөдө өмүр сүргүм келет.

Менин жолдошум тартип коргоо жагында иштейт. Мына канча күн болду, түн бир оокумда келет, кайра таң атпай кетет. Уулу уктап атканда өпкүлөп туруп кетет. Азыр кырдаал ушундай дейт. Уулу болсо атасын көрө элек. Жок дегенде неберелерди аягылачы, улуулар! Бир келген турмушту өзүңөр кээде чочуп айткандай, кор кылбай жашагылачы. Же кор кылбай жашаганга бизге тоскоол болбогулачы!

Айбийке (чын атымды жашырдым)

23-март, 2016-жыл

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG