Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Либерияда эбола вирусу кулач жайды


Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму кабарлагандай, учурда медицина кызматкерлери менен өлкө бийлиги илдетти жайылтпоонун болгон чараларын көрүүдө. Соңку маалыматтарга караганда, бул жугуштуу дарт Либериянын 15 аймагынын баарында катталды. Оорулууларды текшерген 152 дарыгер эболаны жуктуруп, 79у көз жумду. Медицина кызматкерлери жетишсиз болгондуктан 100 миң кишиге бирден адис туура келип жатат.

Либериянын калкынын саны төрт жарым миллионго жакын. Өткөн аптада Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму өлкөдөгү кырдаалды жөнгө салуу үчүн атайын адистердин тобун жиберди.

Батыш Африкада Либериядан сырткары Сьерра-Леоне, Гвинея өлкөлөрүндө жайылган эбола вирусу 2 миңден ашуун кишинин өмүрүн алды. (BCh)

XS
SM
MD
LG