Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:13

Китепти жабык абалында көчүрчү аппарат. Тоңколчок ашып туруп кетчү робот. Мээнин ар бир клеткасынын иштөө өзгөчөлүгүн көрсөткөн атлас. 1075 жаштагы Босна карагайы.

АКШдагы атактуу Массачусетс технологиялык институтунун изилдөөчүлөрү жабык китептин ар бир барагын сүрөткө тартып алчу системаны түзүштү. Алар китепти ачпай туруп көчүрүп алуу үчүн татаал технологиялык ыкманы жана маалыматты окучу алгоритмдердин программасын иштеп чыгышкан.

Жаңы система жабык китептин барактарын окууда терагерц диапазонунун бөлүнгөн нурларын пайдаланат. Бул диапазон микротолкундардын нурлары менен инфракызыл жарыктын ортосундагы диапазондо жатат. Терагерц нурун пайдалануу ар бир барактын таза бөлүгүн анын тамга басылган бөлүгүнөн так айырмалайт. Себеби түрдүү химиялык заттар бул нурду өзүнө ар башкача сиңирет.

Татаал математикалык анализдин натыйжасында көчүрүлгөн маалыматтар тиешелүү барактарга бөлүнөт дагы текст баштапкы калыбына келтирилет. Андан соң алгоритмдер программасы ар бир барактын бетиндеги символдордун сөлөкөтүн даана кылып тартып берет. Жоржия технологиялык институтунун адистери иштеп чыккан алгоритм тамтыгы чыккан символдорду да мурдагы калыбына келтирип коёт.

Бул долбоордун катышуучусу Массачусетс технологиялык институтунун Медия лабораториясынын илимий кызматкери Бармак Хешматтын (Barmak Heshmat) сөзүнө караганда, алар иштеп чыккан система жабык китептин барактарын оптикалык сканер менен бирден барактап сүрөткө тарткандай эле сапаттуу кылып көчүрөт.

Доктор Хешматтын айтымында, береги система машиненин тетиктеринин бетине жана дарылардын сыртына капталган заттардын курамын анализдөө үчүн, барактаса эле бети упурап кетчү китептерди көчүрүү колдонулушу мүмкүн. Аны пайдаланууга Нью-Йорктогу Метрополитен музейи кызыкдар болууда.

"Бул биз мурда оптикалык технология менен такыр көрө албаган нерселердин сүрөтүн тартууну мүмкүн кылган алгачкы иш. Эми китепти анын мукабасына карап эле баалай алабыз", - дейт Беркли шаарындагы Калифорния университетинин (University of California at Berkeley) доценти Лаура Уоллер (Laura Waller). (Булагы: http://news.mit.edu, http://www.nature.com)

Бийик тор тосмодон ашып кетчү робот

Minitaur деп аталган береги роботту Филадельфиядагы Пенсильвания университетинин (University of Pennsylvania) изилдөөчүлөрү Авид Дэ (Avid De) жана Гэвин Кеннеолли (Gavin Kenneolly) жасашты. Бул экөө Minitaur роботун жасоо үчүн Chost Robots компаниясын негиздешкен.

Төрт аяктуу робот тоңкобаш атып туруп кетет; бийик тор тосмону алдыңкы эки аягы менен асылып ашканды билет; туткасын бурап эшикти ачат; адамдан кем калышпай тепкичтен өйдө чыгат жана кыдыңдап адамдан калышпай басат же 1 саатта 7 чакырымдан (7 242 м) көп аралыкты басып өтөт. 48 см бийикке секирип жетет. Ал төрт аяктап да, эки аяктап да жүрө алат жана өз тибиндеги башка роботтордон бир кыйла кичине. Конструкциясы жөнөкөй, жеңил оңдолот, ишенимдүү жана арзан. Роботтун буттары электрокыймылдаткычынын бирдиктүү механизми катары болгондуктан, төрт аягы кошумча сенсору жок эле синхрондуу иштеп, кыймылдаткычтын бар кубатын пайдаланышат.

Minitaur роботунун чекене баасы башка өзү типтеги роботтордон арзан- 10 миң доллар. Роботтун тулкун азыркыдай жалпак эмес, көлөмдүү кылып жасаса, инженерлердин ырасташынча, баасы 1500 доллар болот экен.

Азыр дүйнөдө Minitaur тейдеги төрт же эки аяктуу универсалдуу роботтор. Ошого алардын ар бир тетиги заказ менен жасалгандыктан, баалары кымбат.

(Булагы: opularmechanics.com, slashgear.com)

Мээнин жаңы атласы

Нейрологдордун айтымында, адамдын мээси дүйнөдөгү эң чоң жана эң татаал ойлоочу булчуң. Ушундан улам илимпоздор адамдын мээсинин базалык структуралык түзүлүшүн көрсөткөн сапаттуу атласты жасай албай жатышкан. АКШнын Сиеттл шаарындагы Мээни изилдөөчү Аллен институту (Allen Institute for Brain Science) билдиргендей, адамдын мээсинин бир кылымдай мурда түзүлгөн атласы эскирген эле. Аны алмаштырчу жаңы эталлон атласты Аллен институту түзүп, өз сайтында жарыялады.

Жаңы стандарттагы атлас үчүн 34 жаштагы донордун мээсин магниттик резонанс жана спектралдык диффузиялык томографиядан өткөрүп, анан мээнин ар бир бөлүгүн аткарган кызматына жараша 862 спецификалуу бөлүккө ажыратып боёшкон. Мээнин көзгө көрүнбөгөн точкасы 1 микрометр (метрдин миллиондон бир бөлүгү же 10-6), бирок 350 барактуу атласта мээнин татаал түзүлүшү бажырайтып даана тартылган.

“Жаңы атлас (The Allen Human Brain Reference Atlas) инновациялык форматы боюнча классикалык атласка салыштырмалуу жаңы баскычка көтөрүлүү", - деп түшүндүрдү институттун өкүлү, доктор Патрик Хоф (Patrick Hof). Анын билдиришинче, адамдын мээсинин атласы китеп форматында жана online режимде коомчулукка ачык болгондуктан, илимпоздор атайын программаны пайдаланып, мээнин ар бир клеткасынын түзүлүшүн жана кандай иштегенин даана көрүп, изилдей алышат.

“Окумуштуулар түрдүү жөнөкөй жандыктардын мээлеринин атласын эбак эле түзүшкөн. Бирок, адамдын тамырлары буладай ичке жана теңдешсиз татаал мээсинин атласын түзүү аябай оор маселе эле. Андай атласты түзүүгө биз эми гана жакындап баратабыз”,-дейт Аллен институтунун изилдөөчүсү Эд Леин (Ed Lein). (Булагы: alleninstitute.org, engadget.com, human.brain-map.org, onlinelibrary.wiley.com)

Европадагы эң кары кызыл карагай

Грециянын түндүгүндөгү Пинд тоосундагы токойдон 1075 жаштагы кызыл карагай табылды. Ал биологияда Босна карагайы деген ат менен белгилүү. Латынча Pinus heldreichii – Гельдрейх карагайы деп аталат.

11 кылымдык карагайды Грециянын Наварино экологиялык обсерваториясы (Navarino Environmental Observatory) уюштурган экспедиция учурунда Стокгольм университети (Швеция), Майнц университети (Германия) жана Аризона университетинин (АКШ) биологдору табышты. Пинд тоосунда башка дагы ондон көп миң жылдык Босна карагайы табылган.

"Бул чоң, татаал жана сезимтал организм катаал чөйрөдө тирүү калганы таң калычтуу. Бул жердеги цивилизацияга 3000 жылдан ашты", – дейт экспедициянын жетекчиси, швециялык дендрохронолог Пол Крусик (Pol J. Krusic). - Тирүү кары дарактарды издөөнүн максаты – аларга таянып, климаттын тарыхынын узун хронологиясын түзүү".

Туурасы бир метрлик Босна карагайынын жашы кабыгын астынан өзөгүнө чейинки шакектердин саны боюнча аныкталган. 1075 жылдык карагайды биологдор Адонис деп аташты. Адонис байыркы гректерде сулуулуктун жана тилектин кудайы.

Илимпоз-биологдор Адонис жана өткөн кылымда жерге жыгылып, бирок бузулбай сакталган карт карагайлар климат жана экологиялык жагдай тууралуу маалыматтардын тарыхын билгенге ачкыч болот деп үмүт кылышат.

"Батыш цивилизациясы, адамзаттын тарыхы ушу дарактын айланасында өткөнү, Византия жана Осмон империясынын элдери ушу чөлкөмдө жашаганы мени таң калтырат. Бирок, бул токойго миң жылдан ашык мезгил адамдын колу тийбеген",-дейт Крусик.

Тарыхый жылнама.

941-ж. Адонис көчөт болуп өсө баштайт. Византия империясы кемелине жетип турган кез.

1041-ж. Адонис 100 жашка кирет. Кытайда порохтун мүнөздөмөсү жарыяланат. Макбет Шотландия падышасынын тактына отурат.

1191-ж. Адонис 250 жашта. Охсфорддо жана Парижде университет ачылат.

1141-ж. Адонис 500 жашка чыгат. Осмон империясы Грецияны басып алат. Көптөгөн грек окумуштуулары Батышка качып, маданий ренессанска таасир этет. Арбога шаарында Швеция парламентинин биринчи жыйыны болот.

1691-ж. Адонис 750 жашта. Исаак Ньютон Кыймыл жөнүндөгү мыйзамды негиздеп жазат. Европада балмуздак, чай жана кофе пайда болот.

1941-ж. Адонис 1000 жашка толот. Гитлердик Германия СССРге согуш ачат. Грецияны нацисттик Германия, Италия жана Болгария басып алат. (Булагы: sciencedaily.com, earthsky.org, voices.nationalgeographic.com)

XS
SM
MD
LG