Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:55

"Самоор койгула, самоордун чайын жакшы көрүшөт" деп энем биз барган сайын кубанып тосуп алар эле. Туугандарым менен аралашып, талашып балталап отун жарабыз, самоорго чакмак камдайбыз. Арыктагы тоонун суусун чака менен алып келебиз, отту кошо жагышабыз. Назик обонду шуулдата созуп, бат эле кайнайт. Карагай түтүндү буруксутуп үйгө көтөрүп кирем инилеримден талашып. Самоордун чайын бир топко чейин тамшанып иче беребиз, өткөн-кеткенди эскерип маектешебиз.

Кийин самоорубузду азыркы биз жашаган АКШга, европалыктар алгач көргөндө "Жер бүткөн жер" деп атаган Калифорнияга чогуу ала келдик.

Биздин самоорду бир жарым кылым мурда аталарыбыз бир жылкыга баалап, сатып алышкан экен. Ошондон бери биздин үй-бүлөгө кызмат кылып келет.

Самоор чайы демекчи, 1964-жылы дүйнөнүн тунгуч космонавты Гагарин Ысык-Көлдө эки күн конок болгон. Барскоон шаркыратмасына, Көк-Жайыктагы мектепке барган. Ысык-Көлдүн жээгинде, боз үйдө коноктошкон экен. Кымызды аябай жактырып, "Силердикиндей кооз жер эч жерде жок" деп баа бергенин айтып калышчу.

Ошол коноктоп жаткан учурда Гагарин сыртка чыгып, жок болуп кетет. Тамак тартабыз деп тургандардын баары аны издеп чыгышат. Такыр таппай, жадаганда Ысык-Көлдү тиктеп, ар кандай ойго чөмүлүшөт. Бир маалда алыста бирөө сууда чабак уруп жүргөнүн байкашат. Айдын жарыгынан ал Гагарин экенин таанышат. Сууда аябай кыйын сүзөт экен, жээкке чыкканда "Эмне Юрий Алексеевич, Юрий Алексеевич...Кыйкырып адамды сууга түшүрбөйсүңөр?" деп бир аз капа болот. Бирок анысы көпкө созулбайт. Бешбармак жеп, самоордун чайын ичкенден кийин жарпы жазылат.

Абдан жөнөкөй орус баласы, ааламдын биринчи космонавты Гагарин кыргыздарды өмүрүнүн аягына чейин жогору баалап, сыйлап келди. Тоо элигинин татынакай чаарчыгын белекке алганда эреркеп кетип, көзүнө жаш алган. "Бул белегиңер менин кыздарымдын, бардык "Жылдыз шаарчасынын" ("Звездный городок" - Москванын алдындагы космонавттарды даярдачу жабык, атайын шаарча) балдарынын сүймөнчүгүнө айланат" деген ошондо. Ал чаарчыкты самолет менен аман-эсен жеткизген, чаарчык андагы балдардын чыныгы эрмеги, сүймөнчүгү болгон. Бул кабарды экинчи космонавт Герман Титов ж.б. башка советтик космонавттар Көк-Жайыкка келген сайын айтып берчү.

Биздин самоор тууралуу сөз кылганда кыргыздын башынан өткөн Үркүндү да сөзгө кошпосом болбос. Мектепте тарых сабагынан берген агайым мага "Эч качан, эч кимге таятаң ким экенин айтпа" дээр эле. Эмнеге анткенин жакшы билем, таятам убагында көзгө атар мерген болуптур.

1916-жылы жыйырмадан жаңы ашкан жигит экен. Жердин сырын билгендиктен тоо боорунан, ашуудан эки досу менен эли-журту узап кеткиче ак падышанын аскерлерин алаксытып турган. "Ок жетишпейт, бирөөн эки-үч аскер бутага бир илингенде коротчумун. Аял аскерлери өтө мыкаачы келет экен, кичинекей балдарды да аяган эмес..." деп эскерип калчу.

Үркүндөгү жана андан кийинки тозокторду, кордуктарды айтып берип атканда Кытайга бараткан жолдо өлүп, сөөгү көмүлбөй ит-кушка жем болгондордун элеси көз алдыма келчү ... Эптеп Текеске жетип, ал жерден да тонолуп, бойго жеткен кыздары зордукталып азап чегишкен экен.

Ошол кандуу жылы аталарыбыз азыноолак гана оокатын алып, самоорду болсо карагайдын бийик бутагына катышат. "Кийин келсек, таап алабыз" деген үмүттө анча алыс эмес жерге белги коюп кетишет.

Октябрь революциясынан кийин "Николай падыша тактан кулаптыр, большевиктер бийликке келиптир. Эми бизди кырбаса керек, эми кайталы" деп мекенге аттанышат. Ысык-Көлгө келсе, жердин көбүн орустар ээлеп алган экен, өздөрүн малайлыкка алып мурдагыдан да катуу тартипте кармайт.

Самоорду издеп барышса, баягы илип кеткен жерде турган экен ээсин күтүп...

Самоорду бизге берген атабыз белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, "Легендарлуу парламенттин" депутаты болгон. Үзөңгү-Кууш кыргыздын жери деп талашып, Кумтөр алтын кенин эл аралык деңгээлдеги бузукуларга бербейбиз, өзүбүз иштетебиз деп, бирок жеңилип калган саясатчылардан болчу. Ошондо мен чет элдеги илимий конференциядан Кумтөр тууралуу бир макаланы ала келип, ушул самоордун чайын ууртап коюп, кыргызча которуп окуп бергем. "Кыргыздар дүйнөдөгү абдан бай алтын кенин чет элдик бузукуларга карматканы калды. Кантип эле алданып калышсын" деп жазган эле батыштын белгилүү журналисти.

Бирок эл байлыгын алдырып ийди, пайдасын башкалар көрдү. Алтындын сыры эч качан, эч убакта ачылбайт эмеспи. Бул сары металл ааламга чыр-чатак, бирин-бири уурдаганга, керек болсо кимди болбосун биротоло жок кылганга да алып барган нерсе турбайбы. Тоо-ташты талкалап, ичкен сууңду булгап, элдин ден соолугун, ыркын бузуп. Биздин Кумтөрдун тагдыры ушундай экен. Канча деген сырды өзүнө катып турат. Ал сыр - акционерлердин тизмеси. Андан кимдерди гана көрбөйсүң, биз тааныбагандар жок болсо керек.

Instagram баракчамда Кумтөр алтын кени тууралуу тиркеме чогулта баштап, тез эле таштап койдум. Улантпай калдым, мааниси да, мезгили да өтүп кетпедиби.

Самоорум болсо эч өзгөрбөдү - чайы баягыдай эле даамдуу, ден соолукка пайдалуу. Ушул самоордун чайын ичкен сайын өткөн-кеткен эске түшөт. Ата-бабалардын тагдыры, балалыгым, Ысык-Көл, карагайдын жыты...

Ушул самоордун чайы менен өстүм - ал менин "интернетим" болду, маалыматты сактаган, эстеткен...

Рысбек Абдылдаев, АКШда жашаган кыргыз профессору

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG