Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:56

Германиянын Бонн шаарында Ооганстан боюнча эл аралык ири жыйын өтүүдө. Бул жолку жыйын Ооганстанда 2014-жылы чет элдик аскерлер чыгып кеткенден кийинки тынчтыктын жол картасын түзүүгө үмүттөнүүдө.

Эгер мындан туура он жыл илгери эл аралык коомчулук Бонндогу жыйында Ооганстандын Талибан бийликтен кулатылгандан кийинки тагдырын талкууласа, азыр 2014-жылы эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийинки келечегин аныктоого аракеттенүүдө. Жыйынга 85 мамлекеттин,16 эл аралык уюмдун өкүлдөрү жыйналды.

Пакистан жана Талибан жок

Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун окуяга күбө болуп жаткан кабарчысы Чарльз Рекнагелдин маалымдаганына караганда, Ооганстандагы тынчтык жараяндын негизги эки оюнчусунун: Пакистан өкмөтү менен Талибан өкүлдөрүнүн жыйынга келбегени Бонндогу бул жолку конференция үчүн терс көрүнүш:

- Ооган расмий өкүлдөрү Бонндон “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна Талибандын активдүү, же мурдагы жана азыркы белгилүү мүчөлөрүнүн эч кимиси жоктугун ырасташты. Пакистан менен Талибандын келбегендиги маанилүү. Анткени чет элдик күчтөр 2014-жылдын соңунда Ооганстандан кеткенден кийин кандайдыр бир тынчтык келишиминин жаралуусу үчүн бул экөөсү тең абдан зарыл.

Пакистан Бонндогу жыйынга катышпай турганын өткөн айдын соңунда Ооганстандын чегиндеги көзөмөл бекетте НАТОнун аба соккусунан 24 жоокери мерт болгондон кийин жарыялаган. Ал эми Талибандын көбүнесе Пакистанда жайгашкан жетекчилиги ооган президенти Хамид Карзайдын элдешүү жараянынын алкагында тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышуу жөнүндөгү чакырыгын четке каккан болчу.


"Колдоого кеминде дагы бир декада муктажбыз"

Карзай конференция алдында немистердин “Шпигель” журналында жарыяланган маегинде, Ооганстан өз полициясын, армиясын, башка мамлекеттик институттарын тикелөө үчүн четтен келүүчү каражатка 2014-жылдан кийин да муктаж болорун белгиледи.

Эсептерге караганда, 2014-жылдан кийин да Ооганстан он жыл боюу жылына 7 миллиард долларга муктаж болот. Бирок глобалдык экономикадагы кризистен улам расмий Кабул мынчалык көлөмдөгү каражатты эл аралык донорлордон ала албай калабы деген чоочулоо бар.

Жыйындын конок ээси – Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле Бонн конференциясында ооган өкмөтүнө чет элдик аскерлер кеткенден соң да колдоо көргөзүлөрүн убада кылды:

- Биз тарыхтын катачылыктарын кайталообуз керек. Ошон үчүн биз ооган элине айтып жатабыз. Биз өз жоопкерчилигибизди билебиз. Биз силерди колдоону уланта беребиз.

Байкоочулардын баамында, Ооганстандын эл аралык өнөктөштөрүнүн максаты - азыркы ооган өкмөтү совет доорундагы ооган бийлигинин тагдырын кайталабашын кепилдөө. Советтик аскерлер чыгып кетүүсүнүн артынан ал кездеги өкмөт 1992-жылы жарандык согуштун шартында кыйрап, 1996-жылы Кабулда Талибандын бийлиги орногон.

Ооган президенти Хамид Карзайдын конференция делегаттарын ишендиргенине караганда, анын тынчтык жараянга Талибанды тартуу аракети эл аралык жардамдын берилиш шарты болгон реформаларды кайра кароо дегенди туюндурбайт:


- Ооган эли эл аралык коомчулуктун берешендигинен абдан талап кылынгандагыдан бир да күн ашыкча пайдаланбайт. Бирок биздин ийгилигибиз анык, жетишкендигибиз артка кайткыс болушу үчүн биз силердин өзгөрүүсүз колдоого кеминде дагы бир декада муктажбыз. Биз Ооганстан зарыл болгон мамлекеттик институттарды куруу үчүн убада кылган реформаларыбызды жактайбыз. Ооганстанды чыңдай турган чыныгы тынчтыкка алып баруучу, оогандар ээлик кылган жана оогандар башкаруучу тынчтык жараян үчүн, аймакка гармония, стабилдүүлүк жана кызматташтык алып келүүчү тынчтык үчүн иштейбиз.

Хамид Карзай дүйшөмбүдө “Шпигель” журналында жарыяланган маегинде Пакистанды Талибан менен сүйлөшүүлөргө жолтоо кылганы үчүн айыптады. Карзайдын ырастоосунда, “өкүнүчкө карай Пакистан азыркыга чейин Талибан менен сүйлөшүүлөрдү колдоодон баш тартып келүүдө”.

Коңшулардын кызматташтыгы абдан зарыл

АКШнын Ооганстандагы мурдагы элчиси, мындан он жыл мурдагы Бонн конференциясында чечүүчү фигуралардын бири болгон Залмай Халилзаддын пикиринде, Пакистандын бул жолку жыйынга келбегени опурталдуу белги:


- Ооганстанга тынчтык алып келүү үчүн, өзгөчө эгер тынчтыкка жакынкы келечекте жетүү керек болсо, коңшулардын кызматташтыгы абдан зарыл. Бул эгер Пакистан кызматташпаса жана Ооганстандагы аракеттерге каршы күрөшүн уланта берсе, жогорудагы жараян узакка созулат дегенди туюндурат.

Ооганстандагы тынчтык үчүн Пакистандын маанисин АКШ Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон да моюнга алды. Пакистандын келбегенине өкүнүч билдирип, бирок Клинтон учурда Вашингтон иликтөө жүргүзүп жаткандыктан чек арада пакистандык жоокерлерди мерт кылган инцидент үчүн Исламабаддан кечирим суроого барган жок:

- Биз, албетте, Пакистандын бул конференцияга катышуусунан утушка гана ээ болмокпуз. Буга байланыштуу белгилеп койгум келет, бул залда чек арадагы жакындагы инцидентте эмне болгонунун так картинасын алууга АКШдан көбүрөөк кызыкдар эч ким жок.

Талибан болсо Бонн конференциясын чет өлкөлөрдүн манипуляциясы катары баалап, 30-ноябрдагы билдирүүсүндө эле четке каккан. Талибдер бул жыйын “Ооганстанды мындан ары да оккупациянын отунда калтырып, анын уруш талаасына жана коңшу өлкөлөр үчүн түбөлүк балакетке айлантууну” көздөрүн белгилеген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG