Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

Британия падышалыгына жаңы мураскор


Букингем сарайында канзаада Уильям уулдуу болгону жөнүндө расмий кабар, 22-июль, 2013

Букингем сарайында канзаада Уильям уулдуу болгону жөнүндө расмий кабар, 22-июль, 2013

Британиянын канзаадасы Уильям уулдуу болду. Кечээ түштөн кийин анын жубайы Кейт Миддлтон 3 килограмм 800 грамм салмактагы ымыркайды аман-эсен төрөдү.

Азыр эне да, бала да саламаттыгы жакшы экени кабарланууда. Канзаада Уильям атасы Чарльздан кийинки тактынын мураскору болуп саналат. Эми анын биринчи перзенти Британ королдугун башкаруу укугу бериле турган үчүнчү адам болуп калды.

Британия эки күндөн бери кубанычка бөлөнүп турган учуру. Азырынча аты да жок бул ымыркайдын мааниси алдыда өлкөнүн тагдыры, тарыхы үчүн зор болоору азыртадан эле айтыла баштады. Анткени эртеби-кечпи баары бир дүйнөдөгү эң бир эски монархиялардын бирин башкара турган адам ушул.

Кейт жана Уильям, Лондон, 6-декабрь, 2012-жыл

Кейт жана Уильям, Лондон, 6-декабрь, 2012-жыл

Британ монархиясында жаңы потенциалдуу мураскордун төрөлүшү ар 30 жылдан тегерегинде бир болуп турганы кызык. Маселен, 1948-жылы азыркы ымыркайдын чоң атасы канзаада Чарльз төрөлгөн, 1982-жылы болсо (34 жылдан кийин) азыркы ымыркайдын атасы канзаада Уильям төрөлдү. Мына эми, андан 31 жылдан кийин аты жок канзаада дүйнөгө келип отурат.

Өлкөнү сүйүнүчкө бөлөгөн бул окуя чоң саясий мааниге да э болгондой болду.

Кечээ, маселен, Британиянын премьер-министри Дэвид Камерон алгач Твиттерден куттуктоо сөзүндө “бул окуяны бүтүн өлкө белгилейт” деп жазган, анын артынан эле таркаткан расмий билдирүсүндө “Ымыркайдын төрөлүшүн британ улутунун турмушундагы маанилүү окуя” деди.

"Азыр эле төрөт үйүнөн сонун кабар келди! Муну бүтүн өлкө, бүтүн шериктештигибиз майрамдап, падышалык үй-бүлөгө жакшылык тилейт деп ишенем. Бул биздин улутубуздун жашоосундагы маанилүү учур, бирок баарынан да, менимче, бул эми эле балалуу болгон ата-эненин бактысы", - деди премьер Камерон.

Бүгүн чыккан гезиттер

Бүгүн чыккан гезиттер

Ал эми АКШнын президенти Барак Обама куттуктоо билдирүүсүндө “Бул ымыркай эки союздаш мамлекет үчүн убаданын жана мүмкүнчүлүктөрдүн мезгилинде төрөлгөнүн” айтты.

Британ мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдөн Австралия менен Канада да заматта куттуктоолорун айтышты.

Жаңылыкка кубанган канзаада Уильям “мындан артык бакыт жок” деген кыска билдирүү таратты. Анын атасы канзаада Чарльз тун небересин көргөнү үчүн “бакытка балкып” турганын жар салды.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG