Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

Тыныбекова мелдештерин байгесиз жыйынтыктады


Айсулуу Тыныбекова жеңилүү ызасын тартты.
Айсулуу Тыныбекова жеңилүү ызасын тартты.

Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында бүгүн спортчу Айсулуу Тыныбекова коло байге үчүн күрөшүп, жеңилүү ызасын тартты.

Бразилияда өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова 18-августка караган түнү коло байге үчүн таймашта индиялык Малик Сакшиге утулуп калды.

58 килограммга чейинкилер арасындагы күч сынашкан Тыныбекова таймаштарын 1/8 финалдан баштаган. Бул беттеште бразилиялык Жойс Силва менен күч сынашып, 11:8 эсебинде жеңди. Чейрек финалда 2015-жылдагы дүйнө чемпиондугунун күмүш байгесинин ээси, финляндиялык Петра Олли менен таймашып, 14:7 эсебинде утуп алды.

Жарым финалда орусиялык Валерия Коблова менен күрөшүп, 4:1 эсебинде жеңилип, алтын байге үчүн таймаштан четтеген. Коло байге үчүн күрөштө индиялык Малик Сакши менен таймашты. Биринчи айлампада Тыныбекова 5 упай алып алдыга чыккан. Экинчи айлампада индиялык балбан кыз 8 упай топтоп, 8:5 эсебинде жеңишке жетти. Сакши 2015-жылы Дохода өткөн Азия чемпиондугунда коло медалды тагынган. 2012-жылы Лондондо өткөн жайкы Олимп оюндарына катышып байгесиз кайткан.

Бул салмакта жапониялык Каори Ичо чемпион болду. Ал ушуну менен төртүнчү жолу Олимп оюндарынын алтын медалын тагынды. 10 жолу дүйнөнүн, төрт жолу Азиянын чемпиондугун да уткан. Күмүш байгени орусиялык Валерия Коблова алды. Дагы бир коло медал тунистик Марва Амриге буюрду.

Тыныбекова жеңилүү менен 5-орунга ээ болуп калды. Ал жаштар арасында жана чоңдор арасында Азиянын чемпиону. Ошондой эле Азия чемпиондугунун эки күмүш жана бир коло байгеси да Тыныбековага таандык. 2012-жылдагы Лондон Олимп оюндарына катышып 14-орунду алган. Ошол жылы 17 жаштагы кызды сабаган деп айыпталып, иши сотко өтүп, үч айга жакын убакытка созулган соттук териштирүүлөр машыгуулардан алагды кылган.

Кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Байгазы Кенжебаев “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде Тыныбекова татыктуу күч сынашты деген пикирин билдирди.

- Айсулуу колдон келген бардык мүмкүнчүлүктөрүн жумшады. Спортто деген өзүнүздөр билгендей Олимпиаданын коло медалынын ээлери, беш жолку дүйнө чемпиондору да акыркы секунддарда байгелерин тарттырып жиберди. Айсулуу да акыркы секунддарында байгесин алдырып ийди. Мен ойлойм, бир миллиарддан ашуун калкы бар Индиянын балбан кызына спортто болгон оомат ооп кетти десем мүмкүн туура болот. Бирок Айсулуу 23 жашта. Бүгүнкү күндө өзүнүн карьерасындагы эң жакшы көрсөткүчтөрдүн бирин камсыздады. Коло байге үчүн да татыктуу күрөштү. Бул көрсөткүч жаштар үчүн жакшы үлгү болот. Менин баамымда, Айсулуу кызыбыз жакшы күрөштү деп айтсам жаңылышпайм.

XXXI Олимп оюндарына катышкан Кыргызстандын делегациясынын жетекчиси, Жаштар иштери дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде байге үчүн таймашта утулууга спортчу жеке өзү себепкер болгондугун айтты.

- Тилекке каршы, колдо турган коло байгени алдырып койдук. Мен ойлойм, бул жеке спортчунун күнөөсү. 5:0 эсебинде утуп жатканда туура эмес кыймыл-аракет кылып утулуу өтө оор маселе болуп калды. Учурда Айсулуунун да, машыктыруучулардын да жана жалпы команданын да маанайлары абдан суз. Эмнеге дегенде колубузда турган медалды беттеш бүтөөрүнө 9 секунд калганда алып туруп индиялыктарга берип койдук. Аябай капа болуп жатабыз. Эки ишенген балабыз менен кызыбыздын медалдарынан кур калдык. Эралиевдин маселесинде жөндөн-жөн эле калыстар медалын кыйнап алып коюшкан эле. Ал эми бул кырдаалда болсо Айсулуу өзүнүн чөнтөгүндө турган медалды алып туруп, индус кызга тапшырып койду да. Эми үмүт деген өчпөйт. Алдыда эки балбаныбыз жана бир марафончубуз бар. Жакшы тилек менен күтүп туралы. Кудайдын буюрганын көрөбүз.​

Айсулуу Тыныбекованын ата-энеси, туугандары анын беттешүүсүн теле аркылуу көрүп, сүрөөнгө алуу үчүн Кочкордогу үйүнө чогулушкан. Майлы-Суу шаарынан 80 жаштагы таянеси да келген.
Айсулууну сүрөгөн ата-энеси
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:57 0:00

Айсулуу Тыныбекова быйыл апрель айында Астанада өткөн азиялык лицензиялык мелдеште алтын байге алып Олимп оюндарына жолдомо алган. Финалдык таймашта монголиялык Орхон Пуревдоржду 10:5 эсебинде жеңген эле. Тыныбекова өзбекстандык, вьетнамдык жана түндүк кореялык атаандаштарын утуп финалга чыккан.

Айсулуунун бразилиялык балбан менен күрөшү.
Айсулуунун бразилиялык балбан менен күрөшү.

Айсулуу Тыныбекова ушул жылдын февраль айында Таиланддын Бангкок шаарында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медал тагынган.

Быйыл ал экинчи жолу Олимп оюндарында күчүн сынады. 2012-жылы Астанада болгон лицензиялык мелдеште Лондон олимпиадасына жолдомо алып, ал мелдеште 63 килограммга чейинки салмакта таймашкан. Биринчи беттешинде швециялык Хенна Юхенсонго жеңилип байгеден кур калып, 14-орунду алган. Олимпиадага бара турган жылы жаз айларында 17 жаштагы кызды сабаган деп айыпталган. Ал иш сотко өтүп үч айга жакын убакыт соттук териштирүүлөр орун алып машыгуулардан алагды кылган.

Күрөш боюнча эл аралык даражадагы калыс, тарых илимдеринин кандидаты Саитдин Азизбаев Айсулуу тууралуу буларды айтты:

- Жогорку Олимпиадалык оюндарга чейин бүт тепкичтерди басып өттү. Айсулуу өтө такшалган. Айсулууну артында көптөгөн балбан кыздар машыгып аны карап турушат. Андыктан бүткүл эле Кыргызстандын кыздарына, анын ичинде балдарга да тарбиялык мааниси чоң.

​Айсулуу уткан байгелер:

Айсулуу Тыныбекова 2013-жылы жаштар арасында Азия чемпиону болгон. Ушул эле жылы чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда дагы коло медалды тагынган. Ошондой эле Орусиянын Казан шаарында өткөн дүйнөлүк Универсиадада 3-орунду алган.

Айсулуу Тыныбекова
Айсулуу Тыныбекова

2014-жылы ноябрь айында АКШда өткөн New York Open-2014 эл аралык мелдешинде жеңишке жеткен.

2015-жылы Азербайжандын Баку шаарында өткөн Гейдар Алиевдин жаркын элесине арналган “Алтын Гран-при” мелдешинде 2-орунду алган.

2014-2015-жылдары чоңдор арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медал уткан. Бир жылдан кийин бул мелдештин баш байгесин утуп Азия чемпиону болду. Ал кыргызстандык кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча жаштар жана чоңдор арасында алгачкы Азия чемпиону болуп, тарыхта калды.

Рио-де-Жанейро шаарында өтүп жаткан XXXI Олимп оюндарына Кыргызстандан 19 спортчу барган. Бүгүнкү күндө 16 спортчу мелдештерин жыйынтыктады. Алардын арасынан оор атлетчи Иззат Артыков коло медал менен кайтты. 20-августта эркин күрөштөн Айаал Лазарев, 21-августта эркин күрөштөн Магомед Мусаев, 21-августта марафончу Илья Тяпкин беттешке чыгат.

Айсулуу Тыныбекованын март айында Астанада өткөн азиялык-лицензиялык мелдештеги күрөштөрү тууралуу видео баянды сунуш кылабыз.
Айсулуунун Олимп оюндарына жолу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

Айсулуу Тыныбекованын жеңилгенине карабай, аны социалдык тармактардын колдонуучулары колдоп жатканын көрсөтүп, таймаш учурунда сүрөп коштоп турушту.

XS
SM
MD
LG