Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:34

"Паспорт жаңжалы" боюнча Израилге кысым күчөдү


Дубайдын полициясынын башчысы Дафи Халфан кылмыш үчүн айыпталгандардын сүрөттөрүн 15-февралда көрсөттү

Дубайдын полициясынын башчысы Дафи Халфан кылмыш үчүн айыпталгандардын сүрөттөрүн 15-февралда көрсөттү

Британия менен Ирландия Дубайда адам өлтүрүү боюнча иликтөөлөрүн башташты. Дубайда жакында Палестинадагы “Хамас” кыймылынын жетекчилеринин бирин европалыктардын паспортторун колдонгондор атып кетишкен. Бейшембиде Британиянын Тышкы иштер боюнча бөлүмү маселени талкуулаш үчүн Израилдин Лондондогу элчисин чакырды. Анткени Махмуд Ал Мабхухду Израилдин “Моссад” атайын кызматы жок кылган деген айыптоолр айтылып жаткан.

Кантип Бириккен Арап Эмираттарында британ, ирланд жана француз паспортторун колдонгондор “Хамастын” командирлеринин бирин өлтүрүшкөнүн такташ үчүн Израил тарапка суроо көбөйдү.

Израилдик элчини Лондонго да, Дублинге да сүйлөшүүлөргө чакырышты. Сүйлөшүүдөн кийин Израил тарап эч кандай деле маалымат бере албаганы кошумчаланды.

Франция да өзүндөгү Израил элчилигинен жоопту талап кылганын билдирди.

Британияда паспорт жаңжалын “өзгөчө маанилүү маселе” катары карашууда.

Махмуд Ал Мабхухту январда Дубайдагы мейманкалардын биринде өлтүрүп кетишкен. Жергиликтүү полиция ушул аптада ал кылмышка тиешеси болушу мүмкүн деп шектелгендердин аттарын, сүрөттөрүн жана кайсыл өлкөнүн жарандары экенин айтты.

Азыр 11 адам шектелип жатат. Алты киши Британиянын, үчөө Ирландиянын, ошондой эле Германия менен Франциянын паспортун колдонгон бирден адамдардын ысымдары айтылды. Көрсө чынында эле ошол адамдар бар экен жана көптөрү Израилде жашашат. Алар өздөрү жөнүндө маалыматты бирөөлөр уурдап, жарандыгын колдонушкан дешти.

Махмуд Ал Мабхухту өлтүргөн болушу мүмкүн делгендердин сүрөттөрү
Мисалы, ошол тизмедеги британ жарандарынын баары Израилде жашашат. Алар бул окуяга эч байланышы жоктугун айтышууда. Ошол кишилердин бири Стивен Ходес азыр эми өзүнүн өмүрү үчүн коркуп жатканын билдирди.

“Мен эмне болуп атканын такыр түшүнбөй, дендароо болуп калдым, - деди Израилдеги сыналгыга сүйлөгөн Стивен Ходес. - Алар мени кантип таап алышканын билбейм. Мен жөнүндө маалыматты аларга ким бергенин да түшүнбөдүм. Мен эки жылдан бери Израилден эч жакка чыга элекмин, Дубайда өмүрүмдө болгон эмесмин. Мунун артында ким тураарын билбейм. Азыр аябай коркуп жатам. Ким болсо да, өтө таасирдүү бирөөлөр турса керек”.

Британиянын бийлиги жарандарынын паспортторун кимдир бирөөлөр колдо жасашкан деп ишенет. Премьер-министр Гордон Браун маселенин чоо-жайын тезинен териштирүүнү буйруду. Уюшкан кылмыштуулук боюнча агенттик Дубайда коюлган колдор чыныгы паспорттордогудан айырмаланып турганын ырастады.

Шектелген "Моссад"

Дубайдын өзүнүн полициясы мунун баарынын артында Израилдин “Моссад” деп аталган тыңчы кызматы турса керек деп билдирди.

Бирок Израилдин Тышкы иштер министри Авигдор Либерман алардын атайын кызматы буга тийиштиги бардыгын күбөлөндүргөн эч кандай далил жок экенин айтты. Анткен менен кылмышка алардын тийиштиги бар-жоктугун ырастаган да жок, четке да какпады. “Израилдин саясаты боюнча биз эч качан мындайга жооп бербейбиз: ырастабайбыз да, четке да какпайбыз”, - деп айтты министр.

“Хамас” болсо Мабхухту ким өлтүргөнүн так билээрин билдирди. Шаршембиде 3000 колдоочусу менен аталган куралчан топ Газада демонстрация өткөрдү. Алар Израилдин байрагын өрттөп, Мабхухтун өлүмү үчүн өч алышаарын билдиришти. “Хамастын” аскерий бөлүгүнүн өкүлү Абу Убайда топтолгондорго кайрылып: “Биз бул жерде бүгүн ушул кылмышты жасаган душмандарыбызга “Силерден сөзсүз өч алабыз” деп айтканы топтолдук!”, - деп кыйкырды.

Израилдин “Моссад” кызматы буга чейин да ушуга окшош кылмыштар үчүн айыпталганы бар.

Бейшембиде Бириккен Арап Эмираттарындагы “Ал Баян” гезити Дубайдын полициясынын башчысына шилтеме жасап, “Шектелгендер колдонгон паспорттор жасалма эмес, чыныгы документтер болгонун” жазды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG