Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:41

Рио: Кызыгы, кайгысы, кубанычы


Косcоволук спортчу Майлинда Келменди
Косcоволук спортчу Майлинда Келменди

Риодогу жайкы Олимпиада бүтөөрүнө толук бир жума калды. Бул арада медалдардын басымдуусу ойнотулду. Көпчүлүгүн адаттагыдай эле байманасы ташыган өлкөлөрдүн спортчулары алып жатышат.

Толкунданткан мүнөттөр

Риодогу 31-жайкы Олимп оюндары ортосунан ооду. 5-августта башталган спорттук майрам көпчүлүк үчүн унутулгус учурларды тартуулоодо.

Маселен, аймагы Ат-Башыдан да кичинекей, эки миллионго жетпеген калкы бар Коссовонун балбанынын алтын алышын атасак болчудай.

Кептин баары Коссово өлкө катары Олимпиадага биринчи ирет катышып жатканында. Дзюдочу Майлинда Келмендинин медалы өлкө үчүн тарыхый мааниге ээ.

Дзюдочу Майлинда Келменди
Дзюдочу Майлинда Келменди

Ошондуктан аны 14-августта мекенинде көчөлөрдүн эки тарабына, үйлөрдүн балкондоруна шыкалган миңдеген адамдар алкап тосуп алышты. Премьер-министри экөө маалымат жыйынын курушуп, толкунданган Майлинда:

- Мен өзүм эле эмес, бүтүндөй өлкөм үчүн кубанычтамын. Аракетимдин баары менин өлкөм Коссово, элим үчүн, баарынан мурда Коссоводогу жаштарга шыкак, дымак бериш үчүн жасалды, - деди.

Майлинда байгеси үчүн бийлик бере турган 100 миң долларын Олимпиадага катышкан башка коссоволук спортчулар менен бөлүшөрүн айтты.

Дагы бир кызыктуу, ары жагымдуу окуя кытайлык спортчунун сүйүктүүсүнүн колун сураганы болду. Сууга секирүү боюнча коло медаль тагынган кытайлык Цинь Кай мекендеши, ушул эле спорттон күмүш медалды уткан Хе Цзыга дал медал тапшырылып жатканда турмушка чыгууну өтүндү. Шакегин сунуп турган жигитке дароо оң жооп болду.

Цинь Кай Хе Цзыны турмушка чыгуусун өтүнүүдө
Цинь Кай Хе Цзыны турмушка чыгуусун өтүнүүдө

Ыза коштогон жеңилүүлөр

Кыргызстандыктар оюндарга күнү-түнү дебей көз салып отурганы белгилүү. Иззат Артыковдун коло медалынан кийин ишеним менен эңсөө күчөп, улам чыккан спортчубуз медаль алып калса экен, ошол кубанычтуу мүнөттөргө күбө болбой калбайын дегендер телевизордун алдынан жылбайт.

Иззат Артыков: байгенин кубанычы
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00

15-августта Кыргызстандын убактысы боюнча кечки жетиден ооп грек-рим күрөшү боюнча 130 кг салмакта Мурат Рамонов орусиялык Сергей Семёновго чыкты. Биринчи айлампада 4 упай менен Рамонов алдыда эле. Экинчи айлампада орус балбаны артыкчылык кылып, натыйжада 8:4 эсебинде жеңишти алып кетти.

Андан кийин дагы бир грек-рим күрөшчүсү Жанарбек Кенжеев (85 кг) германиялык Кудло Максимилян менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңилди.

Ошентип Олимпиадага барган 19 спортчунун 14ү күч сынашып бүтүштү.

Эми 16-августта дагы бир грек-римчи балбан Руслан Царев, 17-августта эркин күрөштөн Айсулуу Тыныбекова, 20-августта эркин күрөштөн Айаал Лазарев, 21-августта эркин күрөштөн Магомед Мусаев, 21инде марафончу Илья Тяпкин күч сынашат.

Кыргызстандык балбандар Жанарбек Кенжеев жана Мурат Рамонов Рио-де-Жанейродо өтүп жаткан Олимп оюндарында мелдештерин жыйынтыкташты. 15-август күнү 130 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Рамонов алгачкы квалификациялык беттеште орусиялык Сергей Семёновго утулуп 1/8 финалга чыкпай калган. Семёнов жарым финалда кубалык Лопез Нонез Михаинге жеңилип калгандыгына байланыштуу Рамоновго жооткотуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк албай калды.

85 килограммга чейинки салмакта күчүн сынаган грек-рим күрөшчүсү Жанарбек Кенжеев дагы 1/16 финалда алгачкы беттешинде германиялык Денис Кудло Максимилянга жеңилип калган. Немис балбаны чейрек финалда орусиялык Давит Чакветадзеге 8:0 эсебинде ири айырма менен жеңилип калгандыгына байланыштуу Кенжеевге жооткотуучу таймашка чыгууга мүмкүнчүлүк болбой калды.

Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

Жалпы командалык эсепте 70 медалы менен АКШ алдыда баратат. Баса, АКШнын Улуттук Олимпиада комитети жайкы Олимп оюндарынан миңинчи алтын медалын алганын жарыялады.

Риодогу медалдын көптүгү боюнча алдыңкы бешилтикте АКШдан тышкары Британия, Кытай, Орусия, Германия баратат. Бул катар өзгөрүп кетиши да ажеп эмес. Олимп оюндары бүтөрүнө бир жума убакыт бар.

XS
SM
MD
LG