Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:00

БСУ “Зика” вирусун эл аралык чоң коркунуч деп атады


Маргарет Чан
Маргарет Чан

Борбордук жана Түштүк Америкада тарап бараткан “Зика” ылаңын Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун адистери ири эл аралык коркунуч деп аташты. Көз карандысыз эксперттер комитети Бразилияда жаңы төрөлгөн балдарда бул илдеттин оор түрү каттала баштагандыктан, ушундай чечим кабыл алууну сунуштаган. Уюмдун башчысы Маргарет Чан вирустун тарашын ири жардырууга салыштырып, буга тынчсызданып жатканын айтты:

-Бул кырдаалдан мен бушайманмын. Латын Америкасын тынчын алган илдетти жоюу үчүн вакциналардын, дары-дармектердин жетишсиздиги абалды дагы да татаалдантат. Вирусту алып жүргөн чымындар башка региондорго да ооруну таратышы ыктымал.

Саламаттыкты сактоо уюмунун эсебинде быйыл Борбордук жана Түштүк Америкада “Зикага” чалдыккандар 3-4 миллионго жетиши мүмкүн. 2015-жылдын октябрынан бери оорудан жабыркаган бразилиялыктардын саны төрт миңге чапчыды .Быйыл августта ал жакта Олимп оюндары өтөт.

XS
SM
MD
LG