Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:08

Боснияда өкмөт кетишин талап кылышууда


Сараеваодогу нааразылык, 10-февраль, 2014
Сараеваодогу нааразылык, 10-февраль, 2014

Дүйшөмбүдө Боснияда жумушсуздук, жакырчылык жана коррупцияга каршы нааразылык демонстрациялары өттү. Социалдык нааразылыкка байланышкан өткөн аптадагы башаламандык өлкөдө 1992-95-жылдардагы согуштан берки эң эле зордукчул демонстрация болуп калды.

Сараево жана башка шаарлардагы демонстранттар регионалдык жана жергиликтүү лидерлердин кызматтан кетишин талап кылышты. Алар жумурияттагы экономикалык кризис жана коррупция үчүн ошол лидерлерди айыптап жатышат.

Түндүктөгү Тузла шаарында нааразылык митингдери өткөн аптада башталган. Ал жактагы митингчилердин бири “Азаттыкка” буларды айтты:

- Саясатчылар эки жылдан бери оюна келгенди жасап келишти. Биз аларды кызматтан кетсин деп жатабыз. Себеби алар завод-фабрикаларыбызды жок кылып, балдарыбызды ээнбаш кылып бүттү. Мунун баарына чекит коё турган учур келди.

Демонстранттар эрте шайлоо жарыялап, бейтарап эксперттерден жаңы өкмөт куроого үндөштү.

Дүйшөмбүдөгү нааразылык акциялары өткөн аптадагыга караганда, алда канча тынч өттү. Өткөн жумадагы башаламандыктарда 300дөн ашуун киши жаракат алган, бир топ өкмөттүк имараттарга өрт коюлган эле.

Босниянын экономикалык проблемалары менен катар өлкөнүн согуштан кийинки саясий түзүлүшүндөгү этникалык татаал бөлүштүрүүнү да аналитиктер азыр улам баса белгилеп көрсөтүшүүдө.

Азыркы демонстрациялар негизинен хорваттардын федерациясынын мусулмандар жашаган бөлүгүндө болуп жатат. Бирок босниялык сербдер – же Республика Српска - тарапта да нааразылык болгону айтылууда.

Босниялык сербдердин президенти Милорад Додик жекшембиде Белградга сапары маалында соңку тополоңдун артында бошняктардын уюмдары турат деп билдирди:

- Республика Српскадагы демонстрацияларга тартылгандардын көпчүлүк бөлүгүн бошняктардын уюмдары, же босниялык хорваттардын мусулман бөлүгү менен байланышкан структуралар түзөт. Банья Лукада ушундай болгон, азыр эми Бийельинада да ошол кайталанып жатат.

Банья Лукадагы жарандык жыйын бейөкмөт уюмунун жетекчиси Драгана Дардич бул айыптоону четке какты:

- Эгер Республика Српскада баары жайында болсо, эгер үйүбүздө сүт-майыбыз, наныбыз болсо, эгер ар бирибизде зарыл тамак-ашка жеткидей 1000 евродой айлыгыбыз болсо, анда биздин эл башчыларыбыз эмнеге коркушу керек?

Дүйшөмбүдө Евробиримдик босниялык жетекчиликке “лидерликти” көрсөтүп, элдин нааразылыгына себеп болуп жаткан социалдык көйгөйлөрдү чечиш үчүн реформаларды сунуштоого үндөдү.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG