Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:04

Болгария митингдердин толкунунда


Болгар полициясынын атайын күчтөрү менен митингчилер парламент имаратынын сыртында теришүүдө. София, 23-июль 2013.

Болгар полициясынын атайын күчтөрү менен митингчилер парламент имаратынын сыртында теришүүдө. София, 23-июль 2013.

Болгарияда 40 күндөн бери өкмөткө каршы нааразылык акциялар уланууда.

Парламенттин имаратынан депутаттар, министрлер жана журналисттер болуп, 100дөн ашуун адамды чыгарбай жаткан митингчилер бүгүн таңга жуук полициянын атайын күчтөрүнүн кысымы астында жолду ачты жана камоодогулар бошотулду. Алар 8 сааттан узак убакыт парламенттен эч кимди чыгарбай, өкмөттүн кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Полиция кечээ кечинде депутаттарды автобуска жүктөп чыгып кетмек болгондо, демонстранттар: “Мафия”, “Кызматтан кет!” деп кыйкырышып, автобуска бөтөлкөлөрдү, полицияга таш ыргытып, жолду ачкан эмес. Тирешүүдө сегиз митингчи жана эки полициячы жараат алды.

Ички иштер министри Цветлин Йовчев бүгүн полицияга сабырдуулук менен аракеттенип, кырдаалды көзөмөлгө алганы үчүн ыраазычылыгын билдирди:

- Полиция мыкты жумуш жасады. Биз олуттуу бейбаштык аракеттерге күбө болдук. Депутаттарга жана полицияга кол салынды. Ага карабай, полиция рухун бийик кармады. Алар кырдаалды колдон чыгарбаганын элдин баары көрдү деп ойлойм.

Министр, ошондой эле, элди тынчтыкка чакырды. Демонстранттар болсо парламенттин айланасындагы таштандылар салчу контейнерлер, көчө белгилери жана жолго төшөлчү таштардан курулган тосмолорду тазалоого киришти.

Антиөкмөттүк акция 40 күн илгери 32 жаштагы медиамагнат Делян Пеевский улуттук коопсуздук кызматынын башчылыгына дайындалгандан кийин башталган. 19-июнда Пеевскийди парламент кызматтан алганына карабай, бийликке нааразылык митинги токтогон жок. Күн сайын уланган тынч демонстрациянын катышуучулары өкмөттөн сабатсыз, коррупциячыл жана үй-бүлөлүк башкарууну токтотууну, өлкөнү жакырчылыктан алып чыгуу үчүн кеңири реформаны жүргүзүүнү талап кылышууда.

Еврокомиссия да Болгарияны коррупцияга каршы күрөштүн өтөсүнө чыкпады, сот системасын реформалай албады деп үзбөй сындап келет. Шаршемби күнү Европа биримдигинин юстиция боюнча комиссары Вивиане Рединг нааразылыкка чыккан элди колдоду.

“Технократ” Пламен Орешарскийдин өкмөтү быйыл майда кезексиз шайлоонун натыйжасында бийликке келген. Көпчүлүк серепчилер социалисттер, улутчулдар жана болгар-түрктөрдүн партиясы кирген өкмөт 4 жыл турарына ишенишпейт.

Болгариядагы көчө жүрүштөр электр энергиясына баа эки эсе өскөндөн кийин башталып, февралда Бойко Борисовдун өкмөтү отставкага кеткен болчу.

Өкмөткө каршы митингдин катышуучулары парламенттен депутаттарды чыгарып кетмек болгон полициячыларга шише жана башка буюмдарды ыргытууда. Софи, 24-июль, 2013

Өкмөткө каршы митингдин катышуучулары парламенттен депутаттарды чыгарып кетмек болгон полициячыларга шише жана башка буюмдарды ыргытууда. Софи, 24-июль, 2013

Болгария - Евробиримдиктин эң жарды өлкөсү. Элдин жашоо деңгээли орто европалык көрсөткүчтөн 50 процентине да жетпейт. Балдардын төрөлүүсү 1945-жылдын деңгээлине түшүп кеткен.

Софияда англис тилинде чыкчу Standart гезитинин жазышынча, Болгариянын экономикасында төрт жылдан бери өсүш жок. Бирок Эл аралык валюта фонду былтыр ички дүң жыйым 1 процентке өскөнүн билдирген. Быйыл беш айда чет элдик инвестиция өткөн жылга салыштырмалуу 430 млн. еврого, кыймылсыз мүлктү сатып алуу 46 млн. еврго азайган.

Евростаттын маалыматына ылайык, 2012-жылы болгар жаштардын 28 проценти жумушсуз жүргөн. Бул көрсөткүч кризистин сазындагы Грекия жана Испанияда 2 эсеге дээрлик жогору болсо, экономикасы мыкты абалдагы Германияда 8, 1 процентти түзгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG