Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Лондон: терактка шектүүнүн аты айтылды


Британия полициясы 22-марттагы терактты 52 жаштагы британиялык Халид Масуд аттуу киши ишке ашырганын маалымдады.

Анын алдында “Ислам мамлекети” радикал тобу кол салууну анын “жоокери” аткарганын расмий эмес Амак кабар агенттиги аркылуу билдирген. Масуд бир нече кишини машина менен тебелеп, паралмент имаратын кайтарган полициячыны бычактап өлтүргөндөн кийин тартип коргоочулардын огунан каза тапкан.

Лондон полициясынын 23-марттагы билдирүүсүндө Британияда туулган Халид Масуд башка ысымдарды да пайдаланып жүргөнү, буга чейин Уэст-Мидлендс деген жерде жашап келгени, “атайын кызматтарда анын теракт жасоо ниети тууралуу эч кандай маалымат болбогону” айтылган. Масуд терроизмге байланышкан иштерге айыпталбаганы менен, буга чейин полицияга таанылган. Ал бир нече жолу оор залака алып келген кол салуу жана курал-жарак сактоо, коомдук тартипти бузуу үчүн соттолгон.

Полиция теракт болгон жерде. Лондон. 23-март
Полиция теракт болгон жерде. Лондон. 23-март

Британ бийликтеринин маалыматы боюнча шаршемби күнү Лондондун борборундагы көпүрөдө, парламент имаратынын жанында жөө бараткан кишилерди машинасы менен сүзүп, кийин нөөмөттө турган полициячыны бычактаган шектүү адамдын колунан үч киши өлдү, 40тайы жараланды.

- Кечээги теракт биздин демократиянын оозун басууга аракеттенди, бирок бүгүн биз бул жерде бизге чейинки муундардай жыйналып жатабыз. Жана бизден кийинки муундар да бул салтты улантышат. Бизди коркута албайсыңар, терроризм биздин чечкиндүүлүгүбүздү алсырата албайт, - деди өкмөт башчы Тереза Мэй.

Парламент мүчөлөрү кызмат үстүндө мерт кеткен полициячы Кит Палмер жана бейкүнөө ажал тапкан эки кишини бир мүнөт үн чыкпай эскеришти. Акыркы маалыматтар боюнча террорчунун колунан каза болгондордун бири мектепке балдарын алууга бараткан жергиликтүү аял, экинчиси америкалык турист.

Мерт кеткен полициячы Кит Палмер
Мерт кеткен полициячы Кит Палмер

"Ислам мамлекети” радикал тобу бейшемби күнкү билдирүүсүндө алардын жоокери коалициянын жарандарын бутага алуу чакырыгына жооп катары кол салууну ишке ашырганы айтылган.

Терроризмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Марк Роули кол салууга байланыштуу Лондон, Бирмингем жана бир катар башка жерлерде тинтүүлөр жүргөнүн, сегиз киши камакка алынганын айтып, тергөөнүн чоо-жайы тууралуу башка маалымат берүүдөн баш тартты.

- Ушул маалда элге коркунуч жаралганы жөнүндө маалыматыбыз жок деп так айта кетейин, - деди Роули Лондондогу пресс-конференцияда.

Би-би-си кабарлагандай, кол салууда пайдаланган машина өткөн жумада Бирмингемде, борбор шаардан 165 километрдей алыс жердеги Уэст-Мидлендсте ижарага алынган.

Полиция терактты бир киши аткарганы менен бул ишке дагы башкалар аралашканын да четке кагууга болбойт деп билдирди.

Тереза Мэй
Тереза Мэй

Роули жабыркаган 40тай кишинин 29у ооруканага жеткирилгенин, жетөөнүн абалы оор экенин айтты.

Франциянын өкмөт башчысы Бернар Казнөв жарадар болгондордун арасында Лондонго мектеби менен саякатка барган франциялык үч өспүрүм бар деди. Маалыматтарга караганда дагы бир нече чет өлкөлүк жаран жараат алды.

Окуя болгондо бир аял көпүрөдөн Темза дарыясына кулап кетип, кийин аны куткарышты.

Кол салуу учурунда парламентте премьер-министр Тереза Мэй да бар болчу, аны коопсуздук аскерлери кеңсесине ыкчам алып кетип, кийин ал жерде чукул жыйын өткөрдү.

23-мартта Мэй өкмөт ал окуядан кийин терроризм коркунучунун деңгээлин көтөрбөй турганын кайталады. “Олуттуу” деген чектеги буга чейинки деңгээл кала бермекчи.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG