Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Гомес: Кыргызстан - мен сүйгөн өлкө


Кыргызстанга ашык болгон бразилиялык Рафаэл Гомес. Бишкек, 1-декабрь 2012-жыл.

Кыргызстанга ашык болгон бразилиялык Рафаэл Гомес. Бишкек, 1-декабрь 2012-жыл.

Рафаэл Гомес Борбор Азия таануучу жана журналист. Өзү Түштүк Америкадагы самба бийи жана сериалдары менен атагы чыккан Бразилиянын кулуну. Сан-Паулу шаарында туулуп-өскөн.

​Бразилияда Кыргызстанды "Киргизиштау" (Quirguistão) деп билгендер саналуу. Рафаэл Гомес – өлкөнүн эң ири шаары Сан-Паулуда жашайт. Бишкектен 14 миң 255 чакырым алыста жайгашкан калааны 12 миллион калк байырлайт. Гомес менен Кыргызстанга кандайча барып калганы жана алган таасирлери тууралуу сүйлөшүп отурдук.

"Азаттык": Кыргызстан тууралуу алгачкы жолу качан жана кандайча угуп калдыңыз?

Рафаэл Гомес: Кыргызстан жөнүндө биринчи жолу 1990-жылдардын башында уксам керек. Польшалык журналист Рышард Капущинскийдин (Ryszard Kapuściński) “Империя” деген китебин окугам. Журналист мурдагы Советтер союзун, анын ичинен Кыргызстанды да кыдырып чыккан.

"Азаттык": Деги, Бразилияда Кыргызстан жөнүндө билишеби?

Рафаэл Гомес: Билгендер саналуу эле. “Борат” кинотасмасынан кийин Кыргызстанды коңшу Казакстан менен чаташтыргандар бар. Басымдуусу Борбор Азияда жалаң талибдер жашагандай элестетишет.

Сан-Паулу Бишкектен 14,255 километр алыс.

Сан-Паулу Бишкектен 14,255 километр алыс.

"Азаттык": Кыргызстанга биринчи сапарыңыз сизге кандай таасир калтырды эле?

Рафаэл Гомес: Мен Бишкекке түнкү саат үчтө конгом. Аэропорттон чыгарым менен дароо эле элпек таксисттердин курчоосунда калдым. Тил билбесең мындай мамиледен бир чети чочулайт экенсиң. Шаардын чок ортосундагы Жибек - Жолу көчөсүндө жарык күйбөй, караңгы турганына аябай таң калгам. Эртеси шаарды жөө кыдыргам. Күн аябай ысык болчу. Чамасы 40 градустан жогору болду окшойт, аябай тердеп, жүдөгөм. Бразилияда жайкысын дагы мынчалык күн ачуу тийбейт. Бактыма, парктардын биринен фонтанга туш болдум. Ага түшүп, суу ичип чаңкоомду баскам. Ошол күндөн тарта мага Бишкек абдан жагат. Кыргызстандын бүт аймагын кыдырып чыктым. Акыр-аягында бул өлкөгө ашык болуп калдым.

"Азаттык": Кыргыздар менен бразилиялыктардын ортосунда кандайдыр бир окшоштукту же өтө чоң айырмачылыктарды байкай алдыңызбы?

Рафаэл Гомес: Бир өтө олуттуу окшоштук бар. Бул – достук. Кыргыздар да, бразилиялыктар да түбөлүк дос күтөт. Бирөө менен жакшы достошсоң, өмүр бою чыныгы дос болот. Айырмачылыктар көп. Алардын бири, мисалы, Бразилияда жыныстык мамиле жөнүндө ачык сүйлөшөбүз. Биз – ачык элбиз. Төшөк мамилеси тууралуу ачык сүйлөгөндөн тартынбайбыз. Кыргызстанда бул - жабык тема. Кыргыздар муну сөз кылганды уят деп эсептешет.

"Азаттык": Чет жерде кыйынчылыктарга да туш болсоңуз керек?

Рафаэл Гомес: Албетте. Бир жолу, декабрь айы болчу, кар аябай калың түштү. Мен үшүп, үйгө шашып бараткам. Чүй проспектиси менен Совет көчөсүнүн кесилишинен мас милиция кызматкери токтотуп, паспорт, виза жана каттоо кагаздарымды талап кылды. Мен ага документтеримдин көчүрмөлөрүн көрсөттүм. Бирок милиция кызматкери ажыкызданып тийише баштады. Пара сурады. Мен дагы көгөрүп, “мен сизди түшүнбөйм!" деп орусча, англисче кайталап туруп алдым. Акыры эч нерсе өндүрө албасына көзү жетти окшойт, кое берди. Алтургай экөөбүз англисче "Goodbye!" деп коштошконбуз.

Рио-де-Жанейро

Рио-де-Жанейро

"Азаттык": Борбор Азия таануучу катары, сиздин пикириңизде, Кыргызстандын дүйнөдөгү орду кандай? Кыргызстан менен Бразилия мамилелеринин акыбалы тууралуу айта кетсеңиз.

Рафаэл Гомес: Менин оюмча, Кыргызстан азыр Орусия, Кытай жана Батыштын туткунунда калгандай. Орусия Борбордук Азияны өзүнүн таасири астындагы аймак деп эсептейт. Ал эми Кытайдын Кыргызстанда экономикалык таасири күчтүү. Кытайдын товарлары Кыргызстанга келип, бул өлкө аркылуу башка жактарга, анын ичинде Европага кетет. “Манастагы” авиабаза болбосо Батыштын таасири солгун. Кыргызстан бул капкандан чыгуунун жолдорун табышы керек деп ойлойм. Антпесе мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү чектелип турат. Кыргызстан жаңы өнөктөштөр менен мамиле куруусу жана аны жакшыртуусу зарыл. Ал эми экономикасын диверсификациялашы абзел.

Азыр Бразилиянын дүйнөлүк аброю өсүп, экономикасы өнүгүп жатат. Ортодогу аралыкка карабай Кыргызстанга жардам берүүгө кудрети жетет. Кыргызстандагыдай жаратылыш Бразилияда жок. Айрым бразилиялыктар Кыргызстанга саякат жасаганга абдан куштар. Алардын келиши туризмди өнүктүрүүгө салым кошмок.

"Азаттык": Кыргызстан 20 эле жыл мурда дипломатиялык алака түзгөн Бразилиядан эмнелерди үйрөнө алат?

Рафаэл Гомес: Менин байкашымча, Кыргызстан абдан бөлүнгөн өлкө. Коомдогу түндүк–түштүк ажырымы кадимкидей сезилип турат. Бразилияда дагы бөлүнүү бар. Өлкөнүн түштүк тарабы, түндүккө караганда байгер жашайт. Алар түндүктөн келгендерди жерип турган адат бар. Бирок ал Кыргызстандагы деңгээлге жеткен эмес. “Биздин мекенибиз бир” деген ой менен аймактык жикчилдиктен арылып жатабыз. Экономикалык көрсөткүч жогорулаганы бул көйгөй өзүнөн өзү жоюла баштады десем болот. Түндүктүктөр эми өз жеринде иштеп, байып жатышат.

Бразилия атактуу футболчу Пеленин мекени

Бразилия атактуу футболчу Пеленин мекени

Менин жеке пикиримде, Кыргызстан улуттук азчылыктарга артыкчылык бербей, жөн гана алардын укугун урматтоосу керек. Алар өз тилинде сүйлөөгө укугу бар болгону менен, улуттук азчылыктар Кыргызстанда жашаганын жана кыргызстандык экенин эстен чыгарбашы зарыл. Өкмөт улуттук азчылыктарга коомдо теңтайлашып толук кандуу аралашканга шарт түзгөнү алда канча натыйжа берет. Элдер аймактык айырмачылыктарды кадимки көрүнүш катары кабылдашы керек. Себеби баарынын мекени бир, баары тең бирдей адам!

"Азаттыктын" справкасы: Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан-Бразилия алакалары 1993-жылдын 6-августунда түзүлгөн. Үч жыл мурда расмий Бразилиа (Бразилиянын борбор шаары) Астанада элчилик ачкан. Президент Дилма Русефтин жарлыгы менен дайындалган элчи Деметрио Буэно Карвальо президент Алмазбек Атамбаевге өткөн жылдын октябрь айында ишеним грамотасын тапшырган. Ал эми Бишкекте 2010-жылы Бразилиянын ардактуу консулу болуп ишкер Аскар Салымбеков дайындалган.

Экономикалык маалыматка таянсак, Кыргызстанга тамеки, эт, кофе, бульдозер жана сүттү кайра иштетүү жабдууларын экспорттогон Бразилия менен соода көлөмү 2012-жылы 87% өсүп 4.3 миллион долларды түзгөн.

  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG