Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Бразилияда президентти кетиришүүдө


Дилма Руссеф, 12-май, 2016-жыл.
Дилма Руссеф, 12-май, 2016-жыл.

Бразилияда президент Дилма Руссефти импичмент аркылуу кетиришүүдө. Импичмент жараянды баштоо сунушун парламенттин жогорку палатасы - Сенат колдогондон кийин өлкөдө президенттин милдеттин аткаруучу ишке киришти. Ал эми ыйгарым укугу токтотулган Руссеф окуяны "бийликти эңсеген оппозициянын төңкөрүшү" деп атап, актыгы үчүн аягына чейин күрөшөрүн айтууда.

Бразилияда президентке импичмент жарыялангандан кийин жаңы өкмөт куралды.

Мамлекет башчысынын милдетин аткарууга киришкен вице-президент, Демократиялык кыймыл партиясынын өкүлү жана 75 жаштагы борборчул саясатчы Мишел Темер жаңы өкмөттү “улутту сактоо өкмөтү” деп атап, эң чукул милдет катары коомдогу ажырымды жеңүү менен өлкөнү бириктирүү зарылдыгын белгиледи:

Мишел Темер.
Мишел Темер.

- Бразилия калкына менин биринчи сөзүм - ишеним. Ишеним биздин элдин мүнөзүн калыптандыруучу, демократияны турмушка жарамдуу кыла турган жана экономиканы калыбына келтире турган баалуулук.

Бразилиядагы бул чукул саясий өзгөрүүлөрдүн алдында коррупция боюнча айыптоолордон улам өлкө парламентинин жогорку палатасы - Сенат президент Дилма Руссефке каршы импичмент жараянын баштоо сунушун колдогон эле.

Жыйырма саатка созулган талкуудан кийинки добуш берүүдө президентке импичмент жараянын баштоону сенаторлордун 55и колдоп, 22си каршы чыкты.

Буга чейин ушундай эле чечимди өткөн айда парламенттин төмөнкү палатасы жактырган болчу:

Федералдык сенат тарабынан импичмент жараяны ачылып, менин мандатым 180 күнгө токтотулду. 54 миллион адам тарабынан шайланган президент катары мен баса белгилеп кете турган нерсе - Бразилиянын демократиясы жана биздин өлкөнүн келечеги үчүн азыркы талаштуу учурда бул импичмент жараяндын тараза ташында менин мандатым эле эмес, биздин шайлоону, бразил элинин суверендүү эркин жана Конституциябызды урматтоо маселеси да турат.

Бразилиянын Конституциясы жана мыйзамдары боюнча эми Сенат 180 күндүн ичинде президент Руссефке коюлган айыптарды иликтеп чыгышы керек. Эгер сенаторлор ал айыптар менен келишпей койсо, мамлекет башчы өз ордуна кайтат. Эгер Руссеф мамлекет башчылыктан биротоло четтетилсе, анда президенттин милдетин аткаруусу Мишел Темер бул кызматты 2018-жылдагы шайлоого чейин аркалайт.

Сенатта импичмент боюнча акыркы чечимди кабыл алуу үчүн үчтөн эки добуш же 81 сенатордун колдоосу талап кылынат.

2014-жылы экинчи мөөнөткө шайланган Дилма Руссефти парламенттин төмөнкү палатасы мамлекеттик бюджеттин абалы боюнча туура эмес маалымат берген деп күнөөлөгөн. Ал ошондой эле Бразилиянын мамлекеттик ири мунай компаниясы - Petrobas ишканасынын айланасындагы коррупцияга да катышы бар деп шектелүүдө.

Экономикалык кризистин эпкини

Бразилиядагы кризис "Эмгек" партиясынын 13 жылдык бийлигине сокку уруп жаткандай. 2000-жылдардын башында бүткүл Латын Америкада солчул күчтөрдүн бийлик сересине чыгышына аймактан баасы кымбаттаган чийки заттардын экспортунун күчөшү, мындан улам калкка жаңы социалдык саясаттын, дымактуу экономикалык программалардын убада кылынышы салым кошкон эле.

Дилма Руссефтин жактоочулары. 12-май, 2016-жыл.
Дилма Руссефтин жактоочулары. 12-май, 2016-жыл.

Бирок азыр чийки заттардын баасынын арзандашынан улам өкмөттөр экономикалык өсүштү кармай албай, бул өз кезегинде солчул партиялардын беделин да кетирүүдө.

Улуттук дүң өндүрүшүнүн көлөмү жагынан дүйнөдө 9-орунда турган Бразилияда быйыл экономика 4% кыскарары күтүлүп жатат.

Бразилиядагы импичментти аймактагы Венесуэла, Куба, Боливия өңдүү мамлекеттердин солчул бийликтери айыптап чыгышты.

Венесуэла президенти Николас Мадуро атүгүл муну Кошмо Штаттардан көрдү:

- Венесуэла бул улуу бразилиялык аялга каршы жасалган адилетсиздикти, ыпластыкты четке кагат. Мен төңкөрүш "Кошмо Штаттарда жасалды” деген жазуу менен келгенинен шек санабайм.

Бразилияда президенттин азырынча убактылуу болсо да алмашып жатышы өлкө августта Рио-де-Жанейро Олимпиадасын тосор алдына туш келди. Бийликтер саясий чалкештиктердин Олимпиадага зыяны тийбейт деп ырастоодо.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG