Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Бостон жардыруусу боюнча эки казак жараны да айыпталууда


Бостон жардыруулары үчүн шектелип жаткан Жохар Царнаев (оңдо) өзүнүн казак достору Азамат Тажаяков (солдо) жана Диас Кадырбаев менен Нью-Йоркто түшкөн сүрөт
Бостон жардыруулары үчүн шектелип жаткан Жохар Царнаев (оңдо) өзүнүн казак достору Азамат Тажаяков (солдо) жана Диас Кадырбаев менен Нью-Йоркто түшкөн сүрөт

АКШда Бостон марафонунда болгон жардыруу боюнча дагы үч кишиге расмий айып тагылды. Эки казак жана бир америкалык - жардыруулар боюнча негизги фигура катары шектелип жаткан Жохар Царнаев менен мурда колледжде окуган достору.

19 жаштагы Азамат Тажаяков менен Диас Кадырбаев экөө тең Казакстандын жарандары. Үчүнчү айыпталуучу – америкалык жаран Робел Филиппос. Азыр булар үчөө “качып кетиши мүмкүн” деген ойдо убактылуу камакка отургузулган.

Кечээ алардын иши алгачкы жолу Бостондогу сотто каралганда казак жарандарынын адвокаты 15-апрелде үч адамдын өлүмүнө, 260 кишинин жаракат алышына алып келген жардырууларга Азамат Тажаяков менен Диас Кадырбаевдин эч кандай катыштыгы болгон эмес деди.

Ушул тапта түрмөдөгү ооруканада жаткан Жохар Царнаевдин достору катары аталып жаткан бул эки казак жаранын “далилдерди жок кылуу менен акыйкат соттун ишине тоскоолдук кылган” деп айыптап жатышат. Алардын иши эми 14-майда каралат.

Үчүнчү айыпталуучу, америкалык Робел Филиппос “тергөөчүлөргө жалган көрсөтмө бергени үчүн” айыпталууда. Анын иши келерки дүйшөмбүдө (6-майда) каралмай болду.

Булар үчөө бирок Бостон марафонундагы жардыруулар үчүн тикелей айыпталып жаткан жок. Аларды жардыруудан кийин Царнаев менен СМС аркылуу байланышып, колледждин жатаканасында анын бөлмөсүнөн “далилдер камтылган баштыгын жана ноутбугун алып кетишкен” деп күнөөлөп жатышат.

АКШнын Федералдык Чалгын Бюросу (ФБРдин) билдиргенине караганда, Царнаевдин ошол баштыгында фейерверктин ичинде жардыргыч заты алынган бош түтүктөрү болгон. Бийликтердин ишениминде, Кадырбаев досунун бөлмөсүнөн вазелиндин бөтөлкөсүн да “бомбага колдонгон окшойт” деген ойдо алып кеткен. Кадырбаев менен Тажаяков ал баштыкты кийин таштандыга ыргытып жиберишкен. Кийинчерээк полиция аны шаардын четиндеги таштанды жайынан таап чыкканы айтылат.

Эки казак жараны сотто берген көрсөтмөсүнө караганда, алар алгач жардыруу үчүн айыпталгандардын сүрөттөрү телеканалдар аркылуу көрсөтүлө баштаганда шектелгендердин бири алардын досуна окшош экенин аңдашкан. Царнаев өзү ал эки досуна жардыруудан бир ай мурда эле кантип бомба жасаганды билерин айткан экен.

Жохар Царнаев полиция менен атышууларда алган оор жарааттары менен 19-апрелде кармалган. Ошол эле күнү эртерээк полиция менен атышууда Жохардын агасы Тамерлан Царнаев өлтүрүлгөн болчу. Алардын апасы эки чечен бир туугандарына каршы айыптоолорду “жалган” деп билерин айтып келатат.

Кадырбаев менен Тажаяковду болсу АКШнын иммиграциялык кызматы визасыз жүргөнү үчүн да кармаганы айтылууда.

ФБРдин билдирүүсүндө жаңы айып тагылган кишилердин үчөө тең - Жохар Царнаевдин Массачусетс университетиндеги достору.

Кадырбаевдин адвокаты Роберт Стал кечээги соттук отурумда сүйлөп, айыпталуучу бомба жардырууга эч кандай тиешеси болгон эмес деди.

"Диас Кадырбаев өзүнө тагылган бүт айыпты четке кагууда. Биз башынан бери эле айтып келатакандай, ал ФБРге жардам бериш үчүн аракет кылып жатат. Ал башкалардай эле, Бостондогу жардыруудан кайгырып турат, - деди адвокат. - Ал Царнаев жардырууга катышканын билген эмес, бир топ кеч болуп калганда гана түшүнгөн. Биз азыр тагылган айыптар боюнча талкуулашып жатабыз жана анын күнөөсү жок экенин сотто далилдегенге аракет кылабыз. Кадырбаев жана анын үй-бүлөсү Бостондогу окуяларга терең кайгырып жатканын билдирет, анын буга эч катыштыгы жок".

Экинчи казак жараны Тажаяковдун адвокаты да ушундай эле таризде анын жардырууларга эч кандай катыштыгы болгон эмес деп билдирүүдө.

Эгер сотто бул эки казак жараны күнөөлүү деп табылса, беш жылга чейин түрмөгө отургузулуп, 250 миң доллар айып пулга жыгылышы мүмкүн.

Америкалык Филиппосту эгер сот күнөөлүү деп тапса, сегиз жылга чейин камай алат жана ага да 250 миң доллар айып пул салат алат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG