Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:05

БОРИС НЕМЦОВ: КЫРГЫЗСТАН ӨЗ ЭГЕМЕНДИГИНЕН БАШ ТАРТАТ ДЕГЕНГЕ ИШЕНБЕЙМ


Назгүл Кошоева 11-июнда Орусиянын мурдагы вице-премьери, оппозициячыл саясатчы Борис Немцов “Эркин Европа- Азаттык” үналгысынын Прагадагы баш кеңсесине келип, борбордук азиялык журналисттер менен тегерек үстөл маек курду. Сиздерге кабарчыбыз Назгүл Кошоев маектин кыскача мазмунун сунуш кылат.

Н.КОШОЕВА:- Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Феликс Кулов Орусия менен ошондой конфедерация түзүү тууралуу жакында сунуш кылды. Сиз бул сунуш жөнүндө эмне деп ойлойсуз?

БОРИС НЕМЦОВ:- Феликс ушул тапта оппозицияда жүрөт. Негизи, ал жетишээрлик таланттуу жана сый-урматка ээ саясатчы. Ал эми оппозицияда жүргөнүңдө сени калайык угуп турушу үчүн кээде кыйла радикалдуу сунуштарды айтып туруу да керек сыяктуу, дал ошондо гана сага көңүл бура башташат. Бийликте экениңде, бир нерсени шыбырап эле койсоң болду, бүт дүйнө угат, бирок оппозицияда жүргөндө кандайдыр-бир айырмалуу нерсе тууралуу кыйкырып туруу керек болот. Менимче, Кыргызстандын олуттуу экономикалык көйгөйлөрү бар экендигине карабастан, Кыргызстан өзүнүн эгемендигин ойрон кылуу үчүн даяр деп санабайм. Менимче, бул – ишке ашпас сунуш. Тыгызыраак экономикалык алакаларды түзүү, кызматташтыкты өрчүтүү тууралуу айтса болот, бирок, Кыргызстан өз эгемендигинен баш тартты дегенге ишенүү мен үчүн абдан кыйын.

- Ушул тапта Орусия менен Кошмо Штаттар Борбордук Азиядагы саясий артыкчылыктуу орун үчүн күрөшүп жатат деген пикирлерге кандай карайсыз? Деги, аймактагы өлкөлөр өз шеригин өздөрү табышы керекпи?

- Курч күрөш жүрүп атканы – бул айныксыз. Путин мурдагы кудуреттүү ордунан ажырап калганына ичи ачышкан миллиондогон орусиялыктардын көз карашын өз саясатында чагылдырып жатат. Орусиянын өзгөчө жигердүү иш-аракетин орус калайыгы колдоп жатат. Ал эми америкалыктарга келсек, алар Борбордук Азия өлкөлөрүн эки себептен өзгөчө маанилүү деп санашат. Бул – Ооганстан менен Иракка байланыштуу жана отун-кубат булактарына байланыштуу.

Немцов мырзанын пикиринде, ал азыркы борбордук азиялык өлкөлөрдүн ичинен Казакстан менен Кыргызстанга гана ээн-эркин бара алат, башка жумурияттарга ал үчүн эшик жабык:

- Бул өлкөлөр жөнүндө мен көп сүйлөй алам, себеби, бул өлкөлөрдүн дээрлик бардыгына мен үчүн каалга жабык, алар мени киргизишпейт. Мени Казакстанга гана киргизишет го. Ошондой эле азырынча Кыргызстан да мени киргизиши мүмкүн. Ал эми Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан - мен үчүн жабык өлкөлөр, андыктан алар тууралуу чындыкты айтууга эң сонун мүмкүнчүлүгүм бар.

Биздин түркмөн кесиптешибиз расмий Ашхабаттагы соңку өзгөрүүлөргө карата Борис Немцовдун пикирине кызыкты эле, төмөнкүчө жооп алды:

- Силердин жаңы лидериңерди Түркмөнбашы менен эч салыштырып болбойт. Бул – бактыга жараша. Дал ошол үчүн сиздерди куттуктайм. Бирок, сиздердин өлкөңүздөрдө демократия менен эркиндиктин белгилери пайда болду деш да апыртып айтууга тете болоор эле.

XS
SM
MD
LG