Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:57

Батыш Африкада эбола курмандыктарынын саны 1400дөн ашты


Дүйнөлүк Cаламаттыкты сактоо уюму эбола тумоосу менен күрөшүүгө бир нече ай талап кылынарын билдирди. Уюмдун соңку маалыматы боюнча, оорудан каза тапкандардын саны 1427 кишиге жетти. Дагы 2300дөйү ооруканаларда жатат. Аталган уюм көптөгөн үй-бүлөлөр жакындарынын ооруп жатканын жашыргандыктан бул дартка чалдыккандардын масштабын аныктоо мүмкүн болбой жатканын билдирген.

Эбола вирусунун очогу Гвинея, Либерия, Сьерра-Леон жана Нигерия мамлекеттеринде катталган. Азырынча ооруга каршы дары табыла элек, вирусту жуктургандардын 90 пайызы өмүр менен кош айтышууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG