Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:52

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагыдай талаш аймактар дүйнө өлкөлөрүндө жүздөп саналат. Аларды чечүү үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөр натыйжа бербеген учурда башка кандай ыкмалар колдонулуп жүрөт?

"Азаттык" ушул жана башка суроолор менен 20-кылымдын экинчи жарымындагы тарыхы окшош, мурдагы СССР сыяктуу өлкө -мурдагы Югославиянын административдик чек арасынан бөлүнүп чыккан бир нече республиканын бири -Хорватиянын 2010-2015-жылдардагы президенти Иво Йосиповичке (Ivo Jocipovic) кайрылды. Хорватия мурдагы Югославиянын 1990-жылдары кандуу согушту баштан кечирген республикалары ичинен биринчилерден болуп Евробиримдикке кошулган.

“Азаттык”: Йосипович мырза, мурдагы Югославиянын курамынан бөлүнүп чыккан Хорватия да быйыл Кыргызстан сыяктуу эле көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын белгилейт. Ушул өткөн 25 жыл ичинде Хорватия чек араларын толук тактай алдыбы?

Йосипович: Жок, тилекке каршы, чек ара маселелери бизде али да бар. Өлкөнүн түштүгүндө да, түндүгүндө да чек араларыбыз биротоло тактала элек. Түштүк-батыштан коңшубуз Словения менен, Дунай дарыясында Сербия менен, түндүктө Босния-Герцеговина жана ушул эле коңшубуз менен батышта деңиз жээгинде, ага катар түштүктө Черногория менен деңиздеги чек ара боюнча проблемалар бар. Бирок эң маанилүүсү бул чек ара талаштары анчалык курч эмес. Биз чек ара боюнча урушпадык, бири-бирибизди коркуткан да жокпуз. Коңшуларыбыздын баары менен чек ара көйгөйлөрүн тынч жол менен сүйлөшүү аркылуу, эгер бул мүмкүн болбосо башка түрдүү укуктук механизмдер, арбитраж жана Эл аралык Адилет соту (БУУнун соту) аркылуу чечүүнү караган эки тараптуу макулдашууларыбыз бар. Азыркыга чейин, мисалы, Словения менен арбитражга барууну макулдашканбыз. Бирок бул жараян, тилекке каршы, токтоп калды. Анткени, Словения турумун өзгөртүп, талаптагыдай аракеттенбей, арбитраждын судьяларына таасир көргөзүүгө умтулгандыктан бул иш жабылды.

Черногрия менен Хорватиянын чек арасы

Черногрия менен Хорватиянын чек арасы

Демек биз Словения менен сүйлөшүүлөргө кайтабыз же Эл аралык Адилет сотуна барабыз. Босния - Герцеговина менен Хорватияда Франьо Тужман, аларда Алия Изетбегович президент кезинде түзүлгөн алгачкы чек ара келишими бар.

Бирок бул келишим парламенттерде ратификацияланган эмес, Босния-Герцеговинанын парламенти документти такыр эле четке каккан. Андыктан, эми Босния-Герцеговина менен да кайра сүйлөшүү керек. Башка коңшубуз Черногория менен мурдагы өкмөттөрдүн тушунда чек ара боюнча убактылуу келишим түзүлгөн. Бул убактылуу келишим болочоктогу сүйлөшүүлөр үчүн жакшы негиз болсо керек. Менимче, чек ара боюнча талаштарыбыздын баары Эл аралык Адилет сотуна барып чечилсе керек. Себеби, саясий жактан өкмөттөрдүн баары үчүн орток чечим, мунаса табуу абдан кыйын. Анткени, ар бир өлкөдө оппозициядагылар өкмөттү мунасага барса өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иш кылды деп айыпташат.

“Азаттык”: Демек, Хорватия деле мурдагы Югославиядан чогуу бөлүнүп чыккан жаңы коңшуларынын баары менен чек ара талаштарын жөнгө салып, демаркация, делимитация боюнча келишимдерге кол коё элек экен да?

Саясий жактан өкмөттөрдүн баары үчүн орток чечим, мунаса табуу абдан кыйын. Анткени, ар бир өлкөдө оппозициядагылар өкмөттү мунасага барса өлкөнүн кызыкчылыгына каршы иш кылды деп айыпташат.

Йосипович: Коңшулардан Венгрия жана Италия менен гана чек ара толук такталган. Бирок калган коңшулар менен чек араны биротоло тактап, жыйынтык келишимдерге толук кол коё электигибиз турмушта кыйынчылык жараткан жок, чогуу жашап жатабыз, чек аралар жабылып калган жери жок. Талаш аймактар боюнча өкмөттөрдүн туруктуу комиссиялары иштеп, маал-маалы менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканы менен олуттуу жылыш көрүнбөйт. Анткени, ар бир өлкө өз турумун бергиси келбейт. Мен алдыда айткандай, келечекте муну чечүүнүн жалгыз соту арбитраж же эл аралык сот болот го. Бирок баса белгилеп кетким келет, бул чек ара талаштарынын баары курч эмес, проблема, сүйлөшүүлөрдөгү турумду жакшыртуу үчүн аскерий же башка чара көрүүгө мажбур эмеспиз. Теориялык, саясий жактан маанилүү маселе, бирок эч ким муну чечишибиз керек деп талап кылып жаткан жок.

“Азаттык”: Сиз президенти болгон Хорватия 2013-жылдан бери Евробиримдиктин мүчөсү да, чек ара талаштарын чечүү үчүн эң биринчи кезекте эмне керек, саясий эркпи, эл аралык уюмдардын же үчүнчү өлкөлөрдүн ортомчулугубу? Мисалы, Балкан чөлкөмүндөгү мамлекеттердин Евробиримдикке мүчө болууга умтулуусу алардын чек ара талаштарын чечип алууга дилгирленүүсүнө канчалык түрткү берүүдө?

Хорватия жана Словения чектешкен аймак

Хорватия жана Словения чектешкен аймак

Йосипович: Биринчиден, мен кээ бир эл аралык уюмдар же чоң өлкөлөр чек ара талаштарын жөнгө салууга таасир көргөзө алат деп ойлобойм. Бул тикелей ошол өлкөлөрдүн өздөрү тарабынан чечилиши керек. Себеби мунун (чек ара талаштарынын) тарыхый себептери бар да. Биздин, Хорватиянын, көз карашы боюнча эки тараптуу маселелерди Евробиримдикке мүчөлүк менен байланыштыргыбыз келбейт. Бул абдан маанилүү. Мен президент кезимде мына ушундай саясатты кармангам.

“Азаттык”: Мурдагы президент катары Кыргызстан менен Өзбекстанга чек ара маселелерин чечүү боюнча кандай салам дубай жолдойсуз?

Йосипович: Айтаарымдын эң башкысы жана эң маанилүүсү - ок ачпагыла. Эгер чек ара маселесин сүйлөшүү жолу менен чече албасаңар, мунун эң жакшы жолу – Эл аралык Адилет сотуна кайрылуу. Ал сотко БУУга мүчө өлкөлөрдүн баары кайрыла алат. Бирок бир шарт менен, сотко кайрылууга чек ара талашына тартылган эки өлкө тең макул болушу керек.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG