Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Болгария диктатордон айрылганына жыйырма жыл толду


Болгариянын Коммунисттик партиясын отуз жылдан ашуун убакыт башкарган жана Балкан чөлкөмүнүн кезинде СССР таянган саясий ишмерлеринин бири катары эсептелген Тодор Живков бийликтен 1989-жылдын 10-ноябрында партия ичиндеги төңкөрүш аркылуу кулатылган. Бул окуя Чыгыш Германияда Берлин дубалы кулагандын эртеси болгон эле. Живков бийликтен кулатылган соң болгар компартиясынын биринчи катчылыгына келген мурдагы тышкы иштер министри Петр Младенов режимдин биротоло кыйрашына алып барган чараларды көрүп, Болгария алгачкы демократиялык шайлоосун 1990-жылы өткөргөн. Живков болсо Софияда 1998-жылы 86 жаш курагында дүйнөдөн өттү. Ал эми Болгария 2004 –жылы НАТОнун, 2007-жылы Евробиримдиктин мүчөлүгүнө алынды.

XS
SM
MD
LG