Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Француз бийлиги Каледеги качкындар лагерин бузууга киришти


Көчүрүлүп жаткан качкындар менен мигранттар. 24-октябрь, 2016-жыл.
Көчүрүлүп жаткан качкындар менен мигранттар. 24-октябрь, 2016-жыл.

Француз бийлиги бүгүн Кале шаарынын жака белиндеги мигранттар лагерин буза баштайт. Дүйшөмбүдө “Жунгли” деп аталган лагерди ал жакта отурукташкан качкындардан тазалоо операциясы ишке кирген.

25-октябрда жасаган билдирүүсүндө полиция 2300дөй адам өлкөнүн башка аймактарындагы борборлорго жөнөтүлгөнүн маалымдады.

Мигранттар өз алдынча тигип алган чатырларды бузуу бул операциянын кийинки этабы. Бүгүн ал жакка бульдозерлер жөнөтүлөрү маалым болду.

Британиянын Ички иштер министри Эмбер Радд Лондон лагерди тазалоо жана Каледеги чек ара көзөмөлүн күчөтүү операциясына 40 миллион евро бөлгөнүн билдирди.

Ла Манш кысыгындагы Евротуннел аркылуу Британияга өтүп кетүү максатында Жакынкы Чыгыш менен Африка өлкөлөрүнөн ар кандай жолдор менен келген качкындардын саны бул жерде 6,5 - 7 миңге жетип калган.

XS
SM
MD
LG