Линктер

жума, 31-март, 2017 Бишкек убактысы 05:09

Cултан Раевдин “Жанжаза” романындагы табылгалары кыргыз прозасы үчүн жаңылык болгону менен дүйнөлүк адабият үчүн канчалык жаңы? Жазуучунун жаңычылдыгы эмнеде?

“Жанжаза” романы басмадан 2013-жылы декабрдын этегинде чыккан. Социология илиминде кеңири колдонулуп жүргөн сандык усулду (англ. quantitative мethods) пайдаланып, Google издөө системасына Султан Раевдин “Жанжаза” романы деп жазалы.

Система сизге мындай сөз 1410 мертебе электрондук маалымат каражаттарында эскертилгенин кабарлайт. Бул санга интернетте өз бети (сайты) жок кыргыз гезиттериндеги “Жанжаза” тууралуу маалыматтар кошулган эмес. Эми латын ариби менен Кara by Sultan Raev деп жазып көрөлү. Ошондо Султан Раевдин “Жанжаза” китеби 2015-жылы Лондондо англис тилинде Кara деген аталыш менен басмадан чыккандан бери англис тилдүү электрондук масс-медиада 3590 жолу эскертилгенин окуйбуз.

Атүгүл китепти Австралияда почта аркылуу 60 долларга сатып алуу мүмкүн экенин да Google маалым кылат. Бул статистика жөнөкөй маалымат эмес. Бул статистика Султан Раев сөзгө кандай маани берсе, маалымат каражаттары менен иштөөгө андан кем эмес маани бергенин күбөлөйт.

Ага катар эле жергиликтүү массалык маалымдоо каражаттарынын жазуучунун чыгармасына жана чыгармачылыгына болгон кызыгуусун да көрсөтөт. Бул маалыматтарга көңүл бурбаганда деле, Кыргызстандагы бир нече кадыр-барктуу уюм (анын ичинде эл аралык уюмдар да бар) “Жанжазаны” "2014-жылдын мыкты романы" деп тапкан. Жазуучу өзү билдиргендей, быйыл роман Сеулда корей жана Анкарада түрк тилинде чыгат. Ошон үчүн чыгарма тууралуу “Азаттык” радиосунда мурда сөз болсо да, кайра кайрылууну жөндүү көрдүм.

“Жанжаза” романында жиндиканадан качып, Ыйык Жерди издеп бараткан улуту, теги белгисиз жети каармандын ташпиши баяндалат. Алар: Император, Лир, Клеопатра, Таис Афинская, Чыңгызхан, Искендер Зулкарнайн жана Козучак. Алар өздөрү жиндикананы Куркулдайдын уясы деп аташат.

Бул тарыхтан маалым ысымдар романдын каармандарынын жиндиканадагы тергеме аттары.

Акын-жазуучу, публицист, котормочу Олжобай Шакирдин сын-пикирин эске албаганда, чыгармачыл чөйрө “Жанжаза” романын кыргыз прозасындагы жаңылык деп макташты. Деген менен бул сюрреалисттик, көп катмарлуу философиялык китептин мазмуну тууралуу адабиятчы Абдыкерим Муратовдун пикирин угуу артык болбос:

- “Жанжаза“ кыргыздын салттуу романдарына окшобойт. Биздин социалисттик реализмде даяр сюжеттер кетет, окуялар сюжеттик сызыкта салттуу өнүгүп барат, конфликт болот. “Жанжаза“ таптакыр абстракттуу, каармандары да абстракттуу, алардын окуясы да абстракттуу түрмөдөн башталат. Анан каармандар жолдо кетип атышат. Жолу да белгисиз жол. Каармандардын өз аттары жок, каймана аттары бар. Алар тээ байыркы дүйнөдөн тартып, бүгүнкү күнгө чейинки каармандар. Автор аларды, алардын тарыхын бүгүнкү күн менен байланыштырат. Албетте, көп окурмандар “Жанжазаны“ окугандан кыйналат. Себеби романда былчылдашкан, курч салгылаштар жок, а конфликттер каармандардын ички дүйнөсүндө болуп атат. Сүйлөшүүлөрдө көрүнбөгөн конфликттер бар. Автордун эң алдыга койгон нерсеси: азыркы жашоо, адамдын маңызы, ыйман жөнүндөгү философиялык-этикалык маселелер.

Алардын диалогунда, ой жүгүртүүсүндө, автордук ретроспекциялар абдан жыш колдонулат. Бул биринчиден. Экинчиден, автор аларга кийлигишпегенге аракет кылат. Каармандар жолдо баратып, өз ара мамиле аркылуу ачылып отурат. Сапар качан аяктайт, кайда баратканы белгисиз. Мунун өзү символдук көрүнүш да. Ошол символдордон, метафоралардан улам “Жанжазаны“ роман метафора, роман-символ деп атаса болот. Чыгарманын поэтикалык аталышы романдын духуна теңделип атат.

Деги эле Султан Раев, өзгөчө, драмаларында ушуга келаткан. Ал былтыр "Антистандарт" деген романын чыгарбадыбы. Ошол ыр китебинде өзүнүн стандартка каршы жазуучу экенин көрсөттү.

Педагогика илимдеринин доктору, жазуучу, публицист Абдыкерим Муратов жана башка адабиятчылар “Жанжаза“ романын кыргыз прозасындагы жаңы багыттагы чыгарма дешкени менен, учурунда Олжобай Шакир белгилегендей, “...улуттук адабияттын табиятына шайкеш келбеген «аң-сезим агымы» маанайындагы стилди жана «ички монологдун» үнү менен жазууну" Батыш жана орус калемгерлери мурда өздөштүргөн эле.

Султан Раев айтылган ыкманы терең өздөштүргөндөй эле батыш басмаларынын китепти рекламалоо ыкмасын да мыкты үйрөнгөн. Романдын бет ачарын атактуу Мухтар Ауэзовдун уулу, казак культурологу Мурат Ауэзов жазган. Ал эми китептин мукабасын С. Раевдин жазуучулук чеберчилиги тууралуу ысымы маданий чөйрөдө таанымал адамдардын сөздөрү, алардын ичинде Чыңгыз Айтматовдун “Жанжаза” жөнүндө пикири шөкөттөп турат. Роман абал башта “Акыркы пайгамбар” деп аталганын, бирок Чыңгыз Айтматовдун оюн угуп, чыгарманын алгачкы атын “Жанжаза”деп өзгөрткөм дейт Султан Раев:

- Ал (Чыңгыз Айтматов) окуп чыгып, мага роман жаккандыгын, (мааниси) терең экендигин айткан, бирок аталышы көп деле ынандырбай атат деген. Романда лейтмотив, кызыл сызык адамдын жандүйнөсү, жаны болуп атпайбы. Ошонун тегерегиндеги аталышты өзүң ойлоп көрбөйсүңбү деген да (Ч. Айтматов). Мен кантип атасам экен деп аябай көп кыйналдым. “Жан жана жаза“ деп атасамбы деген да ой болду. Кыргыз тилинде жанжаза деген сөз жок да. Ошого грамматикалык эрежени бузуп, эки сөздү бириктирдим. Бир түшүнүк болду.

А эмне үчүн “Жанжаза“ романда жети каарман? Жети саны байыртадан көпчүлүк элдерде касиеттүү сан. Андыктанбы, адабий жана музыкалык чыгармаларда бул сан маал-маал кездешип калат. Мисалы, перс поэзиясынын классиги Низами Гянжевинин “Жети сулуу” дастаны, атактуу орус композитору Сергей Прокофьевдин Константин Бальмонттун ырынын негизинде жазылган жети дөө жөнүндөгү “Алар жетөө” ("Семеро их") кантатасы жана Чыңгыз Айтматовдун ”Кыямат” романында жети аскер тууралуу грузин притчасы бар. Султан Раев да “Жанжазада“ жети гана каарман болушун бул сандын касиети менен түшүндүрөт:

- Жети биз үчүн сакралдык сан да. Бул жерде жети образ – жети адам. Чыгармадагы негизги нерсе сөзсүз ар бир нерсенин жооп бере турган жери, жазасы, ошондой эле адам жазадан физикалык жактан кутулса дагы моралдык, жандык, адамдык, сезимдик деңгээлде күнөөсү бар болот деген ой. Биз адамга жан жараткан тарабынан берилет деп айтабыз да. Бул роман жараткандан берилген жанды өзүнүн физикалык түзүлүшү - денесинде көтөрүп жүрүп, күнөөгө батырган каармандар жөнүндө. Чыңгызханды Европаны басып алган, Македонскийди Индияга чейин жортуул жасаган деп айтабыз. Алар жөн эле басып албады да! Канча адамдын каны төгүлдү! Бул укум-тукумга чейин жооп бере турган нерсе. Ошол каармандардын жаны келип, оорулуу адамдардын башына түшүп атпайбы. Бул ошо кылмыштын жазасы.

Ал эми Искендер Зулкайнар, Чыңгызхан сыяктуу тарыхый инсандар чыгарманы масштабдуу кыларын айтат автор:

- Бул ысымдар биринчиден, масштабдуулук берет. Бул ысымдар романдын тар эмес, кеңири чөйрөгө багытталгандыгын билдирет. Мен башка эле бир каармандарды жазып койсом болмок. Бирок булар дүйнөнү өзгөрткөн адамдар. Бул өзгөрүүнү каалаган өзүбүздүн көз карашыбыздын тутумунан ой жүгүртүүбүз үчүн керек деп ойлойм да. Ушул концепциянын негизинде чоң тарыхый личностторду романга киргиздим да.

Ошентип романда Козучак гана аты айтып тургандай кыргыз. Ошон үчүн “Жанжазаны” бөтөн тилге которуп, астына америкалыкпы же европалык автордун ысымын коюп койсок деле кыргыз окурмандары байкабай калышы толук ыктымал. Бул ойду Кыргыз-түрк "Манас" университетинин окутуучусу, акын Алтынбек Исмаилов да ырастады:

- Ооба, Султан Раев кайсыл бир улуттун же мамлекеттин, тар чөйрөнүн адамын, тар чөйрөнүн жашоосун, чектелүү мамлекеттин же улуттун өзөгүндө караган эмес. Ал жалпы адамзаттын проблемасын эл аралык деңгээлге алып чыккан. Чындыгында, бу күндө бир эле кыргыз, орус, тажик, азербайжан, түрк же башка элдердин эмес, адамзаттын көкүрөгүндөгү көйгөйүн, адамдардын бири-бирине жасаган мамилесин көтөрүп чыккан. Сиз туура белгилегендей, Султан Раевдин ордуна башка бир автордун ысымын жазып койсо деле, адамдар бул романды кабыл ала берет деп ойлойм.

Анан да “Жанжаза“ романында диний-философиялык маңыздагы узун тексттер кыргызча которулбай орус тилинде берилген. Анын жүйөсү жөнүндө дасыккан калемгер мындай деди:

- Которуп көрдүм. Бирок ошол сөздүн ритмикасына, стилистикасына жараша орус тилинде атайылап бердим. Кыргызча берсем да болмок. Бирок кыргызча кандайдыр бир деңгээлде ошол боёкту, ошо маанайды, ошол абалды берүү мен үчүн оорураак болду.

Мындан улам “Береги романдын үстүнөн узак жылдар иштеген кажыбас жазуучу катаал философиялык түшүнүктөр кыргыз тилинде калыптана элек экенин билип, орус тилиндеги даяр калыпты пайдаланганды оңой көргөн окшойт? Котормочулар үчүн да жеңил болот деген го…” дегендей күмөн ойлор жаралат. Кайра туруп, Чоюн Өмүралиев татаал философиялык, экзотерикалык, диний-мистикалык ойлорду кажагай тартпай эле кыргыз тилинде сопсонун жазып жатпайбы дейсиң өзүңө. Бирок да дүйнөлүк адабияттын шааларынын бири Лев Толстой “Согуш жана тынчтык” эпопеясында орус ак сөөктөрүнүн французча диалогдорун өз-өз ордунда орусча которуп бергени, окурманды да, өз тилин сыйлоосу эмеспи деп ойлойсуң. Ырас, кыргыз жазуучуларынын түшүнгөнгө жеңил казак тилиндеги узун диалогдорду казакча берүүсү Эл жазуучусу Мелис Абакировдун “Көкөйкести” романынан кийин жаңылык болбой калды. Бул салтты кыргыз тилин күүгө каалагандай сала билген Олжобай Шакир былтыр чыккан “Куюн доор” романында улантты.

“Жанжазага" кайрылсак, Султан Раевдин романы, айтылган кемчиликтерине карабай, Батыш адабиятындагы бүгүнкү негизги агымга-мейнстримге төрт тарабы төп келген чыгарма экени шексиз. Бирок, жазуучунун Чыңгыз Айтматовдой атак-даңкка жетери да күмөндүү. Анткени андан бери саясат да, идеология да, заман да, улуттук адабиятка болгон кызыгуу да өзгөрдү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG