Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Чуулуу тасманын авторунун куну өсүүдө


"Пакистанды коргоо кеңеши" коалициясынын тарапкерлери АКШда жасалган антимусулманчыл фильмге жана Францияда Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөрдүн жарыяланышына каршы өткөн маршта. Пешавар, 1-октябрь 2012
"Пакистанды коргоо кеңеши" коалициясынын тарапкерлери АКШда жасалган антимусулманчыл фильмге жана Францияда Мухаммед пайгамбарды шылдыңдаган сүрөттөрдүн жарыяланышына каршы өткөн маршта. Пешавар, 1-октябрь 2012

“Бейкүнөө мусулмандар” тасмасын тарткан адамдын башы үчүн акча сайгандардын саны дагы бирге көбөйдү.

Пакистандын Хайбер-Пахтунхва провинциалдык парламентинин мурдакы төрага орун басары Икрамулла Шахид сыйлык тууралуу жарыясын 1-октябрда Пешавар шаарында, 15 миң адам чогулган жыйында жасады. Нааразылык маршын радикалдуу көз караштагы ислам топторунун башын бириктирген “Пакистанды коргоо кеңеши” деп аталган коалиция уюштурду. Бул уюшманы Шахид өзү жетектейт.

Экс-депутат анти-исламчыл “Бейкүнөө мусулмандар” фильминин режиссерун өлтүргөнгө шыктандырып, акча убада кылган мартабасы улук экинчи пакистандык. Бир нече күн мурда өлкөнүн темир жол министри Гулам Ахмад Билур кандуу иш үчүн өз жанынан 100 миң доллар берерин жарыя кылган. Билур зобун-зордукту жактабаган Авами улуттук партиясынын мүчөсү болгондуктан, анын Мухаммед пайгамбарды шылдыңдап көрсөткөн фильмдин режиссеруну тындым кылганга кызыктырган кадамы көпчүлүк серепчилер үчүн күтүүсүз болду.

Бирок Билурдун бул кадамы үчүн талиптер аны “кара тизмесинен” чийип салышты.

Гулам Ахмад Билур “Азаттыкка” берген интервьюда адамдарды дейдаба фильмдин режиссеруну өлтүрүүгө түрткөн кадамга баруусун пайгамбар алейсаламды сыйлаганы менен түшүндүрүп, мусулмандар менен тарсалар арасындагы жаңы тирешүүлөрдүн алдын алууну көздөгөнүн айтты:

- Мен кырдаалды жаман катастрофа сыңары көрөм. Жагдай бу тейде улана берсе, мусулмандар азчылыкты түзгөн жерлерде мечиттерге чабуул жасалып, чоң алааматтарга алып барат деп корком. Келечекте мусулмандар менен тарсалар арасында чабыш болбош үчүн биз мыйзамга чакырабыз. Кошмо Штаттар мындай мыйзамды кабыл алганга теминбей турганда, бизде сыйлык убада кылгандан башка чарабыз жок.

Фильмге байланыштуу көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө нааразылык акциялары өткөрүлүп, атүгүл алар кан төгүүлөр менен коштолгон. Ливиянын Бенгази шаарында жаалданган топ АКШ консулдугуна кол салып, америкалык элчи жана үч дипломат өлтүрүлгөн. Пакистанда мындай акцияларда 23 адам набыт болуп, коомдук жана менчик мүлккө чоң зыян келтирилген. Жалпысынан ислам өлкөлөрүндөгү мындай акцияларда өлгөндөрдүн саны акыркы маалыматтарга караганда, 50гө жеткен.

Пакистан өкмөтүнүн мүчөсү интервьюда 21-сентябрь күнкү жума намаздан кийин фильмге каршы өткөн жүрүш учурундагы талап-тоноолорго эч кандай тиешеси жок экенин, байгени кезектеги шайлоо алдында упай топтоо максатында жасабаганын белгилей кетти:

- Мен билдирүүнү Мухаммед пайгамбарды сүйгөнүм үчүн жана диним үчүн жасадым. Өзүм жөнүндө айтсам, пайгамбарымдын ар-намысын коргоо үчүн колдон келгендин баарын жасаганга даярмын.

Пакистан өкмөтү 100 миң доллар сыйлыкты министр өз жанынан бөлүп жатканын, мунун расмий саясатка кыпындай да тиешеси жок экенин ошо замат билдирген.

Гулам Ахмад Билурдун оюнча, “Бейкүнөө мусулмандар” сыяктуу эл арасында жек көрүүчүлүктүн үрөнүн сепкен фильмдердин жаралышына жол бербес үчүн Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы Мухаммед пайгамбар жөнүндө эч бир жаман сөз айттырбаган мыйзам кабыл алыш керек. Мындай сунушту Пакистан президенти Асиф Али Зардари Улуттар уюмунда жасаган эле.

Индия, Египет, Малайзия жана башка бир катар өлкөлөрдө кеңири прокатка чыкпаган “Бейкүнөө мусулмандар” фильмине байланыштуу YouTube видеопорталына кирүү чектелсе, Пакистандын өзүндө, Ооганстанда жана Бангладеште сайт биротоло жабылды. Орусиянын прокуратурасы видеотасманы экстремисттик деп тапты. Анын жүйөсү жөнүндө Москвадагы Орусия маданият институтунун директорунун орун басары Наталья Крюкова Ройтерс агенттигине 2-октябрда мындай деди:

-Биз береги материал биринчиден, мусулман дининдеги адамдарды өтө эле кемсинтет деп таптык. Себеби исламда Мухаммед пайгамбар өтө урматталып, ызатталган инсан. Ошондой эле бул материалда бүтүн мусулман дүйнөсүн өтө агрессивдүү жана негативдүү көрсөткөн эпиозоддор толтура экен.

Чуулгандуу тасманы Кошмо Штаттарда жашаган теги египеттик копт Накула Бассели Накула тарткан деп шектелүүдө. Ал сот өкүмүн бузуп, интернетти уруксатсыз пайдаланганы үчүн бир жума илгери камакка алынган.

XS
SM
MD
LG