Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37
Кыргызстан – менин Мекеним. Ал сизге же мага окшош. Инсан сымал, Мекенибиз чоң коомдун ичинде жашаганга аракет жасап, билим алып, өнүгүп, өсүп, кыйынчылыктарды басып өтүп, өзүнүн тарыхый тамырын сактап калууга умтулат.

Анын да өзүнчө бир сезими, түйшөлткөн ойлору бар.

Ар бирибиз Кыргызстандын бөлүгүбүз, анын жаны, жүрөгү, оюбуз. Биздин үмүттөрүбүз, каалоо-тилектерибиз – анын алдыда басып өтө турган жолу.

Ата-бабаларыбыздын мурасын аткарууга, тилибиз менен салттарыбызды, эркиндигибизди сактап, түрдүү элдердин бакубат жашоосун камсыз кылууга бардык мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Биз Мекенибиздин тарыхын жазып жатабыз. Бул эбегейсиз чоң мүмкүнчүлүк, бирок ошол эле учурда чоң жоопкерчилик.

Андыктан, ар-бирибиз кайдыгер болбой, өнүгүүгө, билимдин туу чокусуна жетүүгө, мыйзамдын аткарылышына түздөн түз салымыбызды кошсок, Мекенибиздин келечегине ишенимдүү карай алабыз.

Менин сага каалоом ушул, Кыргызстан!


Айбек Асылбеков,
Бишкек
31.08.2012

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG