Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:32

Франция Румыния менен Болгариянын Шенгенге кошулуусуна каршы


Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус анын өлкөсү Румыния жана Болгариянын Шенген аймагына кошулуусуна каршы экенин айтып чыкты.

Фабиустун айтымында, эгер аты аталган эки мамлекет паспортсуз жүрүүгө уруксат берген Шенген келишимине кошулса, анда Еврошаркетке кирбеген өлкөлөрдүн жарандарына Румыния жана Болгария аркылуу Шаркеттин чек арасын мыйзамсыз өткөнгө шарт түзөт. Француз тышкы иштер министринин айтканы өлкөдө румыниялык жана болгариялык цыгандардын укугу кызуу талкууланып турган чакка туш келди.

Өткөн жума Франциянын ички иштер министри Мануэл Вальс цыгандар француз коому менен камыр-жумур жашай албасын, алардын баарын кармап, мекенине кайтаруу керектигин айткан. Румыния жана Болгария Еврошаркетке 2007-жылы кирген жана Шенген аймагына 2014-жылдын январында Шаркеттин бардык мүчөлөрү добуш бергенден кийин кошула алат.

XS
SM
MD
LG